Кайрымдуулук жана жоомарттыкка үндөгөн Курман айт

Кыргызстанда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Курман айт майрамы белгиленүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген кишилер катышкан айт намаздары окулду.

Бишкектеги айт намазы Эски аянтта окулуп, ал жерге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев катышып, майрамдык куттуктоолорун айтышты.

"Курман Айт Жаратканга жакын болууга, таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөйт. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн Жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын",-деп айтылат Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда.

Кыргызстанда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айт жана Курман айт майрамдары жалпы майрам катары кызыл менен белгиленип, жыл сайын эс алуу күнү деп жарыяланып келүүдө.

Бул жылы дагы кайрымдуулук уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан жүздөгөн мал-жандыктар курмандыкка чалынып, кайрымдуулук иретинде балдарга, карылар үйүнө, колунда жок бүлөлөргө таратылып жатат.

Дин ишмерлери барган сайын Кыргызстанда кайрымдуулукка кол сунган кишилердин катары калыңдап жатканын айтууда. Мунун себебин, диний маалыматтуулук менен байланыштырышат.

"Динди адамдар канчалык терең түшүнгөн сайын берешендик, кайрымдуулук дагы күчөдү. Адамдар берешендикке үйрөнүп жатат. Айылдарда жолдорду оңдоп, жакырларга жардам көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөр көбөйдү. Мурда Курман айт майрамын маркумдарга куран окуп эле, ошондой түшүнүктө карап келишкен. Азыр эми, диний түшүнүк кеңейип, "курмандык кылыш керек экен, бири-бирибизге таратышыбыз керек экен, жетим-жесирдин башынан сылашыбыз керек экен, тууган-урукту сыйлашуу күнү экен" деген түшүнүктөр кирди. Ушул учурларда коомдо ынтымак ойгонуп, улуу сыптаттарды алып келе турган майрам болуп калды. Бул дагы берешендиктин бир түрү болуп элибизге жайылганы өтө жакшы көрүнүш",-деди Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын жетекчилеринин бири, азирети муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев.

"Кыргыз коомундагы өзгөчө сыпаттардын бири - марттык, берешендик, жоомарттык болгон. Илгертен жамаатташып жашаган кыргыздар, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбойлу деп, жардысын журтка таштабай, жардам берип келген. Кыргызда сараң адамдарды шылдыңдап, чыгармаларда дагы көп айтылат эмеспи",-дейт белгилүү тарыхчы, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов.

Мындан эки жыл мурун британиялык "Кайрымдуу жардам" (Charities Aid Foundation) уюму даярдаган "Дүйнөнүн берешендик көрсөткүчү" (World Giving Index 2016) рейтингине ылайык Кыргызстан 34-орунда аталган. Иликтөөчүлөр Кыргызстан 2015-жылы 65 орунга алдыга озуп 18-орунда болгонун белгилеп өтүшкөн. 2015-жылы Кыргызстандагы сурамжылоо Орозо айына туура келгендиктен бул айда кишилер көбүрөөк берешен жана боорукер болушат окшойт деп белгилешкен эле иликтөөчүлөр.

"Жеке тажрыйбамдан айта алам, жоомарттуулукка сабак өтүп эле үйрөтө албайт экенбиз. Аны иш менен көрсөтүү керек экен. Коомдогу жаатташуу, бөлүнүп-жарылуу, жиктешүүнү жок кылуунун эң жакшы жолу - кайрымдуулук". Соңку учурда кайрымдуулукка кол сунгандар көп болуп жатканын байкап жатабыз. Мисалы коомдук сайттарда жардамга муктаждар тууралуу кабар берип, ага жардам көрсөткөндөр көбөйдү. Бирок, кайрымдуулукту орозодо же Курман айтта эле эмес, колдон келсе, күн сайын колдонуш шарт",-дейт Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев. (AbA)