You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан Россиянын мугалим жөнөтүү сунушуна жооп бере элек
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Россия былтыр Тажикстанга 30дай мектеп мугалимин жөнөтүп, быйыл алардын санын эки эселеп көбөйтүп жатат. Сынама долбоору ийгиликтүү болуп, быйылкы жаңы окуу жылына Россия эми Кыргызстанга дагы мугалим жөнөтүү ниетин билдирген.
Бирок Кыргызстанда орусиялык мугалимдерге муктаждык барбы?
Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова Би-Би-Сиге билдиргендей, быйыл жаңы окуу жылына карата Кыргызстанга Россиядан бир да мугалим келген жок.
Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек?
Бирок атайы орус тил сабагына мугалим жөнөтүү сунушу буга чейин Россиядан расмий келип түшкөнү чын.
"Буга чейин мындай сунуш үчүн Россияга ыраазычылык эле билдирип тим болгонбуз, анын үстүнөн эми иштей баштайбыз. Негизинен региондордо, чын эле муктаждык бар.
Мурдагыдай, советтер союзу учурунда бизде Кыргызстанда, кыргыздардын көпчүлүгү орус тилди абдан жогорку деңгээлде билчүбүз. Эми азыр, тилекке каршы, региондордо абал башкачараак. Көп орус тилдүү мектептерде окутуу орус тилинде жүргүзүлөт деген менен, кээ бир мугалимдердин тил деңгээли бир аз жакшырак деңгээлди талап кыла тургандай. Бул Кыргызстандагы мугалимдерди жумушсуз калтыруу эмес, тажрыйба алмашууну гана көздөйт", - деди Надира Джусупбекова.
Ал Кыргызстан тажрыйба алмашуу, тил үйрөнүү жагынан буга чейин АКШнын "Тынчтык корпусу" жана Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия менен кадыресе кызматташып келгенин жүйөө келтирди.
Ошентсе да Кыргызстан азырынча Россиянын бул сунушуна макул же жок деген бир жактуу жообун бере элек.
Россиянын Тажикстандагы пилоттук долбоору
Былтыр Россия Тажикстандын мектептерине гуманитардык жардам иретинде 60 миң нускадан ашык орус тилиндеги окуу китептерин, ошондой эле иштөө үчүн 29 мугалим жөнөткөн.
"Алар тууралуу менин көп деле маалыматым жок экен. Бирок жаңылыктардан Россиядан Тажикстанга келген журналисттер орус элчисине ыңгайлуу шарттар тузүлбөгөнү үчүн арызданганын уккам. Россиядан аларга башканы убада кылып, келгенде шарттары убадалагандай болгон эмес. Орус тил сабагына китеп жетишсиздик маселеси да болгон. Жалпысынан алар күткөндөй жыйынтык болгон эмес", - деди тажикстандык медиа-тренер, блогер Рустам Гулов Би-Би-Сиге.
Бирок бир жылдан соң россиялык мугалимдердин сегизи кайта Мекенине кетүү ниетин билдирип, бирок алардын ордун жаңы мугалимдер толуктаган. Россия, ал тургай дагы кошумча 30 россиялык мугалимди Тажикстанга жөнөтмөй болууда.
Бул тууралуу Россиянын "Парламентская газета" басылмасы Федерация жыйынынын вице-спикери Евгений Бушминге шилтеме берип жазып чыкты.
Бушмин мындан 100 жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрү СССРдин курамына киргенде, Россиядан мугалимдер келип, ушинтип кыштактарда балдарга орус тилин үйрөткөнүн жана азыркы программа ошондогуну кайталап жатканын айткан.
Эскини эске салган программа
Учурдагы кыргыз бийлиги, буга чейинкиси деле тышкы саясатта Россияга басым жасарын айтып келет. Бирок негизинен АКШ, Батыш өлкөлөрүнөн окуп, ошол жактан колдоо алган жарандык коом өкүлдөрү авторитардык деп саналган Россия менен Кыргызстандын жакын ымалашуусун жактыра бербейт.
Бул себептүү Россиядан келген бул сунушту демократиялык өлкө катарында коомчулукка кенен жарыялап, ар кандай талкуулардан өткөрүп, чечим кабыл алуу зарылдыгы айтылып жатат. Анын үстүнө Россия мугалимдер аркылуу идеологиялык саясатын ишке ашырууну көздөбөйбү деген да күдүк ойлор болуп жатат.
"Тигил же бул мамлекеттин идеологиясын таркатууда мугалимдердин ролу абдан жогору. Ошондуктан эртең Россиядан келген мугалимдер башка элдердин алдында Россиянын гегемондугуна, артыкчылыктарына басым жасап, ошол Россия мамлекетинин баалуулуктарын таңуулай берген болсо, биздин балдарды чектеген болот", - деди педагог Асылбек Жооданбеков.
Ошентип азырынча келер-келбеси бышык эмес россиялык мугалимдерге эмитен эле алардын ыктыярчы катары негизги миссиясы - тил үйрөтүү менен калыс маалыматтарды таркатуу экенин эскертүү талабы коюлууда.