Кыргыз-казак чатагы: Ким күнөөлүү?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казакстан Сенатынын төрагасы Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине соңку билдирүүсүн жөнсүз асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөз катары сыпаттады. Ал арада кыргыз өкмөтү чек арадагы "Ак тилек" өткөрмө бекетине патрулдук милиция коюп, машинелердин кезегине көзөмөл койду.

Өз кезегинде Казакстан 13-октябрдан бери чек арада кыргызстандык азык-түлүкту фитосанитардык текшерүүдө 157 эреже бузуу катталганын билдирүүдө.

"Чоң саясатта эмоцияга орун жок"

Кыргыз президентинин 15-ноябрдагы билдирүүлөрүнө Казакстан Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев социалдык желелер аркылуу жооп кайтарды.

"Атамбаевдин Казакстанга жөнсүз асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай түрдөгү эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул",- деп жазды Токаев өзүнүн Twitter баракчасында.

15-ноябрда Алмазбек Атамбаев өлкөнүн туруктуу өнүгүшү боюнча стратегияны талкуулаган жыйында кыргыз-казак чек арасындагы абалга токтолуп, соңку айда Казакстандын президенти Кыргызстанга экономикалык блокада уюштуруп жатат деп сындаган эле:

"ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон деп ойлойм. Биз бул уюмда калышыбыз керек. Андан чыкпайбыз. Бирок орус, казак басма сөзүн күнүгө окуйм, анда "Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди талкалагысы келип жатат" деп жазып жатышат. Бул болбогон кеп. Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти "мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле" деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат", - деген эле президент Атамбаев.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду казак президенти кабыл алгандан кийин кыргыз-казак мамилеси сууп, кризис күн сайын тереңдеп барат.

Назарбаевдин фонду кырдаалдан чыгуунун жолдорун издөөдө

Ал арада 16-ноябрда Алматы шаарында "Кыргыз-казак чатагы: Ким күнөөлү? Эки тараптуу мамилелер кризисин чечүү жолдору" аттуу эл аралык тегерек стол үстүндө талкуу өттү.

Иш-чараны Казакстандын биринчи президентинин фонду жана Казакстандын саясат талдоочулар ассоциациясы уюштурду.

Талкууга кыргызстандык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, жарандык коом өкүлү Рита Карасартова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана башкалар катышты.

"Негизинен үч сунуш айтылды. Биринчиси бул элдик дипломатия - жарандык коом өкүлдөрү, интеллигенция, маданият адамдары колдорунун келишинче эки мамлекеттин ортосунда байланыштарды түзгөнгө аракет кылса деген сунуш. Экинчи сунуш - кыргыз жана казак бийлиги кулуардык суйлөшүүлөр аркылуу бул конфликтти чечкенге аракет кылышы абзел. Эгерде жогорудагы сунуштар иштебей турган болсо, үчүнчү сунуш - эл аралык медиаторлорго кайрылышка туура келет. Өзгөчө Түркия, Өзбекстандын жана Россиянын медиаторлору зарыл болорун айтып атышат",- деди Равшан Жээнбеков.

Конференцияга Азербайжан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Россиядан жана Казакстандан эксперттер катышты.

Жаралган кырдаалдан чыгуу жолдору изделип жаткан чакта кыргыз-казак чек арасында мурункудай тыгын болбосо да, унаалар дагы деле шыр өтүп кете албай, толгон-токой текшерүүлөргө кабылууда.

Казакстан азык-түлүк коопсуздугуна камтама

"Казинформ" маалымат агенттиги 14-ноябрда Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянуу менен кыргыз-казак чек арасында соңку бир айда 980 оор жүк ташуучу унаа текшерилгенин жазып чыкты.

Жалпы массасы 9,52 миң тонналык азык-түлүк өнүмдөрүн текшере келгенде 157 фитосанитардык эреже бузуу аныкталган.

ЕАЭБ аймагына ташылып бара жаткан кургатылаган жер-жемиш, жаңгак, алма, алмурутта зыяндуу курттар чыгып, 397,2 тоннасы жарабай калган. Ошондой 187 тонна курма, анар, жүзүмдө да мителер аныкталган. Жашылчалардан картошкада зыяндуу нематод табылып, 56,9 тоннасы жараксыз деп табылган.

Текшерүүдөн өтпөй калган жашылча-жемиштердин бир дары жок кылынса, айрымдары кайра Кыргызстанга кайтарылганы айтылууда.

Кыргыз-казак чек арасына милиция коюлду

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөргөн "Ак Тилек" бекетине Кыргызстан патрулдук милиция нөөмөтүн койду.

"Бул - патрулдук милиция кезекте турган машиналар канча убакытка өз кезегин күтүп атат убакытын эсепке алып, документтештирүү үчүн жасалууда»,- деди Кыргызстандын оор жүк ташуучу унаалар айдоочуларынын профсоюузунун төрагасы Дастан Мирякубов.

Мындан тышкары Экономика министрлиги чек арада жүк ташуучу машиналар кезекте туруп канчалаган чыгымдарды тартып жаткандыгын эсептеп чыга турган атайы жумушчу тобун түздү.

Ага оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын профсоюзунан да өкүлдөр киришкени маалым болду.

Бүгүн 16-ноябрда кыргыз президенти ЕАЭБ алкагында Казакстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар эсебиндеги техникалык көмөктөн баш тартуу тууралуу келишимди жокко чыгаруу мыйзам долбооруна кол койду.