You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Санариптик кызматты айылдарга жеткирүү аракети
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
2019-жылы өлкөнүн көпчүлүк айылдарына интернет була-оптикалык кабелдерди жеткирүү иштери башталат. Өткөн жылдын соңунда бул багытта Жогорку Кеңеш Digital CASA долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну колдоп берген. Анын алкагында Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирген.
Аймактарды санариптештирүү боюнча кандай иштер аткарылды?
Соңку жылдары өлкөнү санариптештирүү өкмөттүн эң негизги багыттарынын бири болуп калды. Бирок кызмат көрсөтүүлөрдү электрондоштуруу чоң шаарларда гана жүргүзүлүп жатканы байкалат. Ал эми аймактарды санариптештирүү, аларга шарт түзүп берүү дале чоң көйгөй бойдон калууда.
"Айылдарга интернет кийирмейин санарип тууралуу сөз кылуу өтө оор болот. Учурда район борборлоруна чейин оптикалык кабелдер кирген. Эми аны айылдарга жеткирүү керек. Быйыл ар бир айылга оптикалык кабелдерди киргизүү боюнча иш жүргүзөбүз",- деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов.
Буга чейин жыйырмага жакын айыл өкмөттөр санариптештирилген системаны колдонуп келген. Система донорлордун жардамы менен иштелип чыккан. Учурда алардын тажрыйбасын башка айыл өкмөттөргө дагы жайылтуу аракеттери көрүлүп жатат. Андан тышкары региондордогу инфаструктураны модернизациялоо багытында атайын эксперттер изилдөө иштерин баштады.
"2019-жылы бирдиктүү санариптик платформалар иштелип чыгат. Анын эң негизги бөлүгү санариптик аймак платформасы. Ал өзүнө 453 айыл өкмөтүн, 31 мэриясын камтыган бирдиктүү система болот. Бул муниципалдык кызматтардын жана башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт",- деди президенттин кеңешчиси Дастан Догоев.
Адистердин айтымында, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлердин билим-деңгээлин жогорулатуу санариптештирүүдөгү көңүл буруучу эң негизги маселелердин бири. 2018-жылы региондордон бир жарым миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окуудан өткөн. Бул багытта жарандарга дагы жеткиликтүү деңгээлде маалымат берилип туруусу зарыл.
"Кандай гана санариптик технология болбосун, ал жарандардын жашоосунун жакшыруусуна шарт түзбөсө, ага карапайым элди көндүрүү кыйын. Маселен, кайсыл бир айылда жашаган дыйкан өзүнүн өндүргөн продукциясын үйүндө жатып эле интернет аркылуу сатууга мүмкүн экенин түшүнүүсү керек. Мына ошондо гана аймактарды санариптештирүү өз максатына жеткен болот",- деди Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов.
Учурда жарандарга 25 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук портал аркылуу жүрүп жатат. Ошондой эле мамлекет башчы жылдын аягына чейин 189 кызматты электрондук форматка өткөрүүнү тапшырган.
Белгилей кетсек, президент Жээнбеков 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяган.