Ө. Абдрахманов:Казакстанда кармалган депутаттын ишин жабуу оңой эмес

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз парламентинин депутаты Казакстанда кармалышы боюнча дагы бир видео тасма жарыяланды. Анда депутат Дамирбек Асылбек уулу ресторанда тамактанып олтурганын көрүүгө болот. Жашыруун камерага тартылган видеодо депутат саналуу кишиге олуттуу иштер болгону үчүн өзү келгенин айтып жатканы тартылган.

Казакстан чек арадагы контрабандага каршы күрөшүн күчөттү деп жаткан чакта бул маселе Кыргызстанда да коомчулуктун көңүлүн буруп жатат. Би-Би-Си бул теманы дагы тереңирээк талдоого алуу үчүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановго кайрылып, аткезчилик чуусуна парламент депутаттары аралашат деп күттүңүз беле деп сурады

Ө. Абдырахманов: Контрабанданы жөнөкөй адам жасай албайт. Аны же депутат же бийликтегилер жасайт. Ал күтүлгөн нерсе. Анткени баардык авторитардык мамлекеттер контрабанда менен жашашат. Мына өзүңөр билесинер илгери Акаевдин тушунда "кошелёк" деген бар болчу, андан кийин андайдан дагы бири чыккан. Кийинкисинин өзүнө таандык жарытылуу бизнеси же иши жок эле.

Башканы айтпайын азыркы замандын "кошелёгун" көрдүңөр. Ал кеткенден кийин түштүктө бажы төлөмдөрү он эсе көбөйүптүр. Муну мен эмес, расмий айтып чыгышпадыбы.

Ошондуктан таңгала турган эч нерсеси жок. Ал эмес мына Россияны карайлы, Аргентинада эмне кылды? Алар ал жерде да жөн жүрбөй министрлер контрабанда башчыларынын учагы менен баңги зат ташыптыр. Анысы бүт дүйнөгө ашкере болбодубу.

Би-Би-Си: Октябрда президенттик шайлоо алдында Казакстан чек араны жаап, ага контрабанда негизги себеп экенин айтты эле. Казакстан контрабанданы жоюуга жаңы аракеттерди баштап ар кандай операцияларды өткөрүп жатканы айтылууда. Эми бул иште Кыргызстан эмне кылышы керек?

Ө. Абдырахманов: Албетте, чара көрүш керек, бирок Казакстандыкы дагы контрабанда менен чыныгы күрөш эмес. Бир кландардын башка бир кландар менен кармашып, силер эмес, биз башкарабыз деп сес көрсөткөндөгүсү. Ошол үчүн биз Казакстан же башкасын карабай өзүбүздүн үйбүздү кантип бир тартипке келтиребиз деп ойлонсок жакшы болоор эле. Бул өтө деле татаал нерсе эмес. Эгер бийликтегилер өзүнө акча алып келе турган эмес, коррупция менен күрөшкөн адамдарды бийликке пайдаланса жылыш болушу мүмкүн. Бир эле мисал айтайын, акча алды деп канча жыл мурун эле Текебаев тууралуу айтканымда ким маани берди эле? Эч ким. Демек биздин кыргыз коомчулугунда, кыргыз саясатында коррупцияны жоёбуз деген ой жок. Азырынча кур эле сөз болуп атат, эми ошентсе дагы президентибиз жаңы шайланды, жаңы кадрлады алып атат бир аз үмүт этип туралы, көрөлү.

Би-Би-Си: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө чек арадан жүк өткөрүү ачык айкын, ашыкча машакатсыз жана коррупциядан алыс болот деп айтылды эле. Бүгүнкү күндө бул канчалык ишке ашып жатат?

Ө. Абдырахманов: Ишке ашкан жок, мына Европага барсаңыз ал жерде чек ара деген жок, а бизде бирикме түзгөнүбүз менен баягы эле. Менин оюмча коррупция дагы күчөдү, анткени чек араны кааласа жаап, кааласа ачып коюшат. Мына биздин жашылчалардын эле канчасы кайра артка келип атат? Кыргызстан тиккен балдар кийимдеринде уулу зат бар экен деп атышат. Эгер чындап ошондой болсо мына силерден деп алып келип көргөзбөйбү? Ошол үчүн бул авторитардык мамлекеттердин бирикмесинде Европадагыдай тартип болушу мүмкүн эмес.

Би-Би-Си: Казакстандык эксперттер, Казакстан менен Орусиянын чек арасында аткезчилик анчалык деле байкалбайт дешет. Бирок Казакстан менен Кытайдын, Кыргызстан менен Кытайдын бажысында абдан күчтөп жатат деп талдап айтып жатышат. Бул эмнени түшүндүрөт?

Ө. Абдырахманов: Кытай менен эгемендик алгандан бери катташып атабыз, өзгөчө Кыргызстан менен соода алакасын бадан өнүктүрдү. Ошонун арты менен бизде эң чоң базар "Дордой" пайда болду, канча миң деген адам жумуштуу болгон? Кыргызстандан ошол товарлар башка жака тарап жатты эле. Бул жакшы бирок, биз менен Казакстан эмдигиче соодада ошол товарлардын бааларын аныктай албай келет. Казакстандан чыккан бизге кирген товардын баасы бизге төрт беш эсе арзан кирип атат. Эмне үчүн? Мүмкүн техникалык катадыр? Муну атайын жасап атышат деп айтып жатышат деп айтуудан алысмын. Кандай болгон күндө дагы эки мамлекетке кирген же чыккан товардын баасы долларбы же евро менен болобу бирдей болушу керек эле. Ошондо ишенмекпиз.

Би-Би-Си: Кыргыз парламентинин депутаты Казакстанда камалып абдан чуу болуп жатат. Сиздин оюңузча эми бул мындан ары эмне болушу мүмкүн же убакыт өтүп эле кайрадан жабылуу аяк болуп калабы же бул иш башка бир өзгөрүүгө себеп болобу?

Ө. Абдырахманов: Кыргызстанда болсо жабылса жабылып калмак. Казакстанда болсо мүмкүн жабылбайт анткени алар кандай болгон күндө дагы компания башташты. Мына отуз үч кишини кармалды. Арасында кыргыздын депутаты да жүрөт. Менин оюмча муну жөн эле жаап коё албайт. Анткени ушунчалык резонанс болду. Парламент депутаты өзү аткезчилик менен жүргөнү биз эле эмес, дүйнөгө да тарап кетти. Буга кыргыз мамлекети болсо дагы эле көңүл кош карап атат. Биз ишенбейбиз, биз дагы эле чыгарып алабыз, Кыргызстанга алып келебиз деген маанайда тургандай. Анын ордуна жаман нерсени досуң болобу, башкасыбы ага сын көзү менен карап баа бериш керек. Ошондо гана аткезчилик жоголот.