Б. Муканбетов: Чемпионатта Татарстан эмес эле, башка өлкөгө түшкөндөй болдук

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиянын ондон ашуун шаарында футбол чемпионаты өтүп жатат. Би-Би-Си ар бир шаарга кайрылып, атайын кербенин улантат. Кезек Казан шаарында.

Биз аталган шаарда жашап жаткан Бейшен Муканбетовго кайрылып, шаардыктардын маанайы кандай деп сурадык

Б. Муканбетов: Мен Казан шаарына келгениме отуз жылдын жүзү болду. Жогорку окуу жайына тапшырып, кийин үйлөнүп-жайланып калып калдым. Эли кыргыздарга көп жагынан окшош жакшы эл. 2013-жылы Казанда дүйнөлүк универсиада өтпөдү беле. Мына ошого карап спорттук далай имараттар курулулган эле. Орусия боюнча Москва, Санкт-Петербург, Казан эң мыкты шаарлар деп саналат. Азыр болсо кооздугу, тазалыгы жагынан Казан биринчи орунга чыкканы калды десем жаңылбайм. Көргөн көз кубангыдай өзгөрүү болду.

Би-Би-Си: Оюндарга барып көрдүңүзбү?

Б. Муканбетов: Жок, мен иш сапарда болуп бара албай жатам. Бирок барсам деген ниеттемин. Орун басарларым, кесиптештерим калтырбай барып атышат. Алар стадиондон көрүп жаткандыктан укмуш деп баа берип, суктанып атышат. Өзүм ачылышына атайын барып катышкам.

Би-Би-Си: Ачылышында эмнеси сизге өзгөчө жакты?

Б. Муканбетов: Мени өзгөчө таң калтырганы, ушунча көп өлкөлөрдөн коноктордун келгени. Алар менен аралашып олтуруп, такыр эле башка мамлекетте жүргөндөй сезип аттым. Казан өзү да көп улуттуу шаар. Бирок азыр ого бетер болду. Абдан көп улуттун өкүлү оюнга чогулду.

Би-Би-Си: Казан шаарында буга чейин универсиада баш болгон өтө чоң масштабдагы чоң мелдештер өттү. Чемпионат уланып атат. Шаар эли спорттук туризмде өз жолун таап калдыбы?

Б. Муканбетов: Абдан туура. Тынччылык, достук, кирешени ушул спорт алып келип жатпайбы. Эл аны абдан жакшы түшүнүп калды. Дагы бир жагы эреже, мыйзамдар бузулбасын деп эл абдан сылык, астейдил мамиле кылып турушат.

Би-Би-Си: Мындай иш-чараларда адатта кызмат көрсөтүү, тейлөө жактары абдан кымбаттап кетет эмеспи. Бул жагы кандай болуп жатат?

Б. Муканбетов: Ооба, ким гана болбосун каражат таап алууга аракет кылат эмеспи. Ошондон улам баардык жерде бир аз кымбаттаганы байкалат. Бирок бизде президент Рустам Минниханов камылга башталган учурда эле баардык тиешелүү органдарды жыйып, баардык тармакта чектен ашкан кымбаттоолор болбосун деп атайын мыйзам да чыгартып койгон. Кимде-ким ага баш ийбей ыксыз кымбаттата турган болсо анда айып пулга жыгылат. Айтор, көзөмөл жетиштүү.

Би-Би-Си: Демек, атайын мыйзам чыккан экен да?

Б. Муканбетов: Ооба, дал ошондой болду.

Би-Би-Си: Коопсуздуктан улам чемпионат алдында мигранттарды текшерүү абдан катуу жүргөнү айтылууда. Сиздердин шаарда бул жагы кандай өттү?

Б. Муканбетов: Мен өзүм дал ушул иш боюнча алектенем. Мигранттар кандай абалда калды? Жөн жерден депортация болуп кеткен жокпу дегендей аракеттерди көрөм. Орусиянын курамында турганы менен Татарстандын өзүнүн жергиликтүү мыйзамы бар. Мыйзамдарды абдан бекем кармашат. Кенедей эле туура эмес, мыйзамга каршы иш кыла турган болсоң анда эч ким, эч нерсе жардам бере албай калат. Ошондон улам жергиликтүүсү да, мигранты да бул жакта мыйзам, эрежелерди сактоого абдан далалат кылат. Даярдык башталганда эле эскертүү берилип, биз да тиешелүү иштерди алып барып, көптөр документтерин тууралап алганга шарт болду. Келгендер үч күн ичинде каттоого турду. Ал эми документинде так эместиктер, кемчиликтери барлар чемпионат алдында чыгып кетишти. Чемпионаттан соң кайра келе тургандар да бар.

Би-Би-Си: Казанда канча кыргызстандык бар?

Б. Муканбетов: Негизинен беш миң чамалуу кыргызстандык бар. Алардын көбү бул жактын жарандыгын алгандар. Негизинен көбү кара жумуштан сырткары иштешет. Айдоочулар көп. Курулушта ошол беш миң чамалуу кишинин жыйырма пайыздайы гана иштейт.