You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
YouTube жана ТВга чакырык: Facebook видеоконтентин өнүктүрөт
Дүйнөдөгү эң ири социалдык сайттардын бири Facebook видео продукцияларын өнүктүрүү ниетин билдирди. Келечегинде салттуу телекөрсөтүү жана интернет желесиндеги базарда гигант саналган YouTube сайтына атаандаш болууга умтулууда.
"Фейсбукта» видео үчүн өзүнчө тизмек өткөн жылы Америкада ишке киригизилген. Ага негизинен кыска жаңылыктар жана кыска түрдүү тасмалар киргизилүүдө. Компаниянын идеясы боюнча видеотизмекти жаңы Watch функциясы алмаштырышы керек. Бул жерге көпчүлүгү Facebook акчасына жасалган видеопрограммалар жайгаштырылат.
Жаңы функция башында АКШдагы айрым колдонуучулар үчүн гана ачык болуп, кийин дүйнө жүзүнө тарамакчы. Айрым тасмалардын узактыгы он минутадан да ашык болот. "Фейсбуктун» өкүлү Дэниэл Денкердин айтымында, колдонуучуларга ленатасында кокустан эле видороликтин кездешип калганы жагат. Бирок өзүнчө тизмеден видео көрүү алардын көңүлүнө төп келет.
Watch ар бир колдонуучуга ылайыкташтырылат. Ал жерге биринчиден достору "жакты" белгисин баскан гана программалар түшөт.
Интернеттеги видео базары жөнөкөй эмес жана жогорку атаандаштык бар.
Ага "Фейсбуктун» кирип жатканы өзү үчүн да, видеоконтенттин өндүрүүчүлөрү үчүн да кошумча киреше болот. "Фейсбуктун» эксклюзивдүү өнөктөштөрү кирешенин 55% алат. Бул эми негизинен жарнамадан түшө турган акча. Ал эми калган киреше соцтармакка калат.
Алдыда Facebook видео рыногунда тиш кагып калган YouTube жана Netflix менен эле эмес, Disney жүзү менен жаңы чыгып жаткан оор салмактагылар менен да атаандашмакчы. (AbA)