You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бирөөңдө да галстук жок": Бийлик өкүлдөрүнүн сынга кабылган сөздөрү
Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра курчуп, көпчүлүктүн көңүлү Баткенге бурулду. Бирок ушундай кырдаалда айтылган өкмөттүн айрым өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү коомчулукта сынга кабылууда.
15-январда Баткендин Тажикстан менен чек аралаш айылдарынын тургундары Бишкекке келип, Жогорку Кеңеш имаратынын алдына митинг өткөргөн. Алар чек ара маселесин чечүүнү талап кылган эле.
17-январда чек ара маселеси боюнча Баткенде өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге катышкан айыл өкмөт башчылары тууралуу айтып, айрым жеригилктүү бийлик өкүлдөрүнүн тууган-уругу митингге барганы үчүн каарыган. Бул дароо эле коомчулукта реакцияларды жаратты.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев: "Кыш чилдеде Баткенден келип Акүй алдына чек ара проблемасын айтып келген элди, вице-премьер министр акчага жалдангандар деп атады. Бул өз элин мазактоо! Тез арада чиновник элден кечирим сурасын!",-деп парламент трибунасынан туруп билдирүү жасады.
Ушул эле жыйында Ж.Разаковдун: "Биз бул жакта чек араны бир метрине чейин талашып жатканда, кээ бирлери үйүн сатып коюп чыгып кетип жатат. Бул эмне деген көрүнүш? Муну элге алып чыгыш керек, эл айтыш керек, айылдык кеңештин депуттаттары айыл башчы, аким ошол жер жерлеринде жыйын өткөрүш керек. Үйдү саткандыгың бул чыккынчылык. Мамлекетке болгон чыккынчылыгың деп айтышыңыздар керек. Ал жумушту деле кылбай жатасыздар",-деген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганы дагы көбүнө жага бербеди.
Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков президентке кайрылып, мындай билдирүүлөрү үчүн өкмөт өкүлдөрүнө чара көрүүнү талап кылды.
Депутат айтып жаткан "галстук" тууралуу сөз өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун окутуучулары менен жолуккан учурунда болгон экен. Коомдук сайттарга тараган видеодон:
"Адам биринчи өзүнөн башташ керек. Силер мугалимсиңер, бүт мугалимдер менен учурашып жатам, бирөөңдө галстук жок. Азыр ишпи десем, иш деп жатасыңар. Анан эмне үчүн галстугу жок жүрөсүңөр?",-деп өкмөттүн өкүлү окуу жайдын мугалимдерин тилдеп жатканын көрүүгө болот.
Өткөн апталарда биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун "элдин жашоо-шарты жакшырды, эшек минген айылда киши калбады" деген сөзү катуу талкууга түшкөнү бар. Өкмөт бул айтылгандар боюнча комментарий бере элек.
Парламентте вице-спикер Мирлан Бакировдун Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү тууралуу маселе көтөрүп жатып, "бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды" ошол жакка жөнөтүү керек деп айтканы дагы коомдук сайттарда талкууга түшүп, айрымдары муну шакаба сүрөттөр менен сынга алууда. (AbA)