You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Байыркы Мысыр: Археологдор 4400 жыл мурунку сөөк коючу жайды табышты
Мысырда археологдор маанилүү ачылыш жасады. Алар 4400 жылдан бери кол тие элек турган сөөк коючу жайды табышты.
Изилдөөчүлөр соңку он жылдыкта мындай ачылыш болгон эмес эле деп белгилеп жатат. Күмбөз Каирден 30 чакырым аралыктагы Саккара кыштагынан пирамида комплексинен табылган.
Археологдор бул жайды казууга киришти. Алар кызыктуу табылгалар чыгат деп үмүттөнүп жатышат. Анын ичинде саркофаг да табылышы мүмкүн.
Диний кечилдин сөөгү коюлган болушу мүмкүн делген күмбөз Каирден 30 чакырым аралыктагы Саккара кыштагынан табылды.
*