You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бажыдагы көмүскө импорт: "Райым миллион" жаңжалы
Евразия аналитикалык клубу Казакстан менен Кыргызстандагы Кытай контрабандасы жөнүндөгү кезектеги изилдөөсүн жарыялады. Анда аталган эки өлкөдө көмүскө импорттун көлөмү азая түшкөнү, бирок контрабанданын арааны дагы деле улуттук бюджетке чоң зыян алып келген олчойгон масштабда экени айтылат. Ошол эле убакта Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрү жылдан жылга миллиарддап көбөйүп жатканын жүйөө келтирүүдө.
"Стратегиялык коркунуч"
Евразия аналитикалык клубунун бир жыл мурдагы изилдөөсүндө эки өлкөнүн тышкы соодасында Кытайдын көмүскө импортунун зыяны жылына бир жарым миллиард доллар суммадан ашык экени, бажы бекеттеринде Кытайдан келип жаткан импорттун теңинен көбү наркы эки эсе азайтылып катталып жатканы көрсөтүлгөн. Ɵткөн жылы Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда транзиттик жаңжал чыкканда дагы Астана менен Бишкек Кытайдан келген контрабанда боюнча бири-бирине күнөө койгон.
Аталган уюм жаңы изилдөөсүндө Кытайдын көмүскө импортунун көлөмү эки өлкөдө тең азая түшкөнүн белгилейт. Айрыкча Кыргызстандын көрсөткүчүндө орчундуу жылыш бар деп көрсөтүлөт. Атап айтканда сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Кытайдын көмүскө импортунун көлөмү Казакстанда 2016-жылдагы 4,6 млрддан 3,9 млрд долларга (59% дан 52 пайызга), Кыргызстанда 4,2 млрд доллардан 2,2 млрд долларга ( 75% -62%) кыскарган.
Эгерде ушул динамика сакталса, жыл аягында Казакстанда көмүскө импорттун көлөмү 950 млн долларга, Кыргызстанда 500 млн долларга кыскарууга тийиш.
Евразия аналитикалык клубу Казакстан менен Кыргызстандын жетекчилигине көмүскө импорттун масштабын улуттук бюджеттерге чоң зыян алып келип жаткан жана эгемендикке стратегиялык коркунуч жараткан деңгээлде деп расмий таанууну сунуш кылган. Ошондой эле коррупциялык схемаларга каршы күрөшкө бардык күчтөрдү салууну, эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде бажы кылмыштарын изилдеген комиссия түзүү сыяктуу биринчи кезектеги чараларды көрүүгө кеңеш берген.
"Райым миллионду" ким калкалаган?
Евразиялык эксперттердин бажы көйгөйү боюнча изилдөөсү жарыяланган учур Кыргызстанда экс-президент Атамбаев менен президент Жээнбековдун ортосундагы саясий кайым айтышуу курчуган убакка туш келди. Бир күн мурда Атамбаев өзүнүн "Апрель" телеканалындагы маегинде Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырып, бажыдагы коррупция жана "Раим миллион" темасын козгоп, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алды.
"Мен силерге чынын айтайын, эмне үчүн Кулматов менен Исаков камалганын. Анткени Жээнбеков суранганына карабай, ал Раим Матраимовду кызматтан алды. Сапар Исаков мага 23-ноябрда түндө Жээнбеков телефон чалып, Раимди бошотпогун деп суранганын айтты. Анын камалышы - Раим Матраимов үчүн, аны укпай койгону үчүн өч алуу. А Кулматовду эмнеге камады. Бажыны Раимдин кишилеринен тазалап жатканы үчүнбү?",-деди Атамбаев.
Айтмакчы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы биринчи орун басары Раим Матраимов өзү убагында Бажыдагы чоң кызматка аны алып келген Алмазбек Атамбаев менен Икрам Илмиянов экенин айтканы белгилүү. Анын сөзүн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров дагы ырастап, 2010-жылы Жээнбековдун каршылыгына карабай, Матраимовду бажыдагы кызматка алып келген Атамбаев менен Кулматов экенин айтууда:
"Жээнбеков 2010-жылы мага айтып атат, Бишкекте отуруп алып, акч алгандарды кое берет экенсиңер деп. Анан мен ошерден чалып атам Атамбаевге, анткени ал куратор да бажыга. Сооронбайдын көзүнчө чалып атам. Буякта Сокең ыйлап атпайбы, эмне минтип койдуңар, эл каршы болуп атпайбы деп. Сен Бакиевдин жолуна түшкөн турбайсыңбы десем, ал мени коркутпа деп атат. Анан кечээ чыгып алып Матраимов жөнүндө айтат. Аны Кулматов экөө өздөрү жети жыл бою кармап жүрдү кетпес хан болуп. Анын Сооронбай президент болоруна бир күн калганда аны бошотуп коюп атат. Маселенин баары ошондо. Эми аны бошотуп койгондо, ошого өчөшүп, ошол үчүн камалды деп бурмалаганы жарашпаган иш. Кулматов экөөн тең өзү алып жүрдү го".
Туруктуу өсүш тенденциясы
Саясатчылар салгылашып жаткан чакта, Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрү жыл сайын бир нече миллиардап көбөйүп жатканын жүйөө келтирүүдө.
Бажы кызматынын расмий сайтына жарыяланган маалыматтарга караганда, 2017-жылы бажы төлөмдөрү 34 миллиард сомду түзүп, 2016-жылга салыштырганда 5 млрд сомго, андан мурдакы жылга салыштырганда 13 млрд сомго көп болгон.
2018-жылга бажы төлөмдөрүнүн суммасы адегенде болжолдуу түрдө 39,8 млрд сом болуп бекиген. Бирок өкмөттүн октябрда бюджетте караган өзгөртүүлөр боюнча бажы төлөмдөрүнүн быйылкы суммасы дагы 3,7 млрд сомго көбөйүп, жалпы суммасы 45 млрд сомду түзгөн.
2018-жылдын январь-октябрь айларына бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу Финансы министрлиги тарабынан 34 млрд. 2 млн. сом болуп пландалган. Бажы кызматы аталган мөөнөтө бажы төлөмдөрү 34,3 млрд. сом болуп, план жүз пайыздан ашык аткарылганын жазууда.