Карабактагы чыңалуу: Баку жана Ереван бири-бирин айыптоодо, эксперттер эмне дейт?

Карабактагы соңку согуш бир жарым жыл мурун аяктады деген менен толук кандуу тынчтык өкүм сүрө электей. Дагы деле кагылыша кетип, адамдар өлүүдө. Өткөн аптада болгон соңку чыңалуу эки тараптын тең аскерий жоготууларына алып келди. Бул эмне үчүн болду? Жаңжалдын себеби эмнеде? Азербайжандар менен армяндар толук тынчтыкка жетише алабы?

Экинчи Карабак согушу 2020-жылдын ноябрында аяктагандан бери кырдаал үч жолу курчуду. Акыркысы өткөн айдын аягында башталып, августта салгылашуулар болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги 3-августта “Өч алуу” деген атайын операциясын өткөрүп, Карабактагы бир нече кырды басып алганын жарыялаган.

Тоолуу Карабактагы Орусиянын тынчтык күчтөрү азербайжан аскерлери Лачын коридорундагы Сарыбаба бийиктигинде “ок атышпоо режимин бузган” деп кабарлашкан. Ал эми Баку буга чейин Лачын коридорунда “армян аскерлеринин болушу коркунуч жаратат” деп орус тарапты эскерткенин белгиледи.

*Лачын коридору - өз алдынча жарыяланып алган Тоолуу Карабак республикасы менен Армениянын ортосундагы жол. Аны учурда орус тынтчык күчтөрү көзөмөлдөйт. Азербайжан Лачынды өз карамагына алгысы келет.

Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн жардамы менен кырдаал бир аз болсо да турукташты, бирок армян-азербайжан мамилелеринин мындан аркы курчушуна алып келүүчү фундаменталдуу маселелер калууда.

Биз бул боюнча эксперттер менен талкууладык.

Чыр-чатактын тамыры

Азербайжан 1990-жылдардагы Биринчи Карабак согушунда жеңилип, Тоолуу Карабак жана анын айланасындагы аймактарды жоготкон. 2020-жылдын 27-сентябрында башталып, 44 күнгө созулган экинчи согушта армян тарап жеңилген.

2020-жылдын 10-ноябрына караган түнү Армения, Азербайжан жана Орусиянын ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, армяндар Карабактын тегерегиндеги аймактарды Азербайжанга кайтарган, ал эми Карабактын өзүнө Орусиянын тынчтык күчтөрү киргизилген.

Азербайжан аймактын тарыхый борбору Шуша шаарын да көзөмөлгө алды - ал эки тарап үчүн символикалык жана стратегиялык мааниге ээ.

Тынчтык күчтөрү чек ара линиясын күзөтүп турушат: анын бир тарабында Карабактын армяндары жана армян аскерлери, экинчи тарабында Азербайжандын жоокерлери турат.

Лачын коридору талашка түштү

Азыр Карабак менен Арменияны Лачын коридору байланыштырып турат. Бул жол Тоолуу Карабактын сыртындагы Азербайжандын Лачын шаарынан өтөт - аны биринчи согушта армян күчтөрү басып алышкан. Азыр жолду Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөйт.

2020-жылдагы келишимге ылайык, армян тарап үч жыл ичинде Лачын шаарын жана коридорун Азербайжанга кайтарып берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Карабак армяндары Арменияга азырынча курула элек альтернативалуу жол менен барышы керек.

3-августта кырдаал курчуп турганда Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян жергиликтүү “Арменпресс” басылмасына “Азербайжандын Лачын коридору боюнча талабы мыйзамсыз, анткени армян тарап жол куруу боюнча азырынча эч кандай планга макул боло элек” деп билдирген. Азербайжан Арменияны жолдун өз бөлүгүн курууну кечеңдетип жатат деп айыптады, анткени Азербайжан жооптуу болгон жолдун бөлүгү буга чейин курулуп бүткөн.

Бирок 4-августта Армениянын аймактык башкаруу жана инфраструктура министри Гнел Саносян альтернативдик жолдун курулушу активдүү жүрүп жатканын жана келерки жазга чейин бүтөрүн билдирди.

