Алты жылдан бери алдыга жылбаган "Коопсуз шаар"

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Бишкектик журналист

Бир топ жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоору парламент кайрадан талкууга алды. Айрым депутаттар "аты бар өзүнүн дайыны жок долбоордун" ишке ашуусу күмөндүү болуп калганын ачык эле айтышты.

"Коопсуз шаар" долбоору мындан алты жыл мурун башталганы белгилүү. Алгач тендер маселесине байланыштуу токтоп калды. Кийин өкмөт алмашкан сайын сөз болгону менен иш жүзүндө ордунан жылдырган эч ким болгон жок.

Мурдакы өкмөт башчылардын ичинен мунун аракетин көргөн Сапар Исаков болду окшойт. "Таза коом" улуттук программасынын алкагында "Коопсуз шаар" долбоорун "Акылдуу шаарга" өзгөртүп, аны тез арада ишке ашырууга белсенген эле. Бирок анын дымагы Бишкектин көчөлөрүнө 4 тесттик видеокамера орнотуу менен бүттү.

"Долбоор кандай аталбасын, мейли "Акылдуу шаарбы", "Коопсуз шаарбы" алты жылдан бери алты кадам алдыга жылган жок. Алты көчө камера менен камсыз боло элек. Ири өлчөмдөгү каражаттар каралып жатат. Долбоордун ишке ашпай жатканына бюрократиялык бут тосуулар же коррупциялык механизм себеп болууда",- дейт парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты депутат Мирлан Бакиров..

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир бөлүгү. Өкмөт аны эки этапта ишке ашырууну пландап жатат. Биринчиси, 2018-2019-жылдары Бишкек шаары, Бишкек - Чалдыбар, Бишкек - Кемин унаа жолдорунда ишке ашат. Экинчиси, 2018-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад, Кара-Кол сыяктуу бир катар ири шаарлар менен негизги унаа жолдор камтылган. Өкмөт күздөн тартып Бишкекте атайын камералар орнотула тургандыгын билдирди. Бирок иштин аягына чыгарына коомчулук ишенбей карап турат.

Долбоорду ишке ашырууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт. Сынактан утуп алган ишкана фото, видеофикациядан түшкөн материалдарды өкмөткө сатуу аркылуу пайда табат. Долбоордун нормативдик базасы жок, өкмөт эми гана аны ишке ашыруунун жолун аныктоодо. Андыктан долбоордун бул ирет дагы багы ачылбай калышы толук ыктымал.

"Долбоор башталганына алты жыл болду, бирок майнаптуу жыйынтык чыга элек. Андан бери жол кырсыгынан канчалаган кишилердин өмүрү кыйылды. Бул долбоорду аягына чыгаруу керек. Башка мамлекеттерге күлкү болуп бүттүк", -дейт "Республика -Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров.

«Коопсуз шаар» сыяктуу долбоор коңшу Казакстан менен Тажикстанда ишке ашырылган. Кыргыз өкмөтү бул багытта Москванын тажрыйбасын жактырып жатат.

Долбоордун документ иштери 18-июнда толугу менен даярдалып бүтөт. Анын башкаруу системасын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" кызматынын жардамы менен өкмөт өзү даярдайт.