Украинанын "вагнерчилерди" тузакка түшүрүү операциясы: Bellingcat отчетунан билинген 8 нерсе

Bellingcat изилдөөчүлөр тобу Украинанын атайын кызматтары "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясынын 30дан ашык жоокеринин Орусиядан алдап алып чыгып кармоону пландаштырган операциясы тууралуу айтып берди. Жыйынтыгында алар Беларуста кармалып, Орусияга кайтарылган.

Отчетто Венесуэлага “иш сапарга” учуп баратам ойлогон, бирок учак Киевге конуп, камакка алынаарын билбеген жалданма жоокерлердин маектерине негизделген. Отчетто изилдөөчүлөр Украинанын мурдагы президент Петр Порошенко менен дагы маектешкени айтылат.

Бирок окуя кеңири ачып берген документ, операциянын үзгүлтүккө учурашы купуя маалыматты президент Владимир Зеленский же анын администрациясынын башчысы Андрей Ермак атайын сыртка билдирип койгондуктан болгонбу деген башкы суроого жооп бербейт.

Башында Украинанын бийликтери мындай операциянын даярдалганынын өзүн четке кагып келген болсо, кийин президент Зеленский “бул биздин операция эмес” деп атап, ага Орусиянын тишеси болушу мүмкүн деген ишара кылган.

Киевдин акыркы ырасмий версиясы - 33 “вагнерчини” Украинага алып келүүнү көздөгөн “атайын операция” даярдалган, бирок ишке ашкан эмес. Парламенттик комиссия үзгүлтүктүн себебин эмдигиче так аныктай элек.

Би-Би-Си Bellingcat изилдөөсүнүн отуздан ашык вагнерчилер менен эмнелер болгон же болушу мүмкүн экенин жакшыраак түшүүнүгө жардам берген негизги сегиз учурду тандап алды.

Жалган жеке аскер компаниясы

Бүгүн "Вагнергейт" катары белгилүү болуп калган атайын операциянын тамыры президент Петр Порошенконун учуруна кетет дейт отчет.

Украинанын атайын кызматтарынын аналитиктери, Донбасста жикчилдер тарабында согушка катышкандарды иликтөгө алып жатып, Украинанын чыгышында аскердик тапшырмаларды аткарып жүргөн орусиялык жеке аскер компанияларынын (ЖАК) иштөө өзгөчөлүктөрүн дагы изилдеп чыгышкан.

Мисалы, жалчы жоокерлер аскердик тапшырма жок кезде ишсиз калышарын, Орусиянын жеке аскер компаниялар базары борборлоштурулбаганын жана бир кылка эместигин билишкен.

Мындай байкоолордун негизинде 2019-ж. украинанын атайын кызматтары алгачкы планын иштеп чыгышкан. Анда Донбасста оор кылмыш кылды деп шектелген, азыр жумуш издеп жүргөн орусиялык жалданма жоокерлерди 2-5 кишиден кылып, майда топтор менен үчүнчү өлкөлөргө алдап алып чыгып кармап, Украинага алып келүү пландалган.

Согушкерлерди Венгрия же Балтик өлкөлөрүнүн бирине машыгуу лагеринен өткөндөн кийин чоң акча төлөнүүчү тапшырмаларга катыша аласың деп алдашмак болгон.

Бирок украинанын атайын кызматтары МН-17 учагынын кыйрашына тиешеси бар деп айыпталган Владимир Цемахты Донбасстан кармап, Киевдин көзөмөлүндөгү территорияга ийгиликтүү алып өтүшү, баштапкы планды өзгөрткөн. Эми Киев ондогон, балким жүздөгөн жалданма согушкерлерди колго түшүрүүнү ойлонуштура баштаган.

Ал үчүн украинанын чалгын кызматы МАР аталаган “виртуалдык” жалган жеке аскер компаниясын түзгөн. Бул ат мурда чын эле иштеген, Донбасска катышкан, кийин жабылып калган орусиялык ЖАК менен үндөш болгон. Чалгынчылар анын атынан Сирияга “иш сапарга” кызматкерлерди жалдай баштаган. Кийин жоокерлерге план өзгөргөнү, Венесуэлада иштей турушкан айтышкан.

Операциянын жашыруун аты "Авеню"аталып, ал өтө купуя шартта иштелип чыккан. Милдет атайын обочолонгон шартта иштеген чалгындын алты кызматкерине тапшырылган.

Орусиядагы "жансыздар"

Bellingcat отчетунда бир нече жолу Орусияда иштеген украинанын атайын кызматтарынын жансыздары айтылат.

