Бишкектиктер дарактардын кыйылышына каршы чыкты

Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында “Зеленострой” кызматкерлери бүгүн дарактарды кыйып, бул шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты.

Аталган көчөнүн туурасынын узундугу учурда 7,9 метр , бирок мэрия аны 11 метрге чейин кеңейткиси келет. Бак-дарак кыюуга каршы чыккан 10 активистти милиция кармап кетип, Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Азырынча ал адамдарга кандай айып тагылары белгисиз.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов жалпысынан 143 дарак кыйылып, ордуна 208 жаңысы отургузуларын билдирди.

Бирок бүгүн бактарды кыюуда кызыл эт балапандар жерге түшүп, алардын сүрөттөрү социалдык желелерде тарап, шаардыктардын кыжырын келтирүүдө.

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы буга чейин нааразылыгын билдиришкен эле. Аталган райондо 800 түп дарак кыйылат делүүдө.