You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
НАТО Орусиянын Украинага кол салуусуна кандай жооп берди?
НАТО аскердик бирикмеси жакында кеңейиши мүмкүн, Финляндия менен Швеция альянска мүчө болууга арыздары жакынкы апталарда канаатттандырылышы мүмкүн деп күтүлүүдө.
Орусия Украинага кол салгандан кийин НАТО өлкөлөрү азыркы учурда Украинага курал-жарак, ок-дары жана башка аскердик жабдууларды камсыз кылууда.
НАТО деген эмне?
НАТО - англисче аталышы North Atlantic Treaty Organization, NATO — Түндүк Атлантика Келишим Уюму 1949-жылы 12 өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Канада жана Франциянын катышуусу менен түзүлгөн аскердик бирикме.
Бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн бирине куралдуу кол салуу болгондо, башка мүчөлөр ага жардам берүү үчүн бардык күчүн жумшоого макулдугун билдиришет.
НАТОнун баштапкы максаты - Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Европадагы орус экспансиясы коркунучуна каршылык көрсөтүү болгон.
Советтик Орусия бул бирикменин түзүлүшүнө “Варшава Келишими” деген аталыш менен белгилүү, Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөрдөн түзүлгөн аскердик бирикмени түзүү менен жооп кайтарган.
Советтер Союзу 1991-жылы ыдырап кеткенден кийин, Варшава Келишимине мүчө болгон өлкөлөрдүн бир тобу НАТО уюмуна кошулуп кеткен.
Швеция менен Финляндия НАТОго кошула алабы?
АКШ расмий бийлигинин өкүлдөрү, Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө болуу арызын быйыл июнь айында карайт деп күтүп жатышат. Эгер бул эки өлкө бирикменин катарына кошула турган болсо, альянс мүчөлөрүнүн саны 32ге жетет.
АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Москва Украинага кол салып, “өтө чоң стратегиялык ката кетирди”, анын мындай кадамы НАТОнун мындан ары дагы кеңейишине алып келиши толук ыктымал.
Эмне үчүн НАТО өз аскерин Украинага жибербейт?
Анткени Украина НАТОго мүчө эмес, Түндүк атлантикалык альянс бул өлкөнү коргоого келүүгө милдеттүү эмес.
НАТО өлкөлөрү өз аскерлери Украинада орус аскерлери менен кагылыша турган болсо, бул кырдаал Орусия менен Батыштын ортосунда өтө чоң аламан согушка алып келет деп кооптонуп турушат.
НАТОнун айтымында, анын мүчөлөрү “Украинага колдоо көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон нерсенин баарын кылууга ниеттенишет”, бирок согуш Украинанын чек арасынан тышкары кулач жайып кетпешин камсыз кылууну көздөшөт.
Мына дал ушул себепке байланыштуу, НАТО Украинанын аба мейкиндигинде учпоо аймагын киргизүүдөн баш тарткан.
Эмне үчүн Орусия НАТОго каршы?
НАТО 2008-жылы Украинага альянска мүчө болуу жолун сунуштаган. Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин, Украина НАТОго мүчө болуу маселесин күн тартибинде биринчи кезекке чыгарган.
Украина НАТОго мүчө болгон жок, буга негизинен Орусиянын альянска каршы мурунтан бери келе жаткан оппозициялык маанайы себеп болду. Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө чейинки талаптарынын бири - Украина эч качан НАТОго мүчө болбош керек. НАТО бул талапты кабыл алуудан баш тарткан.
Орусиянын НАТОго каршы кооптонуулары бар - НАТО Чыгыш Европадан улам-улам жаңы мүчөлөрдү кабыл ала берип, анын саясий таасир аймагына кийлигишип жатат, эгер Украина альянска кире турган болсо, НАТО анын босогосуна келип калышына жол берилет деп эсептейт.
Президент Зеленский азыркы учурда Украина НАТОго кошула албасын моюнга алууда: “Украина НАТО мүчөсү эмес экени айдан ачык. Биз муну түшүнүп турабыз”.
НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага кандай курал-жарактарды жиберди?
