You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кол тийбестик экс-президентке көзүр туздай"
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкек ЖЭБ чуусу азыркы бийликтин экс-президент Алмазбек Атамбаев Атамбаев жана анын командасына каршы күрөшүү куралына айланчудай болуп калды.
Парламент кечээ ЖЭБ боюнча кабыл алган токтомго экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды иштеп чыгуу сунушу да кошо кирди.
Кол тийбес президентке сөз тийгенде
Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтууда.
10-майда парламентте сүйлөп жатып, депутат экс-президенттен кол тийбестик макамын алууну сунуштады.
Депутаттын "экс-президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу" сунушун токтомго кошууга 17-майдагы жыйында 87 депутат макулдугун берип, 14 каршы болду.
"Эки жолу бар. Биринчиси - экс-президенттерден кол тийбестикти такыр эле алып салуу. Экинчиси - атайы бир норма киргизүү. Мисалы, депутаттардын деле кол тийбестиги бар, бирок ал оор кылмышка шектүү учурда иштебейт да. Балким ошондой кылабызбы. Мен аны так айта албайм, кийинки аптада билинет",-деди Би-Би-Сиге Исхак Масалиев.
Ала арада Жогорку Кеңеш эки профилдик парламенттик комитетке экс-президенттерди жоопкерчиликке тартуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.
"Экс-президентке көзүр туз"
Экс-президенттен кол тийбестикти алуу демилгеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок.
Буга чейин жарандык активист жана юрист Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылып, "Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзамындагы экс-президентке кол тийбестик ыйгаруу жөнүндөгү жобону алып салууну суранган.
Аталган мыйзамдын 12-беренесине ылайык, Кыргызстандын экс-президенти болгон адамдар кол тийбестикти алып, өлкө башчы мезгилинде жасалган аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, кармалып, камакка алынбайт жана тинтүүгө алынбайт, сурак бербейт.
"Мындай кол тийбестик экс-президентти саясий каршылаштарынан алда канча күчтүү кылат. Себеби анын көзүр тузу болуп атпайбы. Анын каршылаштарын камакка алып, сурактаса болот, бирок ошол эле аракеттерди ага карата жасай албайсың. Азыркы президентти деле импичмент аркылуу кылмыш жоопкерчиликке тартса болот, ал эми экске эчтеке кыла албайсың. Мындай туура эмес деп эсептеп, сотко кайрылдым", -деген 18-апрелде юрист социалдык баракчасында.
Конституциялык палата бул кайрылууга жооп кыла элек.
ЖЭБ чуусу күрөш катализаторуна айланды
ЖЭБ чыры Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы күрөштүн катализатору болуп калды.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 31-мартта КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин президент Сооронбай Жээнбековго карата бир катар дооматтарын айткан.
Анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген.
"2010-жылы ЖЭБди ремонттоо иштерине 280 миллион кеткен. Ал эми 2017-жылы ЖЭБди кышка даярдоого 230 миллион сом кеткен. Тендер жана башка даярдыктардын баары ал кездеги премьер Жээнбеков тарабынан жүргүзүлгөн", -деген болчу Атамбаев.
Президенттин басма сөз кызматы модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлганын, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгонун эскертип жооп кайтарган эле.
Ошондой эле Жээнбековдун басма сөз кызматкери жаңыртылган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилгенин, ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн 21-августта эле өкмөттүк ишин өткөрүп бергенин баса белгилеген.
ЖЭБдеги кырсык боюнча парламенттин талкуусунда негизинен Атамбаевдин убагында иштеген команда жооп берип, айыптаган ачуу сөздөрдүн бир учу түз эле барып мурдакы президентке барып тийүүдө.
Мурдакы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ЖЭБдеги модернизация маселеси түздөн түз Атамбаев убагында президенттик аппараттын көрсөтмөсү менен башталып, аягына чейин алардын көзөмөлүндө болгонун айтты.
Бирок экс-президенттин аппаратында иштеген Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоо иштеринде коррупция болгон жана насыя ысырап пайдаланылган деген айыптоолорго макул эместигин айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда биринчи кезекте мамлекеттик кызыкчылыктар эске алынганын 17-майда парламент трибунасынан айтты.
"Мен чын дилимден айткым келет - биз жасаган иштер, кадамдар абдан ак болчу. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кайсы гана маселе талкууланбасын, өзүбүздүн мамлекеттик кызыкчылыктарга таянганбыз",- деди экс-чиновник.
Бирок ошол эле маалда Сапар Исаков ЖЭБ боюнча талкууда депутаттык комиссиянын корутундусуна киргизилген мурда кийин чоң кызматта турган 30 чакты адамдын катарына мурунку өкмөт башчы катары азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун да ысымын киргизүүнү кайра-кайра талап кылып жатты.
Кыргызстандын экс-президенттери
Эгемен Кыргызстан тарыхында беш президент алмашты.
Буга чейинки эки президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев ыңкылап менен кетирилип, кол тийбестик жобосу аларга кандай иштегени бүдөмүк калды. Себеби алар бозгундан кийин мекенине кайрылып келише элек.
Ошентсе да 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт 13-апрелде Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген.
Кийин Убактылуу өкмөт Аскар Акаевден да кол тийбестик укугун 2010-жылдын 13-августунда декрет аркылуу алып, бирок ал Конституцияга туура келбей калганын талдоочулар белгилешкен эле. Баш мыйзамга ылайык, мурунку президенттердин кол тийбестигин парламент гана ала алат.
Кийинки президенттерден кол тийбестик макамы өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева менен андан кийин өлкөнү башкарган Алмазбек Атамбаевде гана бар.