"Гастарбайтер же кабарчы": өмүргө из калтырган насаатчыларым

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

"Тажрыйба - эң мыкты насаатчы" деген сөз бар. Бирок тажрыйба жылдап-жылдап чогулуп, ал кишилер аркылуу берилет. Кудайга шүгүр, мен башынан эле насаатчылардан жолдуу болуп келе жатам.

Би-Би-Си Кыргыз кызматында иштеп калганым өзүнчө кызык окуя болгон. Жогорку окуу жайынын акыркы курсунда эле "Ош жаңырыгы" гезитинде иштеп калдым. Үч жылдан кийин басылманын жооптуу катчысы болдум. Гезитте иштеп жүргөндө белгилүү журналист, жазуучу, коомдук ишмер Токтобай Мүлкүбатов менен тааныштык. Редакцияга келет, анда-санда жазгандарыма көз салып жүрсө керек. Айтор, мага ылым санап, журналисттик өнөр тууралуу кеп-кеңештерин берет, адабият тууралуу сүйлөшөбүз. Дүйнө таанымы кенен, сөзмөр, өзү да калеми курч, мыкты киши болчу.

Анан ал киши мени ошол кездеги Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери Арслан Капай уулу Койчиев менен телефон аркылуу тааныштырды. "Балананчы күнү саат мынчага Кадыр агайыңдын (Кадыр Кошалиев, ЭлТРдин жетекчиси эле) ишине барасың, ошол жерден телефону аркылуу сүйлөшөсүңөр" деди. Ошентип Арслан агай менен таанышып калдык. Кез-кезде чалат, Ош аймагында орчундуу жаңылыктар тууралуу, көйгөйлөр тууралуу маек берем. Аны кечинде Би-Би-Сиден угам, гезиттеги ишимди болсо улантып жүрөм. Анда "Би-Би-Сиде иштесем болобу?" деген суроо менин оюма да келчү эмес. Ортодо байланышты жоготуп алдык.

Бара-бара калем менен тапкан акча өтө эле жупуну көрүнүп, көңүлүм бузула баштады. Батирге төлөсөң тамак-ашыңа артпайт, кийинип алсаң, батириң төлөнбөй калат. Гезиттен кетем деп чечтим. Ал учурда менин бир тууган эки агам Орусияда иштеп жүрүшкөн. Алар менен байланышып, Москва шаарына кете турган болдум. "Келе бер, жумуш бар" дешти. Бирок кашайып "паспорт алуу" деген оңбогон машакатуу иш болду. Элдин баары ушундан өтө кыйналчу. Паспортумду күтүп бир ай жүрүп калдым. Улуу агам менен менден кичүү иним кошо кетмекпиз, алар мени күтүп жүрүшөт. Бир күнү улуу агам чалат, "үйдөгү телефонго сени Лондондон бир киши издеди" деп. Мурда байланышып жүргөндө ошол үйдүн телефонун бериптирмин, анда менде чөнтөк телефон жок. Кийин миграциядан жүргөн агам белек кылып, телефондуу болгом. "Сенин номериңди бердим" деди. Көп өтпөй Арслан агай чалып калды. Ал-акыбал сураштык.

-Эмне менен алексиң?- деди.

-Гезиттен кеттим, Орусияга баратам,-дедим.

Аки-чүкүлөп баарын сурады. Анан Би-Би-Си Кыргыз кызматы Оштон кабарчы ала турганын кабарлап:

-Гастарбайтер болосуңбу же кабарчыбы?-деди тамаша чынга салып.

-Өзүмдү сынап көрөйүн,-дедим оозум бош. 25 жашымда Би-Би-Синин командасына кошулуп, бир жыл боюу Ошто Лондон менен Бишкектеги кесиптештеримдин эч кимисинин жүзүн тааныбай радио материалдарды жасап иштедим. Чыныгы журналисттик турмушту ушул жерден көрдүм.

-Балалуу келиндей болуп, ишиңди таштап кете албайсың,-деп сөктү кээ бир достор.

Таң атпай жумушка келип, баш сөзүңдү жазып:

-Бүгүн ушул макаланы даярдап бер,-дейт Бишкектен Султан агай (Жумагулов).

Лондондон бизде түш оой баштаганда Арслан агай чалып, кээде башка тапшырма берип Бишкектен алган тапшырмам калып кетет.

"Саат жетидеги анан тогуздагы Би-Би-Си уктурууларын калтырбай угуп, башкаларды даярдаган материалдарга окшоштуруп жасаганга аркет кыл",-дейт илең-салаң боло калсам, ийлеп-ийлеп туруп, өзүңө келтирген Гулнара эже (Касмамбетова) .

Эмне темаларды жасоо керектигин көбүнчө Арслан агай айтып берип, жол көрсөттү. Ошонусу мага жеңил болду. Абдан кыраакы, айрым окуяларды алдын-ала көрө билгени, журналистканын эл аралык стандарттарын кыргыз коомуна ылайыктай билгени менен башкалардан айрымаланып турчу. Ошонусу менен баалап азыркы күнгө чейин кеп-кеңешин угуп, устат катары тутунуп жүрөм.

