Украинага Батыштын куралы жардам берип жатабы?

Жонатан Бейл, коргоо боюнча кабарчы

Украинанын армиясы Орусиянын тик учактары “жерден асманга аткан” ракеталар менен атып түшүрүлгөнү тартылган бир нече видеолорду чыгарды.

Өткөн аптада чыккан бир видеодон Орусиянын тик учагы дарактардан бир аз жогору деңгээлде, төмөн учуп жүргөнүн көрүүгө болот. Анын траекториясынын артынан түшүү “жерден асманга аткан” ракетанын түтүн каптаган изине алып барат. Ракета көз ачып жумганча өзүнүн бутасына барып тийди. Сокку урганда орустун тик учагы жалындуу топко айланып, анан жерге кулап түшөт.

Орусиянын учагын Украинанын күчтөрү атып түшүрүүдө. Аскердик аналитиктердин ою боюнча, Батыш жакында эле берген курал-жарактар колдонулуп жатканына далилдер бар.

Королдук Бириккен кызмат институтунда аба күчтөрү боюнча изилдөө жүргүзгөн Жастин Бронктун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Украинада бери эле дегенде Орусиянын 20 учагы — тик учактар да, учактар да — атып түшүрүлгөнү боюнча визуалдык ырастама бар. Бул Украинанын коргоо министрлиги айтып жаткан сандан бир топ эле аз. Аталган мекеме Орусиянын 48 учагын жана 80 тик учагын атып түшүргөнүн билдирди. Бирок сандардын аз болгону Орусия абада үстөмдүккө ээ боло албай жатканына ишарат кылат.

Украина дагы жоготууга учураган. Бирок Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Би-Би-Сиге билдиргендей, Орусия азырынча өлкөнүн аба коргонуусун жана аба күчтөрүн кыйрата алган эмес.

Согуш башталганга чейин чек арага жайгаштырылган Орусиянын аскердик учактары Украинаныкына караганда жок эле дегенде үч эсеге көбүрөөк болчу.

Уоллестин айтымында, Украина аба коргонуу каражаттарын ордунда кыймылдатпай кармап турганы орустарды учактарын байкатпай түндөсү учурууга мажбурлап жатат.

Ийинден атылган абадан коргонуу ракеталары Батыш Украинага берген курал-жарактардын бири гана. Ага АКШда жасалган Стрингер “жерден асманга” аткан ракеталар кирет. Алар 1980-жылдары Афганистанда Советтик учактардын баш оорусу болчу.

Так санын айтуу кыйын. Өткөн аптада Уоллес Би-Би-Сиге айткандай, Батыш “миңдеген” танктарга каршы куралдарды жана “миңден ашуун” Стрингерлерди жеткирген. CNN телеканалы АКШнын коргоо министрлигинин расмийлерине таянып, жалпы 17 миң танктарга каршы курал жана 2 миң Стрингер АКШ менен НАТО шериктештер тарабынан жөнөтүлгөнүн санап чыккан.

Орусия бастырып кирүүнү 24-февралда баштаганга чейин эле Британия менен Америка Украинага курал-жарактарды берген. Британия 2 миң танктарга каршы жеңил ракета (NLAW) менен камсыздаган. Аталган куралдар Орусиянын куралдуу колоннасына каршы колдонулуп жатканы боюнча суроого Уоллес “аны ырастай турган бейрасмий маалыматтарыбыз бар” деп жооп берди.

Мылтыктар менен жардыргычтар

Көптөгөн өлкөлөр Орусиянын басып кирүүсүнө жооп иретинде эми гана курал-жарактарды жөнөтө баштады. Жалпысынан 14 өлкө куралдары берген. Алардын арасында Швеция менен Финляндия бар. Эки өлкө тең узак убакыттан бери нейтралдуулукту сактап келет жана НАТОнун мүчөсү эмес. Бирок экөө тең танктарга каршы миңдеген куралдарды Украинага жөнөтүштү.

Германия 1000 танкка каршы куралды жана 500 Стрингер ракетасын жеткирди. Балтика өлкөлөрү дагы миңдеген курал-жарактарды берди. Алардын арасында Стрингер жана Javelin ракеталары бар. Javelin — 2,5 км аралыкка чейин ата алган танктарга каршы эң эффективдүү куралдардын бири. Украина Орусиянын T-72 танктарын ийгиликтүү түрдө кыйратканын айтып чыкты.

Жакында эле он миңдеген чабуул мылтыктары, пулеметтор, танктарга каршы миналар, жүздөгөн тонна ок дарылар жана ошондой эле бронежилеттер, шлемдер жана медициналык каражаттар жеткирилди.

Курал-жарактар кантип жеткирилүүдө?

Британия аталган курал-жарактарды жеткирүүгө “көмөктөшүп” жатканын айтууда. Батыштагы расмийлер куралдар кантип жиберилгени боюнча маалымат беришкен жок.

Бирок Орусиянын аскердик операциялары Украинанын чыгышына басым жасап жаткандыктан өлкөнүн батыш тарабы аркылуу коңшулаш Европа өлкөлөрүнөн адамдар менен жүктөр келип жатканы сыр эмес. Би-Би-Си Эстониянын, Швециянын жана Даниянын коргоо министрликтери менен сүйлөштү. Алардын баары жөнөтүлгөн курал-жарактары Украинага соңку апталарда ийгиликтүү жеткирилгенин ырасташты.

Курал-жарактардын партиясынын ортосундагы айырмачылык канчалык чоң?

Батыш камсыздаган куралдардын жардамы тийиши мүмкүн. Бирок ал үчүн Украина аларды колдоно алган куралдуу күчтөргө ээ болуусу кажет.

Бронктун айтымында, Украинанын эскирээк, Советтик доордон калган абадан коргонуу системаларын кармап туруусу Орусиянын учактарын төмөнүрөөк учууга мажбурлаган. Эски система алысыраак аралыкты камтыйт. Бирок анын натыйжасында Батыш камсыздап жаткан кыска аралыкка “жерден асманга” атуучу ракеталар бир топ эле коркунучка кептелүүдө.

Алыскы аралыкты камтый алган абадан коргонуу системалары болбогондо Орусиянын учактары кыска аралыктагы абадан коргонуу системаларынын коркунучунан алыс эле бийигирээк уча алмак.

Ал ортодо Америка менен Европадагы шериктештер Украинага көбүрөөк курал берүүгө аракет кылып жатышат. Курал-жарактарды жеткирүү багытын бутага алганга чейин Орусиянын мүмкүнчүлүгү чектелүү болушу мүмкүн.

Батыштын куралдары жардам берет, бирок аларды колдоно билген армияга ээ болуу кажет. (EA)