"Коопсуз шаар" бюджет толтуруунун булагына айланбайбы?

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 12-февралдан тарта жол эрежесин бузуу фактылары каттоого алына баштайт. Орнотулган камералар жол эрежесин бузууларды күнү-түнү жазып турат. Ошондой эле айдоочулардын унаа номерин жашырып өтүүсүнө жол берилбейт. Кандай учур болбосун камера эреже бузгандарды каттап, аныктай алат.

Алты жылдан ашык убакыттан бери алдыга жылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы эмдиги айыда ишке кирет деп айтылууда. Учурда Абдрахманов-Бөкөмбаев көчөлөрүнүн кесилишине тесттик режимде коюлган камералар иштеп жатат. Ал эми 12-февралга чейин Бишекек жолдорунун он кесилиши видео көзөмөлгө алынат.

"Келишимге 2018-жылдын 12-ноябрында кол коюлган. 25-ноябрдан тарта керектүү жабдыктар келе баштады. Биринчи этап 4 фазага бөлүнгөн. Биринчи фаза боюнча он кесилишке жабдыктар келди. Учурда инженердик-техникалык жумуштар аяктап калды. Эң негизгиси, автоматташтырылган система боюнча интергация болуп жатат. Экинчи этап боюнча учурда 230 жай аныкталды. Керектүү документтер даяр, жакын арада сынак жарыяланат", -деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршенбиев.

Долбоордун алкагында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине камералар орнотулат:

1. Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары;

2. Чүй - Юлиус Фучик;

3. Чүй - Бүбүсара Бейшеналиева;

4. Жибек Жолу - Юлиус Фучик;

5. Чүй - Жаш Гвардия бульвары;

6. Жоомарт Бөкөнбаев - Жусуп Абдрахманов;

7. Жибек Жолу - Жусуп Абдрахманов;

8. Чүй - Курманжан Датка;

9. Москва - Жусуп Абдрахманов;

10. Максим Горький - 7-апрель.

Коомдун сынына кабылган "Коопсуз шаар"

"Коопсуз шаар" коомдун сынына кабылган өкмөттүн эң ийгиликсиз долбоорлорунун бири катары айтылып келет. Тендерден жеңип чыккан "Вега" ишканасы жана алар сунуштаган жабдыктар боюнча сындар дале токтой элек.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков буга чейин "Вега" компаниясынын атынан тендерге эки кыргыз жараны катышканын айтып чыккан эле. Ал мындай жагдай долбоордун артында мандемдүү суроолор бар экенинен кабар берет деди.

"Бүгүнкү күндө өкмөт колдоп, менин айрым кесиптештерим коргоп келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоору өтө кооптуу долбоор. Документтерди карай турган болсок, мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Эл үчүн экспертти жалдаштын кереги жок. Булар долбоорду ушунчалык мыйзам бузуу жолу менен ишке ашырганы турат. Соттун чечими күчүнө кире электе келишимди күчүнө киргизип коюшту. Анысы аз келгенсип үлүштөрдү бөлүшүп алышыптыр, айыппулдардын 30 пайызын мэрия, 20 пайызын ИИМ, 5 пайызын УКМК алат экен. Муну кандай түшүнсө болот?",- деген эле депутат.

Буга чейин орнотулган камералар кайда?

Ал эми жарандык активист Рита Карасартова "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу азыр деле чабал жүрүп жатат деген пикирде. Өкмөт жол эрежесин бузуу фактыларын каттоого алуудан мурун, жолдорду оңдоо, белгилерди орнотуу иштерин катуу көзөмөлгө алуусу керек эле. Ошондой эле ал, долбоордун бул ирет дагы багы ачылбай, өмүрү өкмөттүкүндөй эле кыска болуп калышы ыктымал деп кооптонууда:

"Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда дагы үч чоң кесилишке камера орнотулган. Ошол көзөмөл жүргүзүүчү жабдыктар эмне болду? Жол эрежесин бузган канча факты катталды? Тилекке каршы жымжырт болуп эле токтоп калды. Ал эми ага бюджеттен каражат кеткен да. Эмнеге азыркы өкмөт ошол үч камераны беш кылып көбөйтүп, андан-ары улап кеткен жок. Эми Абылгазиев иштен кетсе азыркы иштер дагы токтойбу? Бизде бир өкмөттүн ишин экинчи өкмөт улап кетпейт. Бул адатка айланып бара жатат".

"Коопсуз шаар" сыяктуу долбоор коңшу Казакстан менен Тажикстанда ишке ашырылган. Кыргыз өкмөтү бул багытта Москванын тажрыйбасын жактырып колдонууда. Бирок Орусиянын жолдорун видео-көзөмөлгө алууда дагы сын айткандар жок эмес. Айрым орусиялык эксперттер өлкөнүн көчөлөрүнө орнотулган көзөмөл камералар жол кырсыгын азайтуунун эмес, бюджетке акча топтоонун бир жолу болуп калган деп сындап келишет.

Ал эми бул багытта Москванын тажрыйбасын колдоп жаткан Кыргызстан үчүн дагы мындай маселе жаралбайбы деген күмөндүү ой туулат.

"Коопсуз шаар" бюджетти гана толтуруу үчүн көрүлүп жаткан аракет деп айтуудан алысмын. Эгер долбоорду жакшы ишке ашырсак, ар бир көчөнүн кесилишине камералар коюлса, бул түздөн-түз жарандардын айдоочулук маданиятына таасирин тийгизет. Жол эрежесин бузгандан алыс болушат. Албетте, мунун эсебинен өкмөт акча табат. Мурда жол эрежесинен түшкөн каражаттардын көпчүлүгү сол чөнтөккө жумшалып келсе, эми түздөн-түз бюджетке түшө баштайт. Бул туура кадам", -деди жарандык активист Мирсулдан Намазаалы.

Соңку учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин каттоочу камераларды Кыргызстан 30 миң долларга чейин сатып алат деген маалымат дагы айтылып келет. Бирок аны Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршенбиев төгүндөдү. Анын айтымында, Кыргызстан бүгүнкү күндө жабдыктарды сатып алган жок, тейлөөнү гана сатып алып жатат.

Келишимге ылайык "Вега" өз алдынча камера орнотуп, аны тейлейт. Компания алынган ар бир айыппулдан 211 сом алат. Айыппулдар 10,6 млн. сомго жеткенде жабдыктар Кыргызстанга өткөрүлөт.