You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Каракталган учак": Евробиримдик Беларуска жаңы санкцияларды карайт
Батыш өлкөлөрү жекшембиде беларус активисти учуп бараткан учактын багытын өзгөртүүгө мажбурлаганын айыпташты.
Евробиримдиктин лидерлери "карактоо", АКШнын мамдепартаменти "үрөй учурган окуя"деп атаган кадамга кандай жооп кыла турганын талкуулашат.
Беларус Литвага учуп бараткан учакты жардыруу коркунучу бар деп Минскиде конууга мажбурлап, беларустук журналист жана активист Роман Протасевичти камакка алды. Афинадан Вильнюска учуп бараткан Ryanair учагын Беларус бийликтери чабуулчу учактын коштоосуна алып, өлкөнүн борборуна конууга мажбур кылышты.
Беларустун мамлекеттик медиасы жардыруу коркунучу билингенде буга президент Александр Лукашенко өзү буйрук бергенин, бирок маалымат жалган болуп чыкканын билдирди. Учак Вильнюска белгиленген убакыттан алты саат кечигип конгон.
Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан 66 жаштагы Лукашенконун былтыркы августта өткөн шайлоодогу жеңиши талаштуу болуп калгандан бери, ал каршы пикир айткандарга катуу чараларды көрүп келет. Оппозициячылардын көбү камалып, айрымдары өлкөдөн качууга аргасыз болушкан.
Лидерлер эмне деп жатышат?
Окуяны Европа Биримдигине кирген өлкөлөр кескин айыптап, Протасевичти тез арада бошотууну жана толук тергөө жүргүзүүнү талап кылышты.
Литванын президенти Гитанас Науссе биримдиктин лидерлерин ЕБнин дүйшөмбүдө өтүүчү жыйында Беларуска каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүгө үндөдү.
Ал Би-Би-Сиге мындай кадамдар "Беларус режимине көбүрөөк таасир бере турганын" айтты.
Лукашенко баштаган ондогон беларус ырасмийлерине оппоненттерин куугунтуктаганы үчүн ЕБ тарабынан кирүүгө бөгөт коюлуп, мүлктөрүн тоңдуруу санкциялары киргизилген.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула ван дер Лейен "зомбулуктун жана мыйзамсыз аракеттин... кесепети болот" деп айтты. Польшанын премьер-министри Матеуз Моравейски муну "мамлекеттик терроризмдин болуп көрбөгөндөй иш-аракети" деп атады.
Ryanair компаниясынын баш кеңсеси жайгашкан Ирландиянын премьер-министри окуяны "кабыл алууга эч мүмкүн эмес" деп сыпаттады. НАТОнун секретары генерал Женс Столтенберг бул "олуттуу жана коркунучтуу окуя" болду деп билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "үрөй учурган иш" деп айыптап, Президент Жо Байдендин администрациясы "өнөктөрү менен кийинки кадамдарын координациялаганын" айтты.
АКШ Сенатынын тышкы иштер комитетинин башчысы Боб Менендез айрым европалык кесиптештери менен "каракчылык актысы " деп айыптаган билдирүү чыгарып, Беларустун үстүнөн учууга тыюу салууга чакырды.
Анализ
Жеймс Ландэл, дипломатия боюнча корреспондент
Эки борборунун арасында учкан учакты үчүнчү өлкө мажбурлап кондуруп, бийликти сындагандарды камабашы үчүн ЕБ эмне кылышы керек? Брюсселдеги жолугушууда Европа лидерлери ушул суроого жооп издешет.
Роман Протасевичтин камакка алынышы эл аралык нааразылыкты туудурду, бирок ал иш-аракеттер менен коштолобу? Айрым лидерлер, анын ичинде Польшанын премьер-министри, президент Лукашенконун авторитардык бийлигине каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү талап кылышты.
Британия, АКШ жана ЕБ өлкөлөрүнүн эл аралык иштер комитетинин сегиз төрагасы каракчылык акты деп атап, Беларуска жана анын үстүнөн учууга тыюу салынышы керектигин айтышты.
Айрым ырасмийлер, ЕБга Беларустан жүк тарткан транспорт жана автомашинелер дагы киришин токтотуунун сунушташты. Былтыркы талаштуу шайлоодон кийин президент Лукашенко оппозицияны басуу үчүн кандай кадамдарга барганга даяр экенин көрсөттү. ЕБ ага мындай кадамдарынын баасы кандай боло турганын көрсөткөн чечим кабыл алышы керек.