Жолдогу миллиондорду Жогорку Кеңеш иликтейт

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Парламентте ЖЭБ чуусу каралып жаткан чакта, айрым депутаттар бул сыяктуу башка ири долбоорлорду да текшерүү керектигин айтып чыккан. Ага удаа эле соңку күндөрү коомдук сайттарга Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунан эле 600 млн доллар жоголуп, бул ЖЭБдеги коррупциядан да олуттуу экенин байма-бай айтыла баштады.

Транспорт министрилиги буга кескин жообун билдирип дооматтарды четке кагууда. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов, далилденбеген маалыматты таратып, бирок, аны төгүндөбөгөн маалымат каражаттары менен соттошууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле алгачкылардан болуп бул маалыматты фейсбук аркылуу жарыялаган адамдын жаман ою бар деп кошумчалады.

Министрилик каражат тыйынына чейин эсептелип, Кытайдын бир эле "Инексим" банкынан эмес, башка эл аралык абройлуу банктардан эсеп-кысап менен алынып жатат деген жүйөнү айтууда.

Бирок соңку жылдары Кыргызстанда курулуп жаткан же бүткөрүлгөн ири долбоорлор өтө күмөн жаратып жатканын айткан Жогорку Кеңештин депутаттары, мындан эки күн мурун атайын жумушчу топ түздү.

"Биз жаңыдан эле маалыматтарды топтоп баштадык. Тиешелүү тараптарга кат менен кайрылып жатабыз. Алдыдагы каникулда ушул ишти терең талдап чыгалы деген чечимге келдик. Буюрса июль же август айында жолдун курулушун жеринен барып көрүп келебиз. Интернетте удаа-удаа чыккан маалыматтар, андан сырткары демилге көтөргөн кесиптештердин сунушунан улам бул топ түзүлдү. Интернетте айтылган маалыматты карасак, тендерде бир нече кызмат көрсөтүүнүн баасы абдан кымбат жазылган экен. Демек тактоо керек. Сентябрга кандайдыр бир маалымат менен келебиз деп турам",- дейт аталган депуттатык топтун жетекчичси Махабат Мавлянова.

Убагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул жол стратегиялык мааниге ээ тарыхый курулуш экенин айтып, иш башталган эле. Ал тургай бул жолдун курулушу өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин соңуна чыгып калаарын убада да кылган жайы бар.

Адистер бул жаңы жолдун курулуш менен жүздөгөн чакырымды кыскартууга болот деп долбоорлошкон. Жаңыдан чуусу чубала баштаган бул иштин жыйынтыгы тууралуу азырынча ак же көк деп айтуу эртелик кылчудай.