“Элдешүү үчүн азыркы жолду калтырып, Лачынга азербайжан калкын кайтаруу керек эле, - деп эсептейт армян журналисти Марк Григорян. - Сегрегацияга болгон умтулуу - жаман көрүнүш".

Анын айтымында, Карабактагы жолдордун бирин азербайжандар да, армяндар да колдонушат, ал эми орусиялык көзөмөл-өткөрмө бекеттерде үч тилде - орус, армян жана азербайжан тилдеринде жазуулар бар. “Тескерисинче, бир жол менен жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Азербайжандар ал жерге чайкананы, армяндар кофекананын ачышсын”, - деп сунуштайт Григорян.

Азербайжандык укук коргоочу Арзу Абдуллаева орусиялык тынчтык күчтөрүнүн ордуна эл аралык мониторинг борбору маселени чечүүгө жардам берет деп эсептейт. Ошондо "элдер кырдаалдан чыгуунун жолун таба алышмак, бирок [азырынча] эки тарап тең тынчтык максаттарын койгон жок".

Эмне үчүн кан төгүлдү?

Азербайжан-Армян жаңжалынын өнүгүшүнө көптөн бери көз салып жүргөндөр да акыркы кырдаалдын курчушуна эмне себеп болгонун так айта алышпайт: анткени аналитика үчүн маалымат өтө аз.

Арзу Абдуллаева болуп жаткан окуяларга Орусияны айыптайт. “Карабактагы армяндар Орусиянын колдоосусуз чеп куруп, аткылай алышмак эмес”, - дейт ал. Укук коргоочунун айтымында, Орусия кезеги менен эки тарапка тең таасир этип, аймактагы ордун бекемдөөгө умтулуп жатат.

Армян журналисти Марк Григорян Армения чындап эле альтернативдүү жолдун курулушун кечеңдетип жатат, ал эми Азербайжан аны “түрткүлөп жатат” деп эсептейт. “Бир нерсе талап кылынганда ушундай [аскердик] ыкмалар колдонулганын билебиз, ар бир окуянын натыйжасында Алиев өзүнүн позициясын бекемдейт: алар же стратегиялык бийиктикти, же көлдү алат”, - деди ал.

Карабак чыры боюнча азербайжандык тарыхчы Ариф Юнус быйыл жазда Армения менен Азербайжандын лидерлери Брюсселде жолугушкандан кийин расмий Бакунун риторикасы “тынчыраак” болуп калганын белгилеген. Бирок аймакка Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров барып кеткенден кийин абал өзгөргөнүн кошумчалады.

Тарыхчынын айтымында, Баку Москва менен макулдашпай туруп эч нерсе кылбайт, ал эми Орусия чөлкөмдүн туруксуз болушуна кызыкдар: “Бул жаңжалда үч тарап бар. Үчүнчүсү, Орусия үчүн, калган экөө “бокс мүшөгү” сыяктуу нерсе”.

Анын пикиринде, чыңалуу Орусия үчүн пайдалуу, анткени тынчтык келишимине кол коюлса, чырдашкан тараптар эртеби-кечпи: “Эмне үчүн биздин [Армениядагы] Гүмриде орусиялык база, ал эми Карабакта тынчтык күчтөрү бар?”, - деп сурашат. 

Аны менен бирге, Эл аралык кризистик топтун (МКГ) Түштүк Кавказ боюнча улук изилдөөчүсү Олеся Вартанян Баку Ереванга Карабактын армян калкынын коопсуздугуна кепилдик берүү талабынан баш тартууга аргасыз кылуу үчүн “кошумча кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат” деп эсептейт. 

Ошол эле учурда, Армения Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн таанууга формалдуу түрдө даяр, деп эскерет эксперт - бул жеңүүчү тарап сунуш кылган тынчтык пландын пункттарынын бири. Эгерде бир тарап бул пункттан баш тартса экинчи тарап анын кесепеттери кандай болуп калышы мүмкүндүгүн эскертип жатат.

Азербайжандын беш сунушу

Вартанян айтып жаткан пункттар - бул тынчтык келишимине кол коюу үчүн Азербайжандын койгон талаптары.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян июль айында Карабак маселесинде “[Армения үчүн] аймактан мурун “[Армения үчүн] Карабак армяндарынын коопсуздугу жана укуктары негизги мааниге ээ” деп билдирген. Ал тынчтыкты түзүү үчүн Азербайжан сунуш кылган беш пунктта “кабыл алынгыс эч нерсе жок” деп кошумчалады.