Алгач НАТО өлкөлөрү коргонуу багытындагы курал-жарактарды, мисалы, танкаларга каршы жана абадан чабуул кыла турган объектилерди атып түшүрүүчү ракеталар менен ок-дарыларын гана берип жатты.
Ал эми азыркы учурда, Украина орус аскеринин мизин кайтарышы үчүн бир нече НАТО мүчөсү Украинага татаалыраак аскер жабдууларын камсыздап баштады.
- Словакия өзүнүн “С-300” абадан коргонуу системасын жиберди — ал 400 км алыстыкта учуучу объектилерди атып түшүрө алат
- Чех Республикасы Т-72 танкаларын жана жөө аскерлерди ташуучу сооттолгон БМП унааларын жиберди
- Улуу Британия менен Австралия сооттолгон унааларды жиберүүдө
- Германия танкаларды жана башка сооттолгон унааларды жиберүүнү ойлоп жатат, бирок дале бир чечимге келе алган жок
- Жакын арада Брүсселде өткөн НАТО мүчөлөрүнүн жолугушуусунун алдында, Улуу Британия Украинага 6000 коргонуучу ракеталарын жана анын куралдуу күчтөрүнө эмгек акысын төлөө үчүн 25 млн стерлинг фунтун жардам бергени жатканын жарыялаган.
Улуу Британия 4000ден ашуун ийинге коюп атуучу NLAW үлгүсүндөгү танкаларга каршы көчмө ракеталарды жана бир нече Starstreak ракеталарын жеткирип берип койду.
Ошондой эле Украинага сооттолгон күрмөлөр, туулгалар жана бут кийимдер берилди.
Мындан тышкары, Улуу Британия Польшага өтө алыска уча алуучу Sky Sabre абадан коргонуу системасын жана аны башкара турган 100 адисин жайгаштырды.
АКШ алгач жалпы наркы 200 млн, андан кийин 350 млн долларга барабар болгон курал-жаракты жиберди. Буга Javelin ракеталары, Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплекстери жана сооттолгон кийимдин түрлөрү кирди.
АКШ коопсуздук тармагында суммасы 1 млрд доллар болгон жардам берүү жөнүндө жар салган. Бул суммага Switchblade үлгүсүндөгү танкаларга каршы дрондор сыяктуу алыскы аралыктан иштей алуучу татаал курал-жарактар кирет.
Евробиримдик Украинага курал-жарак жеткирүүнү каржылоо үчүн 450 млн еврого чейин акчаны жумшай турган билдирди. Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу согуш майданына курал-жарак жеткирүүгө жардам берди.
Нидерланддар, Бельгия, Польша, Эстония, Латвия жана Словакия да Украинага аскердик жабдуу, ок-дары, күйүүчү май жана азык-түлүк жеткирип жаткан өлкөлөрдүн катарына киришти.
Чыгыш Европада НАТОнун канча аскери бар?
Соңку аскердик жайгаштыруулар макулдашылганга чейин эле НАТО аскерлери түндүктө Балтика республикаларынан тартып түштүктө Румынияга чейинки чөлкөмдө жайгашкан болчу.
НАТО аскерлери бул чөлкөмдө 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жайгаштырылган жана Орусия НАТО аймагына жортуул кыла турган учурда “керме тор” катары кызмат кылууга арналган.
НАТО Орусия жана Украина менен чектеш Чыгыш Европа мамлекеттерине өзүнүн 40 миң жоокерден турган "Жоого каршы жооп берүү күчтөрүнүн" бөлүктөрүн жиберди.
Мунун катарына жогорку күжүрмөн даярдыкта турган 100 кыргынчы учак жана 120 кеме кирет, анын ичине Ыраакы Түндүктөгү деңиздерден баштап, Чыгыш Жер ортолук деңизге чейин сууларда кайгуулга чыккан үч авиа-ташуучу топ да кошулган.
АКШ өз аскерин азыркы учурда НАТОнун Эстония, Латвия, Литва жана Польшада жайгашкан көп улуттуу күжүрмөн топторуна, жана ошондой эле Румыниядагы көп улуттуу бригадасына кошумча күч кошуу аркылуу Европага көбүрөөк жоокерлерин жиберүү милдеттенмесин алды. (KGNE)