You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ж. Оторбаев: Кытай экономикасынын өсүшү тездеди
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн Бишкекте экономисттердин жана ишкерлердин катышуусунда Евразия экономикалык биримдиги менен Кытай демилгелеп жаткан "Бир алкак -бир жол" долбоорунун кызматаштыгы тууралуу жыйын өттү.
Би-Би-Си мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылып, Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык таасир талашуу долбоорунда Кыргызстан кандай стратегияны тандоосу керек деп сурады.
Ж.Оторбаев: Бул эки долбоор менен бирдей кызматташуубуз абзел. Бул бир эле Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азия үчун маанилүү. Биз Казакстан менен бирге ЕАЭБге киргенбиз. Баарыбыз билгендей мурунку Батыш экономикалык бирмдиги төмөндөөдө. Азыркы кылымда Азия экономикасы алдыга озот. Ошонун башында Кытай турат. Учурда дүйнөдөгү экинчи экономика, алар кыска убакыт ичинде биринчиге чыгат. Алар жаңы Жибек-Жолун ачып жатышат.
Бизге чек аралаш, келечеги өтө чоң. Бирок бир жагынан Кытай менен Россиянын ортосунда гармония болуусу шарт. Биздин көтөрүп жаткан маселебиз эки өлкө эле эмес, Кыргызстан кошулуп үч мамлекеттин кызматташтыгы. Биз мунун кай жагында проблемалар бар, кайсы проблемалар эң актуалдуу экенин талкуулап жатабыз.
Би-Би-Си: Серепчилер Кыргызстанда Орусиянын таасири күч экенин айтып келет. Ошого карабай соңку жылдары Кытайдан инвесторлор келип жаткандыгын, алардын да инвестициялары өсүп жатканын белгилеп жатышат. Бул тенденция мындан ары кандай болушу мүмкүн?
Ж.Оторбаев: Бизге бир гана нерсе керек. Кытайданбы, Орусияданбы же башка өлкөдөнбү тышкы түз инвестициялар зарыл. Бизге алар канчалык көп инвестиция алып келсе, жумушчу орундарын түзсө, салыгын төлөсө бизге ошончолук пайда. Ошондуктан биз бул жагынан дүйнөгө ачык болушубуз керек. Бирок реалдуу сөз менен айтсак чоң деген мамлекеттер арасында бизге кытайлыктар, казакстан, россиялыктар гана кызыгып келет. Ошондуктан биз аларга негизги багыт катары көңүл бурушубуз керек.
Жоомарт Оторбаевдин маегин бул жерден толук уксаңыз болот