Кыргызстан эмне үчүн АКШнын "кара тизмесине" кирди?

Трамптын администрациясы адегенде жети мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын администрациясы адегенде жети мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган

АКШ Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карт берүүнү токтотту. Эксперттер Кыргызстан АКШнын талаптарын аткарып, бул чектөөдөн чыкса болот дешет.

Чектөө АКШ аймагында жашап, иштейм дегендерге киргизилди. Туристтик виза менен бизнес жасоо үчүн визага тыюу жок.

"АКШ коопсуз өлкө болуш керек"

АКШ президенти Дональд Трамп январда Давоско болгон сапары учурунда ал мурда баштаган иммиграциялык саясатын улантаарын айткан.

"Америка бизнес жасай турган жер. Андыктан Америкага жаңылык киргизүү, ойлоп табуу жана куруу үчүн келгиле", - деген Трамп анын өлкөсү коопсуз болуш керектигин айтты.

Трамп иммиграциялык саясат анын артыкчылык берген иши экенин, ал аны коопсуздук үчүн катаалдатаарын шайлоого чейинки үгүт учурунда да, президент болгондон кийин да айтып келатат.

Ошентип АКШнын "кара тизмесине" кирген мамлекеттердин арасында Нигерия, Судан, Танзания, Эритрея, Мьянма менен катар Кыргызстан бар.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кыргызстандыктардын АКШга киришин чектөө кыргыз паспортунун сапатына байланыштуу деди.

"Бир канча убактан бери биз сиздердин өкмөтүңүздөр менен паспорттун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризмге байланыштуу маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдарды тезирээк ишке ашырууга түртөт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон бул максаттардын аткарылышын улам анализдеп турат. Бул чектөө жакын арада алынат деп үмүт кылам", - деди өз кайрылуусунда элчи.

АКШнын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Чад Вулф өлкөлөрдүн жаңы тизмеси дээрлик бир жылдык анализдерден кийин түзүлгөн деди.

Трамп иммиграцияга көңүл бураарын шайлоого чейинки үгүт иштеринде да басым жасаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп иммиграцияга көңүл бураарын шайлоого чейинки үгүт иштеринде да басым жасаган

2018-жылы март айында АКШ администрациясы 200 өлкөнүн өкмөтүнө бир катар суроолорду жиберген.

Суроолор төмөнкү маселелерге тиешелүү болчу:

-Терроризмге каршы күрөшүүдө АКШ менен кызматташуу;

-Чалгындоодогу маалыматтарды алмашуу;

-Өз жарандарына берилген паспорттун маалыматтарын алмашуу;

АКШ суроо узаткан мамлекеттер ошондой эле терроризм коркунучуна өз алдынча баа бериш керек болчу.

2017-жылы Трамп жети мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган эле.

Ал тизмеге Иран, Ирак, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали кирген болчу.

Коопсуздук чарасын көргөн Трамптын администрациясы бул тизмени улам узартып келатат.

"Терроризм менен биз да күрөшүп жатабыз"

Вашингтондун мындай чечимине өкүнүчүн билдирген Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратты. ТИМ мамлекет Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашууга аракет кылганын, терроризм менен күрөшүүдө дүйнөгө алгылыктуу салым кошуп келатканын билдирди.

АКШ ансыз да кыргызстандыктарга виза берүүнү кескин кыскарткан. АКШнын Бишкектеги элчилиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ ансыз да кыргызстандыктарга виза берүүнү кескин кыскарткан. АКШнын Бишкектеги элчилиги

"Биометрикалык паспорт киргизиле элек 80ден ашык өлкөдөн тандалып айрым гана мамлекеттерге чектөө коюлду. Бул Кыргызстанда ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны колдоо өнөктөштүгү түшүнүгүнө туура келбейт", - деп белгиленет ТИМ тараткан билдирүүдө.

Дипломатиялык орган Американын чарасы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө дал келбей турганын кошумчалады.

"Кара тизмеден" чыкса болот

Американын Кыргызстандын жарандарына киргизген чектөөсүн эки түрдүү чечмелеген эксперттер бар. Биринчи топ эки тараптын мамилесине байланыштырса, экинчи топтогулар бул АКШнын ички маселесине гана тиешелүү, ал өз коопсуздугун ойлоп жатат дешет.

Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Кадыр Токтогулов экинчи пикирди карманат.

"Негизи 2019-жылы паспорт чыры абдан катуу болду. Канча паспорт мыйзамсыз берилгени тууралуу маалыматтар чыгып жатты. Канча паспорт мыйзамсыз берилгенин, жоголгонун же уурдалганын АКШга, башка мамлекеттерге деле берип туруш керек. Аларга шектүү жаран келип калса, паспорту жараксыз экенин билиш керек. Биометрикалы паспорт берүүну баштаса, менимче бул маселе чечилет. Эми Америкага таарынычты айтуу учуру эмес, болоору болду. Биздин мамлекеттик органдар чогуу иштеп, бул маселени чечиш керек жана чече алат деп ойлойм.", - деген элчи бул абал жоюлбаса кыргызстандыктарга, айрыкча жакындары штаттарда жашагандарга оор болоорун кошумчалады.

Токтогулов акыркы жылдары кыргызстандыктар туристтик визаны деле оңой алалбай калганын белгилеп, мындан ары да жеңил болбойт деди.

2013-жылы АКШга виза үчүн кайрылган кыргызстандыктардын 25 пайызы алалбаса, 2019-жылы кайрылгандардын 67 пайыздан ашыгына виза берилген эмес.

Ак үй

Биометрикалык паспорт берүү коррупция чыры менен аралашып, азыр токтоп турат.

Келишими жок алака

АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин Кыргызстан 2015-жылы бир тараптуу денонсациялады. Ушу тапта жаңы келишим даярдалып жатат деген маалыматтар бар.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан АКШнын коопсуздугу үчүн коркунуч деп эсептебейт. Ал Кыргызстандын АКШга карата саясатында кемчилик көрбөгөн менен дипломатияны жаңы деңгээлге чыгарыш керек деди.

"Жанындагы өлкөлөр менен жакын мамиле кылуу - бул, табигый көрүнүш. Биз КМШ өлкөлөрү, ЕАЭБдеги жана коңшу мамлекеттер менен тарыхыбыз бир, соода сатыгыбыз жолго коюлуп калган. Орусияда 500 миңден ашык жараныбыз бар. Бирок өз кызыкчылыгыбызга жараша бардык мамлекеттер менен мамиле кылганга аракет кылыш керек. АКШ экономика, илим жана технология жагынан биринчи өнүгүп жаткан өлкө. Ошондуктан алар менен жаңы деңгээлдеги келишим түзүп, керек болсо, өкмөт башчынын, президенттин расмий сапарын уюштурсак жакшы болмок", - деди Казакбаев.

АКШда жашоо укугун алган кыргызстандыктардын саны 2016-жылга чейин өсүп келген, 2010-жылы 507 киши алган болсо, 2016-жылы 847 кыргызстандык АКШда жашоого уруксат алган.