"Сапат" лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү аракети болдубу?

Сүрөттүн булагы, President.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту "Сапат" билим берүү мекемесинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу Башкы прокуратуранын токтомун мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова билдирди.
Түркиянын жарандары жана "Сапат" лицейинин кызматкерлери Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди жоопко тартуу үчүн Түркияга жөнөтүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан токтом чыккан. Түркиянын жарандары токтомду жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Учурда Түркиянын эки жараны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.
Түркия буга чейин дагы мурдагы "Себат" азыр "Сапат" деп аталган билим берүү мекеменин кызматкерлерин өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Сүрөттүн булагы, facebook/sema/osh
Ушул жылдын май айында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Орозо учурунда муфтият уюштурган ооз ачууга барып, "Сапат" билим берүү мекемелерин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды бирге чакырылганы үчүн ачууланган. Элчи Женгиз Камил Фырат муфтийди баш кылып кекетип, " Түркияны же террорчу уюмду тандагыла" деп, ресторандан чыгып кеткен.
"Себат" билим берүү мекемелерине убагында динаятчы Фетхуллах Гүлендин таасири чоң болгону белгилүү. 2016-жылы жай айында Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле. Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен жана анын "Хизмет" кыймылы турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди "террордук уюмдун" лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.
"Сапат" билим берүү мекемеси болсо "Себат" деген аталыш менен Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түркиядагы 2016-жылкы окуялардан кийин анын аты "Сапат" болуп өзгөрүлгөн. Мекеменин 30 пайыз үлүшү Кыргызтанга таандык. Учурда "Сапат" лицейлери өлкөнүн алдыңкы мектептеринин бири катары саналат.
2018-жылы Эрдоган түрк тилдүү өлкөлөрдүн кезектеги саммитине Бишкекке келгенде "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча маселе кайрадан көтөргөн. Буга жооп кылып, Сооронбай Жээнбеков "Сапат" окуу жайлары мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркиянын чет өлкөдөгү аракеттери
Түркия бийлиги Гүлендин кыймылын жок кылуу аракетин өз өлкөсүндө жүргүзүү менен эле чектелген жок. Алар динаятчы менен байланышы бар башка өлкөлөрдөгү окуу жайлардын баарын жаптыруу аракетин көрүп келет. Ал аз келгенсип, Гүлен кыймылына тиешеси бар деп шектелгендер чет өлкөлөрдөн "уурдалып" кетүүдө.
Түркиянын бийлиги коопсуздук кызматтары 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине катыштыгы болгон деп шектелген 80 адамды 18 башка мамлекеттен алып келгенин маалымдаган.
2016-жылкы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. Гүленди колдогон деген шек менен 80 миңге чукул мамлекеттик кызматкерлер: арасында аскер адамдары, соттор, полиция кызматкерлери, жогорку окуу жайларда иштегендер, журналисттер кызматынан четтетилген. Он миңдеген кишилер камакка алынган.








