Кыргызстанда аялдар энелик клеткаларын кантип сактай алат?

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда эми эркектердин гана уругун эмес, аялдардын дагы энелик клеткаларын сактоого мүмкүн боло баштады. Аларды тоңдуруп коюп, кийин каалаган учурда аны балалуу болуу үчүн колдонсо болот.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Бул Дьюардын идиши же жөнөкөйлөштүрүп термос деп койсо болот. Сыртынан кадимки флягага окшогону менен ичинде жүздөгөн кишилердин уруктары, энелик клеткалары жана түйүлдүктөрү тоңуп турат.

Уруктар 200 °C чейинки муздактыкта тоңуп турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уруктар 200 °C чейинки муздактыкта тоңуп турат

"Мына бул азот суюктугу. Колумдагы урукту сактоочу технология. Ал атайын бөлүмдөрдөн жана сандыкчалардан турат. Ар бир сандыкчага бейтаптын жеке номуру жана аты жөнү жазылып, каттоого алынат. Андыктан алмашып кетүү коркунучу жок",- деди дарыгер Канат Абеков.

Cперматозоидди жана энелик клеткаларды туура температурада сактоо керек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Cперматозоидди жана энелик клеткаларды туура температурада сактоо керек

Кыргызстанда түйүлдүктү жана эркектердин уругун тоңдуруу мындан бир нече жыл мурун эле мүмкүн боло баштаган. Ал эми аялдардын энелик клеткаларын сактоо 2-3 жылдан бери гана ишке аша баштады.

"Учурда улан-кыздарыбыз эрте турмуш курууга умтулбайт. Иштеп, бутунан турганда гана бул нерсени ойлоно баштайт. Ал эми кыздардын жашы өткөн сайын эне болуу мүмкүнчүлүгү азаят. Аялдар энелик клеткаларын тоңдуруп коюу менен кийин өзү каалаганда колдонсо болот. Андан тышкары катуу ооруга чалдыгып, ден-соолугуна олуттуу зыян алып келчү жумушта иштеген эркектер үчүн дагы бул өтө керектүү нерсе"- дейт профессор Гүлнара Асымбекова.

Канат Абеков дарыгер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канат Абеков дарыгер

Cперматозоидди жана энелик клеткаларды узак жылдарга чейин деле тоңдуруп койсо болот. Ал үчүн туура температурада кармоо өтө маанилүү.

Кыргызстанда аялдардын энелик клеткаларын сактоо 2-3 жылдан бери гана ишке аша баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда аялдардын энелик клеткаларын сактоо 2-3 жылдан бери гана ишке аша баштады

"Кооптонуунун кажети жок. Уруктар 200 °C чейинки муздактыкта тоңуп турат. Анын 70 пайызы тирүү калат. Бирок аял канчалык жаш болсо, анын энелик клеткалары дагы ошончо сапаттуу болот. Андыктан отуз беш жашка чейинки энелик клеткаларды тоңдуруу өтө маанилүү. Ал эми эркектерге чек жок, кааласа элүү, алтымыш жашында деле кайрылса боло берет", -деди Асымбекова.

Кыргызстанда эркектин уруктарын жана энелик клеткаларды сактоого мамлекеттик көзөмөлгө алынган клиникаларда гана уруксат берилген.