Tогуз-Тородогу окуянын чоо-жайы

ИИМ Тогуз-Торо районундагы коомдук тартипти сактоо жана инвестордун мүлкүн өрттөгөндөрдү жоопко тартуу үчүн Бишкектен кошумча милиция күчтөрү жиберилгенин билдирди.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы кен компаниясына каршы нааразылыкка чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө деп билдирди ИИМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы.

"Мекемелер аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам комбинаттын эски фабрикасынын жанында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүүлөр менен жолугушкан. Жолгушууга миңге чукул киши жыйылган. Алар аягына чейин сөз укпай, комиссияга, коопсуздукту көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Чогулгандардын көбү жаштар болгондуктан фабриканын аймагына кирип барып, техникаларды, имаратты өрттөп жиберишкен. Учурда өрт өчүрүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен гана бул окуяга юридикалык баа берилет", -деди Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Милиция кызматкерлеринин үчөө жаракат алып, бирөөсү ооруканага жаткырылган. Азыр чогулгандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө деди милиция өкүлү. Буга чейин "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясына таандык бүтө элек имарат өрттөлгөнү айтылган эле.

"Милициялар бар экен дейт он-он беш, бирок алардын баары жергиликтүү да. Эч кимге сөздөрү өтпөйт экен. Түшүнүктүү, баары таяке-жээн, куда сөөк дегендей. Февралда болгон биринчи митингде эле фабрикага кирип барып талкалашканда 33 кишини ИИМ тукургандар, уюштургандар деп эсепке алган. Ошол ишти кыймылдатпай коюшпадыбы. Эч кыймылдаган жок ушул убакка чейин. Иштин баарын Ош ИИМ алып кетип, ошол жакта жатат экен таң калыштуусу. А өкмөттөн такыр жардам болгон жок. Инвесторлор ооздорун ачып атат ушундай да мамлекет болобу деп",-дейт "Жи Эл Макмал" компаниясынын өкүлү Максат Жээналиев.

Көптөн берки чуу

Жергиликтүүлөр алтын ылгоочу фабриканын курулушуна көптөн бери эле каршылык көрсөтүп келүүдө

7-февралда Казарманда эки жүзгө жакын адам чогулуп, жаңы салынып жаткан фабриканын ичине кирип барып, дарбазанын жанындагы дубалдарды талкалашып, айнектерин сындырып, дагы башка мүлкүн жараксыз кылып кетишкен. Компания жалпысынан миллион сомдой зыянга учураганын айтып чыккан эле.

Алтын ылгоочу фабриканы кыргыз жана кытай жарандары биргелешип түзгөн "Жи Эл Макмал" ишканасы куруп жатат. Жергиликтүү эл бул фабрика зыяндуу технологияны колдонуп, экологияны бузат деп каршы чыгууда. Буга чейин компаниянын өкүлү Максат Жээналиев атаандаш күчтөр жергиликтүү элди ушак менен тукуруп жатканын айтканы бар:

"Комбинатта мурда-кийин иштегендердин каршылыгы болуп жатат. Себеби алар жаңы комбинат иштеп баштаса, азыркы иштеп жаткан Макмал комбинаты токтойт деген ушакты таратышкан. Экинчиден, зыяндуу концентраттар менен иштетишет деген ушак чыгарышкан. Үчүнчүдөн, Макмал алтын кенинде дамба бар, ошол дамбаны дагы иштетишет экен деген ушакты таратышкан. Ошонун натыйжасында, уу чыгат, экология бузулат, эл жаңы ооруларга чалдыгат, мал кырылат деген ушактарды жок жерден чыгарышкан. А чынында биз алдыңкы технология менен иштеген жатабыз, ал жерде цианидке окшогон зыяндуу химиялык реагенттер колдонулбайт",-деген эле Максат Жээналиев.

Макмалдагы жаңы комбинаттын курулушу дээрлик бүтүп калган. Курулуш жергиликтүү бийлик, башка тийиштүү органдардын уруксаты менен башталган. Бирок эл каршы болуп чыкканда жергиликтүү бийликтин эмне үчүн эч кандай чара көрбөй койгону түшүнүксүз болууда.

Элге жетпеген маалымат

Жергиликтүү бийлик өз кезегинде "Жи Эл Макмал" ишканасы фабриканы экологиялык экспертизадан өткөрө электигин билдирүүдө. Ошол эле учурда аталган ишкана өзү да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы элге ачык-айкын болбой, түшүндүрүү иштери мурда жүрбөгөнү көрүнүп турат.

"Алтынды цианид менен эритет экен да. Эл ошого нааразы. Элге түшүндүрүү иштери да жүргөн эмес. 2015-жылы курула баштаптыр. Эч ким билген эмес. Курулуп бүткөндөн кийин анан эл билип калган",-деген эле жергиликтүү тургун Көчкөнбай.

Кен чыккан жерлерде иштеген чет элдик компанияларга жергиликтүү элдин ичиндеги ишенбөөчүлүк маанай, каршылык аракеттери көп жылдардан бери азайбай келатат. Мунун баары чет элдик инвесторлор дагы, жергиликтүү бийлик дагы эл менен иштешүүнүн көзүн таппай жаткандыктан болуп жатат дешет.

Аким кызматтан кетет

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы кен компаниясына байланыштуу кырдаал күчөп кеткен учурда өкмөт Жогорку Кеңеште КСДП фракциясында отчет берип жаткан эле. Айрым басылмалар жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков Тогуз-Торо райондук бийлигинин жетекчиси Тилек Идирисовду кызматтан аларын айтканын жазып чыгышты. (AbA)