Өзбекстан эл аралык уюмдарга кулачын ачууда

Өзбекстанда былтыр мурунку президент Ислам Каримов күтүүсүз каза таап, бийлик алмашкан

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстанда былтыр мурунку президент Ислам Каримов күтүүсүз каза таап, бийлик алмашкан
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Өзбекстанда ишин жандантууда. Шаршембиде аталган банк Ташкентте өзүнүн жаңы кеңсесин ачты. ЕРӨБдин биринчи вице-президенти Фил Баннет Өзбекстанга болгон иш-сапары учурунда жалпы наркы 120 миллион долларлык үч долбоорго кол койгонго жетишти.

Ислам Каримов күтүүсүз каза таап, президент алмашканы, өлкөнүн тышкы саясаты жумшарып, эл аралык уюмдар менен ымалашуу аракеттери жандангансыйт.

ЕРӨБ Ташкентте жаңы кеңсесин ачты

Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ташкенттеги жаңы кеңсесин директордун орун басары Алкис Вриениос Дракинос кеңсе чакан жана орто бизнести колдоону максат кыларын айтты.

ЕРӨБдин биринчи вице-президенти Фил Баннеттин Өзбекстанга болгон иш-сапары келе жаткан дем алыш күндөрү жыйынтыкталат. Ишемби күнү ал Самаркандда өткөн Борбор Азиядагы коопсуздук жана туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык конференцияга катышат.

Бүгүн башталып эки күнгө созулган конференцияга 12 жылдан бери Өзбекстанга кирүүгө уруксаат берилбеген Би-Би-Си кабарчылары да киргизилди. Иш-чарада Ооганстандан соккон чакырыктарга жооп кылуу жана дүйнөдө коркунучу күн сайын өсүп жаткан терроризмге каршы аракеттенүү чаралары талкууланып жатат.

Ташкентке болгон сапары маалында Баннет өзбек экономикасы үчүн инвестицияны мобилдештирүү өтө маанилүү экенин белгилегеп, бул үчүн маанилүү үч факторду белгиледи. Биринчиси - рынок потенциалы, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр жана жагымдуу чөйрө.

«Биринчи жана экинчи фактор Өзбекстанда бар экени анык. Үчүнчү факторду көз жаздымда калтыруу туура эмес болмок. Валюта конвертациясын либералдаштыруу менен маанилүү кадам жасалды», -деди ЕРӨБдин биринчи вице-президенти. Бирок ал дагы жасала турган иштер көп экенин да кошумчалай кетти.

Өзбекстан регионалдык интеграциянын катализатору боло алабы?

Баннет мунун алдында Ташкенттеги Вестмин университетинде болуп, студенттер жолугушкан.

«Борбор Азия аймагынын дээрлик жарым калкын түзгөн, 32 миллиондук калкы бар Өзбекстан аймактагы бардык мамлекеттер менен чектешип, өзгөчө уникалдуу жайгашкан өлкө. Бул анын регионалдык интеграциянын катализатору болуусуна шарт түзөт. Өзбекстандын бажы жана чек ара жаатындагы процедураларды жеңилдетүү кадамдарын колдойбуз», -деди өз сөзүндө Баннет.

Мирзеев бийликке келгени Өзбекстанда инвестициялык климат кыйла жакшырды. Алалы былтыр өлкөгө Европадан эл аралык класстагы Man, Claas, Deutsche Kabel, Knauf, АКШдан GM, Япониядан Suzuki, Кореядан Daewoo жана Туркиядан текстиль тармагы боюнча инвесторлор тартылды.

Инвестициялык климат жакшырды, бирок көйгөйлөр бар.

ЮНКТАДдын билдирүүсүндө Өзбекстандагы резидент эмес жарандар 2016-жылы тикелей инвестициялардын 9 миллиард долларлык активдерине ээлик кылган. Бул Өзбекстан үчүн жаман эмес көрсөткүч, ошентсе да Казакстандагы аналогиялык көрсөткүч - 120 миллиард долларды түзөт.

«Бизнести жүргүзүү» рейтинги боюнча Өзбекстан быйыл 74-орунга жылды, былтыр ушул эле рейтингде ал 87-орунду ээлеген эле. Бул жерде Өзбекстандын салык жаатындагы соңку реформалары эске алынган.

Бирок ошол эле убакта трансчектүү соодада, майда инвесторлорду коргоо жана курулушка уруксаат алуу, ошону менне бирге банкрот маселесин чечүү жаатында дале көйгөйлөр бар экени белгиленди.

Өзбекстанда саясат жумшарды

Талдоочулар Шавкат Мирзиёев бийликке келгени Өзбекстан экономикада болобу, тышкы саясаттабы бир аз жумшарып, дүйнө коомчулугу үчүн мурдагы жабык өлкөдөн ачыктыкка өтүп жатканын айтышууда.

"Шавкат Мирзиёев узак жылдар бою Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп иштеди. Маркум президент Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин ал бийликке келип, президенттигинин алгачкы күндөрүндө эле мамлекетте абал өзгөрө баштады. Коңшулары болгон Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен тез аранын ичинде мамилесин жакшыртып, бул дүйнө коомчулугунун назарын бурду", - деди Би-Би-Си Өзбек кызматынын өкүлү Хайрулло Файз.

Ошондой эле бийликти, башкарууну сындап келген, көп жылдан бери абакта кармалып келген саясий, диний ишмерлер Мирзиёев келгенден кийин азаттыкка чыга баштады.

"Жакында Human rights watch сыяктуу адам укугун коргогон эл аралык уюмдарга, Би-Би-Си өңдүү маалымат каражаттарынын иштөөсүнө уруксат берилиши мүмкүн. Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстанда кайрадан ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштады. Эртең Самарканд шаарында Евробиримдик жана Борбор Азия өлкөлөрү менен биргеликте эл аралык иш-чара уюштурулуп жатат. Бул да болсо Өзбекстандын дүйнөгө ачылып жатканынан кабар берет" - деп кошумчалады Хайрулло Файз.

Ушу күндөрү Ташкентке Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерени да иш-сапары уланууда.