You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мамлекеттик кызматкерлер тил сынагынан кандай өтүүдө?
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда он беш миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тили боюнча тест тапшырды. Дагы жыйырма алты миңге жакыны тесттен өтмөкчү. Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктоо кезеги менен өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Бул үчүн атайын жол картасы иштелип чыккан.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктоо быйылкы жылдан тартып башталды. Мындай талап президенттин "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук программасы жана тил саясатын алдыга жылдыруу жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатат.
Кызматкерлердин деңгээли өкмөт тарабынан бекитилген "Кыргызтест" системасы аркылуу ишке ашырылууда. "Анда тест тапшыруучулардын деңгээли (А1), элементардык деңгээл, (А2) базалык деңгээл, (В1) орто деңгээл, (В2) ортодон жогору деңгээл жана (С1) жогорку деңгээл болуп аныкталат,- деди "Кыргызстест" борборунун башчысы Батма Топоева Ставинская. -Атайын жабдыктар менен камтылган унааны жер-жерлерге жөнөтө баштадык. Ошол көчмө топ Баткен облусунан баштап, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында тест өткөрүп, азыркы учурда Нарын облусунда тест алып жатышат. Андан кийин Балыкчы шаарында, Талас облустарында өтөт. Ошол эле учурда Бишкекте күн сайын үч нөөмөт менен тест жүрүп жатат".
Мамлекеттик тил мыйзамы
Кыргызстандын мамлекеттик тил боюнча мыйзамынын 8- беренесине ылайык, президент, Жогорку Кеңештин жана Жогорку сотун төрагалары мамлекеттик тилде окуп, жазып жана сүйлөй билүүгө милдеттендирилген. Ал эми 9- беренеде бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүсү милдеттүү деп жазылган. Ошондой эле мамлекеттик иш чаралардын бардыгы кыргыз тилинде өткөрүлүп, зарыл болгон учурда гана расмий тилде синхрондук котормо менен берилсин деп так көрсөтүлгөн.
"Бирок ушул убакытка чейин өкмөт тарабынан бул тизме аныктала элек болчу. Себеби, алгач тил билүү деңгээлин аныктап, анан талап коюлушу керек эле. Учурда тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлүп, мамлекеттик тилди билүү квалификациялык талап катары киргизилди. Өкмөттүн 2017-жылы жарык көргөн №757 токтомунун негизинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээли кайсыл жылы, кайсыл деңгээлге жетиши керек экени так көрсөтүлгөн. 2019-жылдан баштап, бардык мамлекеттик кызматкерлер А2 деңгээлин милдеттүү түрдө билиши керек. 2020-жылы B1, 2021-жылы B2 деңгээлин билүү талабы коюлуп жатат"?- деди Мамлекеттик тил комиссиясынын орун басары Аким уулу Медербек.
Коомдук автивисттер эмнеге нааразы?
Коомдук активист Канышай Мамыркулова жакында эле өткөн Бишкектин мэрин шайлоо учурунда, мамлекеттик тил мыйзамы бузулган деп сотко кайрылган эле. Ал мамлекеттик кызматкердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча иш-аракеттерди дагы баш-аламан жүрүүдө деп сынга алып келет.
"Кыргызтесттен өткөн жылы Сооронбай Жээнбеков баш болгон президенттикке талапкерлер өткөн. Кызыгы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өтпөй калган. Бул мамлекеттик маанидеги чоң ката. Өкмөт токтом чыгарып, заңгыраган имаратты берип, акча бөлүп жаткандан кийин мындай иштер бир кылка аткарылышы керек. Эмнеге президенттин колунда тил билүү сертификаты бар, ал эми мэрлердикинде жок. БШК чечим чыгарар алдында өздөрүнүн токтомун карап, өздөрү чочуп кетти. Себеби ал жерде мамлекеттик тил билүү деңгээли тиешелүү сертификат менен аныкталат деп турат", - деди Мамыркулова.
Аталган маселе боюнча тил комиссиясы мыйзамдарда бири-бирине шайкеш келбеген жагдайлар бар экенин атады.
"Маселен, президентти жана парламент депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамда талапкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктоо өкмөт тарабынан жөнгө салынат деп так көрсөткөн. Ал эми өкмөт токтом менен ал ишти бизге өткөрүп берген. Мыйзамда мэрликке талапкерлердин тилди билүү деңгээлин БШК аныктайт деп турат. Демек, буга биз аралаш албайбыз. Эгер мыйзамга өзгөртүү киргизилип "Кыргызтест" ишке ашырсын деп жазылса, анда ошол борбор жоопкерчилик алмак", -деди Аким уулу Медербек.
Кыргызстанда кыргыз тили - мамлекеттик тил. Бирок, ошол эле учурда орус тили дагы расмий тил катары макамга ээ. Жарандык активисттер өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн аракеттер жүрүп жатканы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көбүнүн кыргыз тилди билүү деңгээли мактанаарлык эмес экенин айтып келишет. Маселен, жакында эле шайланган Бишкек мэри Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча тапшырган сынагынын жыйынтыгы коомдук сайттарга жарыяланып, жазган дил баянындагы толгон-токой каталар коомчулуктун катуу сынына кабылган эле.