Алардин бири – украин чалгынчылары Донбасс жаңжалында колго түшүрүп, кызматташууга көндүрүп кайра кое берген Башкы чалгын кызматынын (ГРУ) офицери. Ал Орусияга кайтып келгенде пенсияга чыккан. Кийин украин чалгынчыларынын өтүнүчү менен РФнын коргоо министрлигине ишке орношкон. Ал украин чалгынчылары түзгөн компаниянын аныктыгын тастыктап берүү үчүн керек болгон.

Документте жоокерлерге Орусиядан чыгар алдында жол чыгымдары жана иш сапар төлөмдөрү берилген. Бул акчалар Орусияга украин чалгынын жансыздарынын желеси аркылуу өткөрүлгөн. Алардын арасында чечен тектүүлөр дагы болгон.

Резюмеңизди жөнөтүп коюңуз

Операция үзгүлтүккө учураганына карабастан, анын алкагында украинанын атайын кызматтары Донбасстагы согуштун катышуулары тууралуу абдан көп маалымат чогулта алышкан.

Алар ишсиз отурган жоокерлерге үч миң доллар айлык сунушташкан. Сунушка жооп бергендерден өзүнүн согуштук тажрыйбасын айтып берүүнү өтүнүшкөн.

Отчеттун авторлору жүздөгөн талапкерлер украиналык чалгынчыларга өздөрүнүн Донбасстагы иш-аракеттери жөнүндө толтура маалымат жөнөтүшкөнүн айтышат.

Зеленский билчү

Изилдөөчүлөр украиналык чалгынчылардын операциясы оңунан чыкса, Киев менен Москванын мамилеси чыңалмак дешет. Ошондуктан чалгынчылар башкы саясый жетекчиликтин макулдугун алышы керек болчу.

Bellingcat мурдагы украин чалгынчыларынын сөзүнө таянып, президент Зеленскийге операциянын даярдалып жатканы тууралуу 2021-жылдын 15-июнунда маалымат берилгенин белгилейт. Отчетто Зеленский операциядан кабардар болуп, анын жүрүшү тууралуу маалымат алып турган деп айтылат.

Bellingcat маектештери Зеленский 26-июнда операцияны өткөрүүгө макулдук берип, так планын сураган жана план 1-июлда ал кездеги украинанын коргоо министри Андрей Таранов тарабынан бекитилгенин билдиришкен.

Документте Украинанын президентин атайын кызматтардын жогорку жетекчилери – Василий Бурба менен Руслан Баранецкий маалымдап турушканы айтылат.

Василий Бурба атайын операция ишке ашпай калаары менен, 2020-ж. 5-августунда аскер чалгынын жетекчилигинен алынган. Украинанын медиалары мунун себебин ал "Вагнергейттин" үзгүлтүккө учуроо себебин аныктоо үчүн президенттик администрациянын кызматкерлерин калп аныктагычка салып текшерүүнү сунуштагандан улам болгонун жазып чыгышкан.

Баранецкий болсо ошол эле жылы 26-июлда кызматынан кеткен.

 “Капыстан угулуп калган” сүйлөшүү

"Авеню" операциясынын негизги учурлары башында эле белгилүү болгон: колго түшүрүлүүчү жоокерлер Москвадан Минскке, андан Стамбулга учуп келиши керек болчу. Учак Украинанын үстүнөн өтүп баратканда "Борисполь" аэропортуна кондурулмак.

Bellingcat отчету башында учакты кондуруунун эки сценарий иштелип чыкканын белгилейт: биринчисинде жүргүнчүлөрдүн бири ооруп калмак, экинчисинде – учакта жардыргыч бар деген маалыматтан түшкөнү менен негиздешмек.

Отчет, чалгынчылар экинчи сценарийге оогон дейт. Кимдир бирөө Минск аэропортунан украинанын аба кыймылын көзөмөлдөө борборуна чалып, Украинага кас маанайдагы кишилердин учакты жардыруу тууралуу сүйлөшүп жатышканын угуп калганын билдирмек.

Ермак жок деди

Документте операция болчу күндүн алдында, 25-июлда, Баранецкий менен Бурба президенттин офисине акыркы отчет бергени келишкени айтылат.

Бурбага шилтеме берүү менен документте президент аларды кабыл албаганын белгилейт.

Bellingcat отчетунда операцияны жылдырууну суранган киши Владимир Зеленскийдин оң колу, президенттин офисинин башчысы Андрей Ермак болгону көрсөтүлгөн.

Бурба Ермак аларга операцияны бир аптага жылдыра турууну сунуштаган делет отчетто. Мунун алдында Владимир Зеленский 27-июлда Донбасста “чоң жарашуу” баштамакчы болуп жаткан. Президенттин офиси “вагнерчилерди” кармоо жарашууга тоскоолдук жаратарын жүйөө келтирген.

