ИИМ өзүн-өзү тазалоого кириштиби?

ИИМ

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Апта соңунда Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы өзүнүн Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана ИИМдин пенсиядагы полковнигин сегиз килограмм баңгизат менен кармалганы тууралуу маалымат таратты.

Бул Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлеринин баңгизат менен кармалган биринчи учуру эмес. Биз мурдагы депутат, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Шамшыбек Медетбеков ушул маселенин тегерегинде маектештик.

Шамшыбек Медетбеков: Бул мамлекет үчүн, коом үчүн өтө кооптуу көрүнүш. Буга чейин эле наркобизнеске "погончулар аралашат экен", "ташып, жардам берет же үстүнөн көзөмөлдөйт" деген сөздөр айтылып келет эмеспи. Соңку факты бул сөздөрдүн чын экендиги көрсөтүүдө.

Би-Би-Си: Мына, жалпыга белгилүү жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков: "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби - коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы - укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө",-деп айтпадыбы. Эми бул жаатта кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтсө болобу?

Шамшыбек Медетбеков: Президент маалыматы болгон үчүн айтып жатат. Демек, наркотрафикти "погончулар" көзөмөлдөп, кылмышкерлерге жардам берип, товарды Кыргызстан аркылуу алып өткөнгө шарт түзүп берет деген маалыматы бар. Өлкө башчы жок жерден айтпайт болчу. Негиз болгон үчүн элге чыгарды деп ойлойм.

Шамшыбек Медетбеков

Сүрөттүн булагы, facebook

Би-Би-Си: Полковниктерге байланыштуу кылмыш ишин ИИМ өзү ачып жатат. Муну менен министрлик өзүн-өзү ичтен тазалаганга өттү деп айта алабызбы?

Шамшыбек Медетбеков: Бизде баңгиазат бизнесине каршы күрөшүү боюнча атайын мамлекеттик кызмат бар болчу. Тилекке каршы аны кыскартып салып, ИИМ курамына берип койду. Бул дагы туура эмес көрүнүштөрдүн бири. Себеби, атайын өзүнчө кызмат болуп турганда көптөгөн эл аралык мекемелер, башка мамлекеттер техникалык жардам же гранттарды берип, кызматкерлерди башка өлкөдө окутуп, айлык акысына чейин кошумча төлөп берүшчү. Бир мекемени жоюп, экинчи мекеменин астына алып барып койгондо, эффективдүүлүк төмөндөйт. Ал эми милициянын өз кесиптешерин кармашы, кокустук эмес. Бул айлап, балким жылдап жүргүзүлгөн иш. Шектүүлөрдү аңдып, оперативдүү кызматтарды көрсөтүп, кимде кандай байланыштары бар экенин билүү жогорку чеберчиликти талап кылат. Ошондуктан ИИМдин кылмышкерлерди кармап, үстүнөн иш козгоп жатканы жакшы иштердин башталганынан кабар берет.

Би-Би-Си: Айрымдар милициянын өзүнүн ичиндеги каршы топтордун кармашы катары дагы мүнөздөп жиберишти?

Шамшыбек Медетбеков: Буга ар кандай баа бере берсе болот. Бирок кылмышкерлердин кармалышы, коом үчүн жакшы көрүнүш. Беттери ачылып жатабы, демек, ошолорго каршы күрөш башталды десек болот. Мүмкүн баңги бизнесин калкалагандардын ордуна башкалар келип калкалагысы келип бети ачылды. Муну эми сот аныктайт, келечек көрсөтөт. Кандай болгон күндө дагы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, "погончулар" менен кылмышкерлердин аралышып кеткени мамлекет үчүн өтө кооптуу. Андыктан мамлекет мындан сак болушу керек. Эл аралык институттар, башка өлкөлөр Кыргызстан аркылуу жүздөгөн тонна мыйзамсыз баңгизаты чек араны кесип өтөт деп айтып келе жатышат. Биз Ооганстан менен чектешкен өлкөлөр менен коңшу турабыз. Менимче, биз аркылуу өткөн баңгизаттын масштабы абдан чоң. Бети ачылган кылмыштар - айсбергдин үстүнөн эле көрүнгөнү. Кылмышкерлер орган кызматкерлерин пайдаланып, товарды башка өлкөгө алып чыгып кеткенге абдан кызыкдар.