Айдоочу: Эреже бузганымды эстедим, унутсаң талаш чыкчудай

Бишкек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкекте жол эрежесин бузуп, көчө камераларына катталгандарга алгачкы айып кагаздар келе баштады. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенине бир ай толду. Буга чейин бир нече күн бою катталган эреже бузуулар бүт өчүрүлүп, 4-марттан тарта жаңы эсеп башталган эле.

Бишкек тургуну Темирлан Сарлыкбек уулу жол эрежесин бузганы жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алды. Эми үч миң сом айып пул төлөгөнү турат:

"Мен эреже бузганымды эстедим. Эгер эстебеген болсоң, кай жерде кандай эреже бузганынды бул кагаздан түшүнүү оор экен".

Айыппул төлөй турган шаар тургунун видеосун бул шилтемеден көрүңүз:

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Мыйзам боюнча он беш күндүн ичинде төлөсө, салынган айыптын 50% гана төлөгөнгө жеңилдик бар. Айып пулду банктан же терминалдар аркылуу да төлөсө болот.

ИИМ эмне дейт?

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов өз кезегинде баардык эреже бузууга кынтыксыз далил бар деп жатат.

Милициянын жообун бул видеодон көрүңүз:

Видеонун түшүндүрмөсү, "Коопсуз шаар": колго тийген алгачкы айып кагаздары