Радио материалдарды кантип даярдашты Ибраим агай (Нуракун уулу), Чолпон Бекболотова эжелер үйрөтүшөт. Кийин биздин командага Назгүл Коңурбаева кошулуп, экөөбүз жамааттын кичүүсү болуп, "атка жеңил, тайга чак" элек.

Башында жазган текстимди Султан агай редакциялап берчү. Ошентип жүрүп бир күндөрү эле жазган текстерим азыраак оңдолуп, бара-бара "жаздыра бер" деген сөз менен ошол калыбында артка келе баштады. Би-Би-Синин журналисттик алиппесин ушунтип окуп баштадым. Насаатчыларымдын баарынын өз-өзүнчө артыкчылыктары бар эле. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу биринчи кабарчысы болуу менин бешенеме жазылган экен.

Би-Би-Си мага биринчи кезекте жоопкерчиликти үйрөттү. Ооба, окурман, угарман алдындагы жоопкерчилик. Сен миңдеген кишилерге кайсыл бир окуя тууралуу айтып берип жатасың. Сага алар ишенип угуп жатышат. Демек, ырасталбаган же такталбаган кабарларды таратуунун кесепетин өзүң элестете бер.

"Элдин баары дүрбөп, эмоционалдуу учурларда сенин мээң муздак болсун!",-деп үйрөттү бизге. Бул жылдар аралыгында Кыргызстанда кандай курч окуялар өттү. Кишилер мындай учурда эмне болуп жатканын билгиси келип тынчсызданып турат. Июнь коогалаңынан эки айдан кийин Ошто террорчуларды кармоо боюнча атайын операция өткөн. Башында анын операция экенин билбей эл кайра дүрбөп, ар-ар жерге чогулуп, орр кырдаал жаралып кетти. Кечке маал болчу. Күч органдарынан маалыматтарды тактап, түз эфирге камынып жатсам, Султан байке чалат (анда ал башка жумушта эле):

-Кырдаал кандай?-деп. Көргөн билгендеримди айтып бердим. Көрсө, жергиликтүү кабарчылардын бири кырдаал тууралуу "азырынча тынч эле" деп айткан экен.

-Азырынча тынч эле болсо, анан согуш болобу?-деп нааразы болуп, анан сурай турган киши издеп мага чалган экен. Анан менден сурады:

-Силер түз эфир кыласыңарбы?,-деди.

-Ооба, азыр саат жетиде түз чыгабыз,-деп айттым. Эфирден кийин дароо Султан агай кайра чалды:

-Силер кеңири маалымат бердиңер,-деди ыраазы болуп. Кийин өзү жазган китепте "опуртал фактыларды расмий, көз-карандысыз жана күбө болгон тараптардан такталмайын же тастыкталмайын коомчулукка таратпоо эрежеси" тууралуу кеңири токтолгон экен. Би-Би-Си кыргыз медиасына мына ушундай кеңири түшүнүктөрдү алып келди, стандарттарды, ыкмаларды таратып, калыптандырды.

Түз эфирдеги маектер абдан курч жана маңыздуу болчу. Бул жагынан Акчолпон Койчиеванын алдынан чыккан эч ким жок эле бизде. Бирде "өзбек чек арачылары аткезчилик боюнча кыргыз айылдарына кирип келип айрым үйлөрдү текшергени боюнча" радио материалдар даярдадым. Кечинде түз эфир учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчилеринин бири менен Акчолпон Койчиева маек уюштурду. Расмий киши эмоцияга алдырып, катуу-катуу сүйлөп, мына эми экөө уруша кетет дегендей абал түзүлдү. Бирок ошол жерден дагы Акчолпон эже, курч суроо берсе дагы жумшак сүйлөп кырдаалды жайгарган. Мындай учурлар көп болду. Биз үчүн мунун баары тажрыйба эле.

Дүйнөдө маалымат технологиялар өтө тездик менен өнүктү жана биз өздөшүрүп үлгүрө албаган деңгээлде өзгөрүүдө. ЖМКлар кишилердин убактысын өзүнө бурдуруу үчүн өжөр атаандаштыкка түшкөнүнө көп болду. Маалыматтык согуш деген тушүнүктөр кеңири жайылды. "Фейк жаңылык", "анын кесепети менен күрөш", "жаңылыктардын биздин психикалык саламаттыгыбызга тескери таасири" деген талкуулар, изилдөөлөр кадимки көрүнүш болуп калды. Ушундай абалда Би-Би-Синин журналистикалык эл аралык бекем эрежелери, талаптары дайым башкаларга үлгү бойдон кала бермекчи.

Би-Би-Сиге ар кайсыл учурда иштеп келип-кеткен кишилер саналуу эле. Ошол кишилерге окуучу болуп, аларды тажрыйбасын үйрөнгөнүм менин өмүрдүн эң маанилүү бөлүгү болуп калды. Ал үчүн ушул жылдар аралыгында ийиндешип иштешкен улуу, кичүү кесиптештеримдин баарына терең ыраазымын!