You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Bellingcat Саймаитинин өлүмүн иликтеди
Bellingcat эл аралык изилдөө тобу уйгур тектүү кытай ишкери Саймаитинин Стамбулдагы өлүмү боюнча иликтөө жүргүздү. Изилдөө тобу иликтөөсүн "Үмүт 2020" кыймылы менен бирге ишке ашырган.
Bellingcat Саймаитинин Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоков менен байланышын караган. Изилдөө тобу Саймаити 2017-жылы июнь айында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөгө жарыяланганын белгилейт. Бирок 2019-жылы февраль айында Саймаити Сопоков менен бирге түшкөн сүрөтү "Инстаграм" баракчасына ачык эле жарыялаган.
Bellingcat "жогорку кызматтагы кыргыз расмийи ишкер издөөдө экенин кантип билбей калган" деген суроо жолдойт.
Саймаитинин өлүмү боюнча чуу чыккандан кийин Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.
"2019-жылдын октябрында Э.Сопоков транспорт каражатын каттоодон чыгарып, дипломатиялык номерди тапшыруу боюнча процедураларды бузуу менен «Рейндж Ровер» үлгүсүндөгү унаасын «Рамадан туризм» автосалонуна сатыкка койгон. Жогоруда көрсөтүлгөн унаа эмне үчүн Кытай жараны А. Саймаити өлтүрүлгөн жерде болуп калганын Э.Сопоков түшүндүрүп бере алган жок",-деп айтылган эле Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.
Буга чейин дагы консул жол эрежелерин жана транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузганы үчүн эскертүү алганы кошумчалаган. Ошондой эле Башкы прокуратура Сопоковдун 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаганын да таап чыккан экен.
Бул ишти иликтөө үчүн Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана УКМКдан өкүлдөр кирген атайын жумушчу топ түзүлдү. Сопоков дипломатиялык номерди тапшыруу боюнча процедураларды бузуп, бир ай мурун транспорт каражатын каттоодон чыгарган. "Рейндж Ровер" үлгүсүндөгү унаасын ал "Рамадан туризм" автосалонуна сатыкка койгон.
Кыргыз-түрк расмийлеринин шектүү байланышы
Bellingcat тобу Саймаитинин өлүмү Кыргызстан менен Түркиянын жогорку даражадагы расмийлеринин шектүү байланышын ашкереледи деп жазат.
Коомдук медиадагы жеке ишкердин баракчасын иликтеген топ, Саймаити издөөдө жүргөнүнө карабастан, Кыргызстан менен Түркияда ишкерлигин улантып жүргөнү, ал тургай айрым расмийлер менен жолугуп, сүрөттөрүн ачык жарыялаганы шек жаратат деген пикирде.