Шайлоонун шайтан оюндарынан арылуунун жолдору каралууда

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Шайлоого бир жыл калганда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизбөө сунушталууда. Бул тууралуу БШК өткөргөн коомдук кеңешме учурунда белгилүү болду. Ошондой эле "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында шайлоонун мамлекет, саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан каржылануусунун ачык- айкындуулугун камсыздоо чараларын мыйзам чегинде күчөтүү аракети дагы көрүлүүдө.
Орто эсеп менен шайлоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн бир гана участкага мамлекеттин эсебинен 100 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат. Кыргызстанда болсо 2,5 миңге жакын шайлоо бекеттери бар. Жалпылап алганда бир шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 200-300 млн сом каражат бөлүнөт. Ал эми саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан 130 млн сомдон тартып, 230 млн сомго чейин каражат каралат. Бул алардын БШКга берген отчёту боюнча алынган гана маалымат. Иш жүзүндө андан 4-5 эсе көп болушу мүмкүн. Албетте, бул чоң акча. Андыктан учурда Боршайком жарандык активисттер менен биргеликте шайлоого кетип жаткан каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздоо аракетин көрүүдө.
"Маселен, шайлоо фонддору партиялар, талапкерлер тарабынан каржыланат. Көпчүлүк учурда саясий партиялар бир гана Эшматтын каржылоосу аркылуу тиешелүү сумманы төлөйт. Ал эми анын депутат болуу деңгээли канчалык экени эске алынбайт. Экинчи жагы, ошол талапкер каражатты кайдан таап, партияны кантип каржылап жатат? Акча ким тарабынан которулду? Алардын артында турган демөөрчү кылмыштуу же радикалдуу топтор болуу ыктымалдагы бар да. Ушундай жагдайларды эске алуу менен партиянын эсебине түшкөн каражаттарды тыкыр көзөмөлдөө дагы сунушталууда",- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов.
Үгүт иштери боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталып жатат
Шайлоодогу каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо ачык башкаруу боюнча Улуттук форумдун алкагында ишке ашып жатат. Тактап айтканда "Ачык өкмөт" деп аталган долбоор бардык мамлекеттик органдарды камтыйт. Шайлоого мамлекет, талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан эбегейсиз чоң каражат сарпталгандыктан жарандар ага корогон каражаттар тууралуу так жана ачык маалымат алып туруусу зарыл дейт БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.
"Кийинки шайлоого дагы эки жарым жыл бар. Биз мыйзамдык базабызды чыңдап алышыбыз керек. Үгүт иштери боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Маселен, бекер эфирдик мүнөттү көбөйтүү жана үгүт иштерин ЖМК аркылуу гана жүргүзүү сыяктуу сунуштар айтылып жатат".
Учурда тизмени бекитүүдө дагы саясий партияларга болгон нааразылыктар арбын. Шайлоо алдында 200-300 өкүл чогулат дагы тизмени бекитет. Ал эми канчалык деңгээлде ачыктык-айкындык сакталып жатат аны эч ким билбейт.

"Тизме түзүүдө район, облустарда жыйын өтүп, алар өздөрүнүн планы менен келе турган болсо, тең салмактуулук сакталмак. Ошондой эле жумушчу топ шайлоого бир жыл калганда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизбөөнү сунуштап жатат. Бардык партиялар, талапкерлер үчүн оюндун эрежеси ачык болушу керек. Бизде шайлоочулар каттоого алынып жаткан кезде, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизген учурлар болгон",-деди Бекматов.
Учурда президенттин алдында түзүлгөн жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча стратегия иштеп чыгууда. Жакында ал Улуттук кеңешке сунушталат. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн шайлоо мыйзамдарына жана ачык-айкындуулукка байланыштуу сунуштарды күтөт.









