Электр унаалары Кыргызстан үчүн канчалык реалдуу?

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте абанын булганып жатканына кабатырлануулар күчөдү. Экологиялык кызмат абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирүүдө. Ошондуктан өкмөт автоуналарды газга өткөрүүнү жана экологиялык зыяны көп күйүүчү майларды колдонууга тыюу салуу демилгеси менен чыгууда.

Айрым парламентарийлер электр унааларын көбөйтүүнү сунуштап жатат.

"Абанын булганып жатканы көйгөй болуп жатпайбы. Элди электр кубаты менен жүргөн унааларды алууга кызыктыруу керек. Дүйнө жүзү боюнча ушуга умтулуп жатышат. Биз биринчиден бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча ЕАЭБге сунуш беришибиз керек. Беларусья ушундай сунушту берди. Баасы кымбат болгону менен күйүүчү май менен жүргөн унааларга караганда, кийинки чыгымдары абдан аз болот. Мамлекет сөзсүз ушуга элди кызыктырып, керек болсо жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Бул эми калктын саламаттыгына тиешелүү маселе болгондуктан, буга чоң маани берилиши керек",-деди КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев.

Ѳкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.

Ошондуктан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагы каралып жатат.

Маселени "келечектин унаасы" чечеби?

Айрым активисттер көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары ири шаарларда электр унааларды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Зарылбек Нышан уулу ушундай үлгүдөгү унааны Бишкекке алып келген:

-Баарыбыз абалды көрүп, анын көйгөйүн түшүнүп турабыз. Бирок башка бирөө келип биздин маселебизди чечип бере тургандай, бир нерсени күткөндөй эле жүрөбүз. Ошондуктан ар бир жаран колунан келгенин кылса, маселенин чечилишине таасирин тийгизмек. Маселен, биз мурда зыяндуу заттарды абдан аз бөлүп чыгарган Toyota гибрид унаасын алып келгенбиз. Себеби унаадан чыккан зыян канчалык аз болгон сайын бизге ошончо пайдалуу экенин көрсөтөлү дегенбиз. Эми болсо "Ниссан" үлгүсүндөгү электр унаасын алып келдик.

-Тоолуу өлкөдө электр унаасынын ыңгайлуулугу кандай болот экен?

-Негизи унаа толугу менен электр энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат. Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат. Аларда ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде да болсо, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбайсың, анда аны 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарыңды уланта бересиң. Биринчиден, чыгымдары абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени бул унаада эч кандай май жок экен.

Ишкердин айтымында, унааны АКШдан алып келишкен, 2014-жылы чыгарылган бул унаанын баасы 11 миң долларга түшкөн. Негизи 15-16 миң доллардын тегерегинде сатылат.

Өкмөт жакында Бишкектеги кичи автобустардын ордун газ менен жүргөн автобустарга алмаштыруу планын жарыялады. 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт.

Ошол эле учурда мурда алып салынган техникалык кароону кайра киргизгени жатат. Бирок байкоочулар өкмөттүн бул аракетин кайра эле паракорчулукту күчөтөт деп сынга алууда.

Булганган аба дүйнөнүн көйгөйү

Өткөн жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Жер планетасында ар бир он тургундун тогузу аба булганган аймактарда жашайт деп эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында кырдаал өзгөчө түштүк-чыгыш Азияда жана Тынч океан аймагынын батышында, анын ичинде Кытай, Малазия жана Вьетнамда курч болуп жатат.

Көйгөй шаарларда курч бойдон калууда, бирок айылдардагы абал көптөр ойлогондой таза эмес, кескин начарлоодо дейт уюмдун эксперттери. Уюм спутниктен алынган анализдер жана абаны текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарган. Алар дүйнөн жүзүнүн 3000дей аймагында иликтөөлөрүн өткөргөн.

ДСУ маалыматында жер шаарындагы ар бир тогузунчу өлүм бул булганган абанын кесепети, анын ичинде имараттын ичиндеги абал туралуу да сөз болууда. Мындай абал өзгөчө жакыр өлкөлөрдө кооптуу, анткени тамак даярдоодо ал өлкөлөр дагы деле көмүрдү колдонуп келишкенин айтат.

Эксперттердин баасында 2012-жылдан бери атмосферанын булганышы үч миллион чукул кишинин өмүрүн алды.

Дүйнө абаны булгаган унаалардан арылат

Электр кубаты менен жүргөн унааларды көбөйтүү дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн алдындагы максат. Көп унаа чыгарган компаниялар дагы бул жаатта атаандаштык менен иштеп келе жатышат.

Маселен, дүйнөлүк ири унаа өндүрүүчү Volkswagen 2030-жылга карата электр унааларын чыгарууга миллиарддаган доллар акча саларын убада кылган. Мындан мурун компанияга абаны булгаган унааларды чыгарат деген дооматтар айтылган. Учурда аталган компания электр унаасын чыгаруу үчүн 20 млрд евродон ашуун каражат сарптоого ниеттенип турат.

Tesla жана башка ушундай үлгүдөгү унааларды чыгарууга далаалат кылып жаткан компанияларга атаандаш болуу үмүтү бар.

Абанын булганышына каршы иш-чаралардын негизинде, Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарууга аракет кылууда.

Ушундай эле кадамга Кытай дагы бара жатат.

Көп өлкөлөр дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салуу планын жарыялашкандан кийин BMW, VW, Mercedes жана башка унаа өндүрүүчүлөр приоритеттерин өзгөртүүдө.