Бурба жылдыруу “вагнерчилердин” жана Орусия менен Беларустун атайын кызматтарынын тынчыздануусун жаратышы мүмкүн экенин билдирген. Бурбанын сөзү боюнча, анда президенттин администрациясы операцияны, Донбасстагы жарашуу жок дегенде формалдуу башталгыча, төрт күнгө жылдыра турууну суранышкан.

Изилдөөнүн авторлору бул сүйлөшүүлөрдү башка булактар аркылуу текшерип көрүү мүмкүн болбогонун, президенттин офиси көп жолку бул окуяларга комментарий берүү өтүнүчүнө жооп беришпегенин белгилешкен.

Беларустагы кармоо

Операция ишке ашпай калганы белгилүү. 2020-ж. 29-июлунда бардык “вагнерчилерди” беларустун күч органдары кармап кеткен.

Документте беларустардын "Белорусочка" санаторийине кирип келгени, маалымат “агып” кеткенден же 9-августта өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы өлкөдөгү убайымдуу кырдаалдан улам болгонбу, так көрсөтүлгөн эмес.

Бирок отчетто кармалган “вагнерчилерди” суракта беларус оппозициясынын өкүлдөрү - Сергей Тихановский жана Николай Статкевич менен таанышсыңбы деп сурашканы айтылган. Андан сырткары, отчетто сурак жүргүзүп жаткандар алардын Беларуска жергиликтүү бийликти кулатуу үчүн келишкенине чындап ишенишкени байкалып турганы белгиленген.

Александр Лукашенконун ошол кездеги сөздөрү, “вагнерчилер” чын эле анын бийлигин кулатканы келгенине ишенгенин көрсөтүп турат.

Артка, Орусияга

Изилдөөнүн тексттинен башында Москва “вагнерчилерден” кармалышы эмнеден улам болуп кеткенин түшүнбөй калгандай пикир жаралат.

Кебетеси бул Киевдин атайын операциясы экенин Москва бир аптадан кийин, "Авитодо" жумуш сунуштаган жарыялар украиналык IP-адрестерден жайгаштырылганын, же билеттер украиналык турагенттер аркылуу алынганын билгенден кийин гана түшүнгөндөй, - дейт изилдөөчүлөр.

Ошондо гана бул украинанын атайын кызматтарынын операциясы экенин "Комсомольская правда" кезити жазып чыккан делет отчетто.

“Кийинки бир нече күнү Москва менен Минсктин ортосунда кандай дипломатия иштегени, Орусия Лукашенкого массалык митингдерди басууга жардам сунуштаганбы, белгисиз...”. – деп айтылат отчетто.

Кандай болбогон күндө да, Украина менен Орусиянын кармалган “вагнерчилерди” берүү сунушун салмактап туруп, Москванын өтүнүчүн канааттындырган.

Акыры 32 “вагнерчи” (бири беларус жараны болгон, кебетеси ал мекенинде калса керек) Москвага кайтарылган. Украина мындай чечимге нааразы болгон.

Кайткандан кийин аларды обочо кармап, ФКК (ФСБ) суракка алган.

Отчетто эмнелер жок

Bellingcat изилдөөсүндө операцияда эч бир үчүнчү өлкөнүн атайын кызматы катышканы айтылбайт. Документтен мазмуну операцияны толугу менен Украинанын коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы менен Украинанын Коопсуздук кызматынын контр чалгын департаментинин кызматкерлери иштеп чыкканын жана ишке ашырганын көрсөтүп турат.

Буга чейин украиналык жана орусиялык ЖМКалары бул операцияга Американын жана Түркиянын атайын кызматтарынын тиешеси болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Ошондой эле бул документте Киевди эң кызыктырган негизи суроого жооп жок. Окуядан бери өлкөнүн саясый чөйрөсүндө Украинанын жогорку жетекчилерин бири операциянын алдында орус тарапка, же беларус тарапка маалымат берип койгон деген версия дайым талкууланып келет. Негизги “айыпталуучулар” президенттин офисинин башчысы Андрей Ермак, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Руслан Демченко же Владимир Зеленский өзү дагы боло калып жүрөт.

"Вагнергейт" “колтук ачуусунун” тарапкерлери – оппозициянын өкүлдөрү. Алар Bellingcat изилдөөсүнөн өздөрүнүн айыптоолоруна далил табылат деп күтүп жатышкан. Кебетеси алардын көңүлүнө суу себилет окшойт. Документтин тексттинен беларустун же орусиянын атайын кызматтарынын операция тууралуу маалыматы болгону тастыкталбайт. (CS)