You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан миллиард кВтс электрди экспорттоду
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте эксперттердин катышуусунда жыйын өтүп анда, Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык көрсөткүчтөрү талкууга алынды. Айрым баяндамачылар экспорт, импорт маселесине токтолуп, Кыргызстан биримдикке кирген өлкөлөр ичинде электр энергиясын экспортоого толук мүмкүндүгү бар экенин баса белгиледи.
Бирок электр энергиясында ички муктаждыктан сырткары да чече турган көйгөйлүү маселелер көп деген пикирлер жок эмес.
Жыйындын жүрүшүндө мурдагы вице-премьер-министр Олег Панкратов кызматта турганда электр энергиясын экспортто боюнча алгылыктуу иштер жасалганын баса белгиледи. Мында сөз, электр энергиясын сатуу жана сатып алуу маселесинде дагы биримдиктин бирдиктүү аянтын түзүү тууралуу болуп жатат.
"Электр энергиясын сата турган бирдиктүү аянтча түзүү тууралуу сөз болгон. Мындай чечимдер кабыл алынып, эки аянтча аныкталган. Бул бизде электр энергия тармагындагы кайсы бир маселелерди да чече алабыз дегенди түшүндүрөт. Эгер биз ашыкча өндүрсөк аны ошол биржа аркылуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге рынок бекиткен баада сатуу абдан жеңил болот. Кокус тартыштык чыгып кала турган болсо биз кайсы бир энергия өндүрүүчүгө барып, кымбат болсо да сат деп суранып олтурбайбыз. Дароо эле ошол биржага чыгып, арзан баада сатып ала алабыз"- дейт мурдагы вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Улуттук энергохолдинг Кыргызстан суунун молдугунан улам ушул жылдын июнь айынан тарта Өзбекстанга экспорттоо башталганын, алдыда электр энергиясынын таңкыстыгы болбой турганын Би-Би-Сиге билдирди.
"Электр энергиянын Өзбекстанга экспорту ушул жылдын июнь айында башталган. Эки тараптуу келишим июнь айынан октябрь айына чейин деп түзүлгөн. Азыркы учурда ушул келишимдин негизинде 952,9 млн. кВтс электрэнергия экспорттолду. Жалпы 1200 млн. кВтс пландаштырылган. Электр энергиянын экспорттук баасы 2 АКШ центти түзөт. Экспорттолгон электр энергиядан тышкары, ички муктаждыкты толугу менен камсыз кыла алабыз",- дейт аталган мекеменин пиар адиси Аман Калыбеков.
Бирок энергетика тармагынын ардагери, эксперт Расул Үмбөталиев бул экспорт иши да туура эмес, арзан баада сатылды деп сынга алууда. Ал сүйлөшүүлөр иинине жетпей Казакстан энергия алуудан баш тартып, Өзбекстанга болсо арзан сатылды деп эсептейт.
Ал ошондой эле электр энергиясы экспортко чыгармак турсун Кыргызстандын өзүндө электр тартыштыгы болуп келгенин, өзгөчө кыш мезгилинде бул жыйырма пайыздын айланасына жетээрин айтууда. Ал алгач эки фазалуу колдонууларды чектеп, кыштын күнү аркандай себептерди айтып электр жарыгын өчүрбөгө чакырууда. Умбөталиев өндүрүлгөн электр энергияны кайра бөлүштүрчү ишканаларда олуттуу маселелер арбын деп эсептейт.
Экономист Жумакадыр Акенеев Кыргызстан арзан жана көп көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүп сатууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, курула турган чакан жана ири ГЭСтер боюнча өкмөт инвесторлор менен кылдат иш алып барса жылыштар болот деп эсептейт. Анын пикиринде өкмөт инвестор тартуу жана тендер өткөрүү маселесинде аксап жаткандыгын жүйө келтирди.
Кыргызстан мындан эки жыл мурун кыш мезгилинде электр энергиясын Казкстандан импорттоп алууга аргасыз болгон. Анда өкмөт кандай гана болбосун элди жарык менен камсыз кылуу керектигин айтса, айрым эксперттер баанын ашкере кымбат экенин айтып чыккан эле. Бул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын "РусГидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учураган. Ишке ашпай калган долбоорду Чех инвесторлору кура турган болуп, ал да аягына чыкпай токтоду.