You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Алматы калаасында Манаска эстелик тургузуу демилгеси көтөрүлдү
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Казакстандын түштүк борбору Алматы калаасында Манас-Атага эстелик тургузуу демилгеси көтөрүлдү.
Демилге жөн жерден жаралган жок, ага негиз бар. Себеби, Алматынын борбордук бөлүгүндө Абай проспекти менен Сатбаев көчөлөрүн бириктирип турган Манас көчөсү бар. Кыргыз-казак боордоштугунун урматына ушинтип аталган.
Манас көчөсүн жашылдандырып, көрктөндүрүү ишин жүзөгө ашырган теги кыргызстандык ишкер Абдыбек Жалилов жакында калың элге кайрылып, Алматынын Манас көчөсүнө Манас-Атанын эстелиги тургузулса, куп жарашкан турат деп айтты. Колдоого алаарлык демилге көтөрдү.
Адатта, кыргыз-казак достугу тууралуу кеп кылганда "Манас" дастанын изилдөөгө өлчөөсүз салым кошкон Чокан Уалихановду, Муктар Ауезовду оозго алабыз. Эгерде Абдыбек Жалиловдун демилгеси жүзөгө ашып калса, Манастын казак жергесиндеги тунгуч эстелиги болуп калмакчы.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.