Эки жылга кечиккен түрк саммити

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Уюмунун VI саммити 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөнү жатат. Ага Азербайжандын, Түркиянын, Казакстандын мамлекет башчылары жана чакыруучу өлкө катары Кыргызстандын президенти катышат.
Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан президенттеринин саммитке ардактуу мейман макамында катышуу алат.
Уюштуруучулар азырынча саммиттин күн тартибинде каралчу маселелер боюнча жалпы гана маалымат берүү менен чектелешүүдө.
"Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кезектеги алтынчы саммитинде катышуучу мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыган жооп берген бардык маселелер каралат. Кызматташуунун бардык тармактарындагы ар тараптуу маселелер каралат. Айта кетчү нерсе, бул саммитте бул кеңештеги төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өтөт",- деди президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Би-Би-Сиге.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн соңку бешинчи саммити 2015-жылы Астанада өткөн.
Ал саммит ошол кездеги кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин кесиптештерин көлгө түшүп кетүүгө кызуу чакырганы менен эсте.

Сүрөттүн булагы, Official
"Чолпон-Атада 15-25-август күндөрү өткөрөлү. Нурсултан Абишович тандасын. Ал жакты Абишович жакшы билет. Силерди эки күн болсо да сууга түшүп, эс алып алсын деп атам",-деген эле анда экс-президент.
Бирок мындай жылуу чакыруудан кийин 2016-жылы өтө турган саммитти өткөрүү дээрлик эки жылга кечеңдеп кетти. Анын себептерин Бишкек расмий түрдө түшүндүргөн эмес.
Бирок ошол убакта Түркия менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык жаңжал чыгып, Кыргызстан Россиянын таламын талашып чыккандыктан Түркия менен саясий мамиле бузула түшкөнү бул жерде башкы себеп катары каралып келди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын мурдакы орун басары Адахан Мадумаров буга чейин Би-Би-Сиге саммиттин кеч өтүп жатышына мурдагы кыргыз бийлигин деп сындап өткөн эле:

"Саммиттин өтпөй калганынын себеби, Кыргызстандын, кыргыз бийлигинин күнөөсү. Ойлонулбаган, алешем тышкы саясатынын жана саясий билдирүүлөрүнүн кесепетинен ишке ашпай калган. Анда Түркиянын дарегине жакшы эмес сөздөр айтылып кетти. Мына ошондо мамилебиз аябай сууп кеткен. Түркияга кошулуп Азербайжан дагы келбестигин билдирген. Демек, төрт мамлекеттин экөөсү катышпай калгандан кийин жыйын өтпөйт эле".
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити 1992-жылдан тарта өткөрүлүп келет, ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчөлүккө кирген.
Өзбекстандын бул кеңешке кирүү ниетин Шавкат Мирзиёев быйыл Түркияга болгон сапарында билдирген.

Сүрөттүн булагы, aa.com.tr
Уюмдун колдоосу астында Кыргызстанда Көчмөндөр оюну уюштурулуп, Астанада Түрк академиясы түптөлүп, ал эми Бакуда Түрк маданиятынын жана мурасынын фонду негизделгени белгиленип жүрөт.
Бирок айрым эксперттер Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши маданий гана эмес, экономикалык альянс катары азырынча өзүн көрсөтө электигин белгилеп жүрүшөт.
"Казакстан, Түркияны карап көргүлө, эбегейсиз чоң потенциалдар жатат. Биз дагы алакандай эмес, келечегибиз кең элбиз. Бизде болгону тартип жок. Келишим түзүлгөндөн кийин аны туруктуу аткарып кетүү маселебиз өтө аксайт. Мен түрк тилдүү мамлекеттердин баш катчысынын орун басары болуп иштеп жатып, көшөгө артында көп маселе чечилерин көрүп калдым" , - деген эле Адахан Мадумаров.
Саммитке келген президенттердин дээрлик баары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна күбө болуп кетери күтүлүүдө.