Азербайжан тарабынан сунушталган беш пункт булар:

  • суверенитетти, аймактык бүтүндүктү өз ара таануу
  • аймактык дооматтардын жоктугун өз ара ырастоо
  • коркутуу жана күч колдонуудан баш тартуу
  • мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо
  • транспорттук коммуникацияларды ачуу

Ереван адаттагыдай эле таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын тагдырын аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү талап кылган. Анын натыйжасы айдан ачык болмок - Азербайжандан бөлүнүп чыгуу. Ал эми Баку Тоолуу Карабак деген аталышты унутууну сунуштап, анын тургундары “автономияга да укугу жок” экенин айтып келет.

Куралчан кишини кандай атаса болот?

Тараптар бүгүн сүйлөшкөн негизги эки маселе - Лачын коридору жана Карабактагы армян аскерлери.

Жакында армян Коопсуздук кеңеши Армениянын аскерлери сентябрь айына чейин Карабактан чыгып кетээрин билдирди. Бирок 4-августта Азербайжандын ТИМи Ереванды шарттарды аткарбай, үч тараптуу тынчтык келишимин бузуп жатат деп айыптады.

Ошондой эле, Азербайжандын Коргоо министрлиги Баку орус тынчтык күчтөрүнө алар көзөмөлдөгөн аймакта “армян аскерлеринин болушу коркунуч жаратат” деп эскерткенин билдирди.

Ал эми армян өкмөтүнүн жыйынында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин билдирди.

"Ал [Алиев] Ереванга баш ийген аскерлерди гана эмес, Карабак армиясын куралсыздануусун да талап кылууда. Эгерде ал куралсызданса, анын натыйжасында Карабак өзүнөн-өзү эле толугу менен Азербайжандын карамагына өтөт, - дейт Марк Григорян. - Армяндар муну каалабайт, анткени мунун кесепетинен бардык армяндар Карабактан чыгып, качып кетүүгө аргасыз болушат деп коркушат. Алар расмий Азербайжанга ишенишпейт".

 "Расмий түзүм болбой туруп эмне үчүн Азербайжандын аймагында куралчан адам болушу керек? - дейт Арзу Абдуллаева. - Эгер расмий [аскерлер] чыгарылып кетсе, анда аймакта калган куралчан адам - террордук топ".

Анын айтымында, эки тараптын күч колдонуудан баш тартышын БУУ же Европа Кеңеши сыяктуу эл аралык структуралар гана көзөмөлдөй алат.

Украинадагы согуштун кандай тиешеси бар?

"Орусия азыр Украинага алаксып калгандыктан Азербайжан тынчтык күчтөрүнө карабастан агрессивдүү аракет кыла алат", - деди Eurasianet’тин Кавказ боюнча редактору Жошуа Кучера Би-Би-Сиге.

Олеся Вартанян чыңалуунун жаңы толкуну Баку өзүнө канчалык ишенип калганын көрсөтөт.

"Эл аралык коомчулук азыр Орусияны колдоодон алыс, эми орус тынчтык күчтөрүнүн аракеттерин туура деп айта тургандар аз, - дейт эксперт. - Азербайжан Түркия үчүн жакын стратегиялык өнөктөш. Бүгүнкү күндө Түркиянын Орусия менен сүйлөшүүлөрдө [ролунун] өсүшү Азербайжанга да кыйыр тиешеси бар”.

Анын айтымында, Украинадагы согуштан улам Азербайжан Европа үчүн маанилүү альтернативалык энергия берүүчү өлкөгө айланды, мындан сырткары, Баку Орусия азыр бул рынокто кооптуу абалда экенин көрүп жатат.

Дагы согуш болобу?

Хельсинки жарандык ассамблеясынын Азербайжан комитетинин төрайымы Арзу Абдуллаева масштабдуу согуш болбойт, анткени армян тараптын буга каражаты да, адам күчү да жок деп эсептейт.

