You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Йоддун жетишсиздиги акыл-эске таасир этет
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Организмде йод жетишпесе, оор кесепеттерге алып келет. Кыргызстан жайгашкан эндемикалык аймакта жаратылыштан алалбаган йодду жасалма жол менен алып туруш керек. Йод айрыкча кош бойлуу аялдар менен балдар үчүн маанилүү.
Йод организмдин өсүшү, акыл-эс үчүн зарыл
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө дээрлик ар бир үчүнчү адам йодду жетишсиз колдонот. Он миллиондогон балдар организминде йод таңкыстыгы менен төрөлөт.
Ал эми Кыргызстанда эсептер жок. Бирок Альпы, Пакистан, Орусиянын көп жерлери, Африканын айрым аймактары менен катар дүйнөдөгү эндемикалык аймактарга Борбор Азия киргенин эске алганда бул Кыргызстанда олуттуу маселе.
Бул тууралуу Илимдер академиясынын Биотехнологиялык институтунун директору Асанкадыр Жунушов да айтууда.
“Начар абалдабыз. Өзгөчө балдар, кош бойлуу аялдар жана карылар арасында көп. Йоддун жетишсиздиги түштүк аймакта басымдуу. Мен өзгөчө айыл жерлеринде абал жакшырып жатат деп ойлобойм”, - деди Би-Би-Сиге Жунушов.
Жунушов йод жетишсиздигин жоюу боюнча илимий иштерге катышкан.
Йод негизгиси калкан безинин гормондорду синтездешине шарт түзөт. Ал жетишсиз болгондо организмдин өсүүсүн, зат алмашууну, акыл-эстин иштөөсүн үзгүлтүккө учуратат.
Чоң адам күнүнө орточо 150 мкг йод кабыл алып туруш керек. Ал эми кош бойлуу аялдарга күнүнө 250 мкг чейин зарыл.
Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин бөлүм башчысы Кайыргүл Жоошбаева адам өмүр бою керектеген йоддун өлчөмү бир чай кашыктай деди.
Йоддун жетишсиздигин аныктайбыз
Советтер союзу учурунда адамдагы йодду текшерип, аны менен кайсы аймакта тартыш экенин билип турушса, азыр бул ар бир адамдын өз жоопкерчилигинде.
Организмдеги йодду бир гана лабораториялык жол менен текшерүүгө болот. Кайыргүл Жоошбаева зара аркылуу билинет деди:
“Йод калкан безге тамак-аш, суу аркылуу келет да, бездин жардамы менен трийодтиронин (Т3) жана тироксин (Т4) гормондорунун синтезделишине жардам берет. Бул эки гормон организм үчүн өтө маанилүү. Алар мээнин иштешине, аялдын аял болуу функциясына, зат алмашууга, жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине зарыл. Мээде буларды жөнгө салып туруучу гормонду тиреотроптук гормон (ТТГ) дейбиз”.
Йод жетишсиз болгондо калкан безининин ар кандай ооруларына алып келет. Аны эндокринолог дарыгер анализ, сурамжылоо жана пальпатордук жол менен аныктап, дарылайт.
Йод кош бойлуу жана эмизип жаткан аялдарга, ошондой эле өспүрүмдөр жыныстык жактан жетилип жаткан мезгилде өтө маанилүү. Анткени кош бойлуу кезде түйүлдүк үчүн да йод зарыл, эмизип жатканда баладагы йод жетишсиздигинин алдын алууга болот.
Ошондуктан эндокринолог Жоошбаева кош бойлуулар жана аны пландап жаткандар текшерүүдөн өтүп коюш керек дейт:
“Йоддун жетишсиздигинин белгилери билинбей башка оорулар сыяктуу өтө берет. Мисалы, каны аз болуп, ичи катып башка ооруларга окшошо бериши мүмкүн, бирок анализ тапшырып гормондордун деңгээлин билип алыш керек. Дарыгер ошого жараша дары жазса аны калтырбай ичип, дарыгердин көзөмөлүндө туруш керек”.
Йод жетишпеген балдардын кабыл алуусу начар болуп, сабакта ийгиликке жетиши кыйын.
Ал эми өтүшкөн кесепеттери акыл-эстин кемдиги болуп эсептелет.
Йодду толуктайбыз
Йоддун булагы деңиз менен океан болгондуктан, ал деңиз жаныбарлары менен өсүмдүктөрүндө эң көп өлчөмдө бар. Жумурткада, балыкта жана сүт азыктарында салыштырмалуу көп.
Илимпоз Асанкадыр Жунушов Кыргызстанда тамак-аш менен йоддун таңкыстыгы толукталбайт деди.
Йод көп жылдардан бери тузга кошулуп келет.
Жунушовдун айтымында, туздан да йод алты айда учуп кетет. Ал ошондой эле жогорку температурадагы тамакта йод жоголот деп эсептейт. Андыктан Жунушов кесиптештери менен йод кошулган суюктукту ойлоп тапкан. Бирок аны жапырт колдонууга уруксат бериле элек.
Бирок йоддолгон тузду колдонууну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаганын эске алуу керек.