Армян журналисти жана серепчи Марк Григорян да ушундай ойдо. Бирок ал эл аралык кысым азербайжан тарапты ооздуктай алат деп кошумчалайт, анткени Азербайжанда Европага газ жеткирүү боюнча жаңы келишимдери бар. Ал орус газына альтернативаны түзөт.

Кошумчалай кетсек, тынчтык күчтөрүнүн саны салыштырмалуу аз - болгону 2000 аскер. Орус аскеринин кокусунан каза болушу Илхам Алиев менен Владимир Путиндин мамилесин бузушу мүмкүн.

“Алар [тынчтык күчтөрү] куралды өзүн-өзү коргоо үчүн гана колдоно алат, эгер ал жерде бир нерсе болуп кетсе, алар согуша алышпайт, - дейт Олеся Вартанян. - Жергиликтүү калк аларды мурдагыдай эле коргоочу катары карашат, бирок азербайжан тарап алардан жергиликтүү отряддарды куралсыздандырууну же Лачын коридору аркылуу [куралчан адамдарды] өтүшүнө жол бербөөнү күтүп жатышат”.

Бирок тарыхчы Ариф Юнус узак мөөнөттүү келечекте согуш болот деп эсептейт. Анын айтымында, Азербайжан Карабактын армяндарын өз тарабына тартып алса болмок, бирок алар менен түз байланышкысы келбейт.

"Демек, бизди узак жана натыйжасыз сүйлөшүүлөр күтүп жатат, - дейт ал. - Пашинян Азербайжанга кандай гана жеңилдик кылбасын, Карабактын армяндары Орусия алардын артында турган жагдайда - Орусия эч качан Карабактын Азербайжанга толук өтүп кетишине жол бербейт. Бул кырдаалда азыр же эртең болбосо да, узак мөөнөттүү перспективада жаңы согушту күтүү керек”.

Анын айтымында, Орусия Украинадагы согуштун натыйжасында алсырап, бул аны Түштүк Кавказдан да чыгып кетүүгө аргасыз кылса, андан согушту алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тараптар эмнени каалайт?

Арзу Абдуллаева "тилекке каршы, тараптардын максаттары эки башка" дейт: "Азербайжан өз жерлерин кайтарып, орус аскерлеринин Азербайжандан кетүүсүн каалайт. Армения да Орусиядан алыстап кетүүнү, бирок Тоолуу Карабакты сактап калгысы келет - биринчи кезекте муну Карабактын армяндарды каалайт”.

Анын айтымында, Азербайжан Батыш менен өзүнүн “көпүрөсүн” куруп, Европа менен экономикалык жана укуктук байланыштарын жакшыртууну көздөйт. “Бирок Азербайжан менен Арменияда да жаңжалды тынчтык, цивилдүү жол менен жөнгө салууга көбүрөөк көңүл бурулушу керек. Анткен менен эки элдин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө багытталган кадамдар болмоюнча бул ишке ашпайт”, - деп эсептейт тарыхчы Ариф Юнус.

"Азербайжан Карабактын өзүн армяндарсыз алууга аракет кылып жатат, - деди ал. - Же армяндар жакшы, [Азербайжандын] жарандыгын алууга даяр болушу керек. Бирок мунун болушун кааласаң, коркутуулар жана репрессиялар жок, позитивдүү кадамдарга бар”.

Анын байкоосуна караганда, Азербайжан мындай позитивдүү кадамдарга барбайт. Ал Пашинян өкмөтүнүн жеңилдиктерин болуп көрбөгөндөй деп атады, Армениянын бийлиги согуштун мурасынан тез арада кутулууну каалап жаткан өңдүү.

“Азербайджан [ошондой эле] Карабак маселесин тезирээк жабууну каалайт”, - деп ишенет Олеся Вартанян.

Анын айтымында, Армения жана көбүнесе Карабактагы эл дагы эле экинчи согуштан кийинки шоктон чыга элек жана “азербайжандар менен жанаша жашоо” деген эмне экенин дагы деле түшүнө элек.

"Тилекке каршы, бул эң маанилүү талкуу саясий популизмге өтүп баратат", - деп кейийт ал. Мындан сырткары ал “тынчтыктын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүнү согуш алдындагы физикалык коркунуч менен тосуп калгандыктан, адамдар жөн гана тынч калгысы келет” деп кошумчалайт. (EB)