Анна Франкты фашисттерге ким саткан?

Сүрөттүн булагы, ANN FRANK MUSEUM
1945-жылы фашисттердин концлагеринде каза болгон Анна Франкты жана үй-бүлөсүн фашисттерге ким айтып койгону жаңы иликтөөдө аныкталды.
Күндөлүк жазган 15 жашар жөөт кыз 1945-жылы фашисттердин концентрациялык лагеринде (концлагерь) эки жыл жашынып жүрүп каза болгон.
Анын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн күндөлүгү согуш учурунда жазылып калган эң белгилүү эмгектердин бири.
Федералдык чалгын кызматынын (FBI) мурдагы агенти да кошулган топтон айтышкандай, Амстердамда жашаган Арнольд ван ден Берг аттуу жөөт киши өз үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн Франктардын үй-бүлөсүн “сатып кеткен” болушу ыктымал.
Тарыхчылардан жана башка эксперттерден турган топ “тоңгон ишти” ачып чыгуу үчүн заманбап иликтөө техникаларын колдонуу менен алты жыл өткөрүшкөн. Көптөгөн адамдардын ортосундагы байланышты издөө үчүн компьютердик алгоритмдер пайдаланылган. Адамдардын өздөрү аны таап чыгуусуна миңдеген саат керектелмек.
Ван ден Берг Амстердамдагы Жөөт кеңешинин мүчөсү болгон. Аталган уюм фащисттик саясатты жөөттөр жашаган аймактарда ишке ашырууга мажбур болгон. Ал 1943-жылы жоюлуп, анын мүчөлөрү концлагерлерге жиберилген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок аталган топ ван ден Берг лагерге жөнөтүлбөгөнүн аныктаган. Ошол убакта ал Амстердамда кадимкидей эле жашап жүргөн. Жөөт кеңешинин бир мүчөсү фашисттерге маалымат берип турган деген көз караш да болгон.
“Ван ден Бергди концлагерлерге жөнөтпөгөнгө эч бир себеп калбай калганда ал өзүнүн жана аялынын коопсуздугу үчүн фашисттерге кандайдыр бир баалуу нерсе бериши керек болгон”, — деди FBI мурдагы агенти Винс Панкок CBS телеканалынын берүүсүндө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аталган топко бир жөөттүн саткын болушу ыктымалдыгын кабыл алуу оор болгон. Бирок ал Аннанын атасы Отто Франк дагы аны билгени жана жашыруун сактап жүргөнү боюнча далилдерди табышкан.
Мурдагы иликтөөчүнүн документтеринен алар Отто Франкка жөнөтүлгөн анонимдүү каттын көчүрмөсүн табышкан. Анда Арнолд ван ден Берг аны сатып кеткени жазылган.
Панкок телеберүүдө айткандай, ал маалыматтын коомчулукка чыгарылбаганынын себеби антисемитизм болгон болушу мүмкүн.
“Балким ал муну айтып чыксам, отту андан ары тутандырып салам деп ойлогондур”, — деди ал.
“Бирок биз ван ден Бергдин жөөт болгонун жана ал өмүрүн сактап калуу үчүн фашисттер тарабынан чыдай алгыс абалга туш болгон болушу мүмкүн экенин эске алып коюшубуз керек”.
Нидерланддардагы Volkskrant гезити ван ден Берг 1950-жылы көз жумганын жазып чыккан.
Анна Франкты фашисттерге ыктымал сатып кеткен киши жөнүндө китеп басып чыгарган Нидерланддардагы басмакана коомчулуктун сынынан кийин кечирим сураган.
Анна Франктын үй музейи өз билдирүүсүндө топ жүргүзгөн иликтөөдөн “таасирленгенин” айткан.
Музейдин аткаруучу директору Роналд Леополд кошумчалагандай, жаңы изилдөө “маанилүү жаңы маалыматты жана кызыктуу гипотезаны жараткан. Изилдөөнү андан ары улантууга татыйт”.
Музейден айтышкандай, алар изилдөөгө түздөн-түз кийлигишкен эмес, бирок топ менен өзүнүн архивин жана музейин бөлүшкөн.
Анна Холлигандын анализи, Гаагадагы кабарчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул голландиялыктардын эс тутумундагы эң аёосуз доорлордун бири. Ал аярлуу жана кайталанган темалардан. Айрым карама-каршылыктарга жол ачканы жөн жерден эмес чыгар.
“Болбогон жалаа”, — деп корутундулады Лейден университетинин кызматкери Барт ван дер Бум.
Амстердам университетинин Холокост жана геноцид боюнча изилдөө жүргүзгөн ардактуу профессору Йоханнес Хувинк тен Катенин айтымында, эгерде жашынып жүргөн жөөттөрдүн тизмеси болгондо, алар эбак эле ачыкка чыкмак. “Чоң күнөө койсоң, далилиң да чоң болушу керек” — деп айтты ал иликтөөчүлөргө.
Мурдараак мен Анна Франктын үй музейине баргам. Коронавируска байланыштуу маданий мекемелер убактылуу жабык болгондуктан видео тартуу үчүн атайын уруксат алгам.
Жашырын бөлмөнүн киришин билдирбей жаап турган китеп текчесинин артындагы бийик тепкичтерден жогору чыгып жатып жымжырттык өкүм сүргөнүн байкадым.
Нидерланддар учурда бөлүнгөн өлкө, тайманбас ашынган оңчулдар бар. Бул жерде Анна Франк голландия коомунун бир бөлүгүнө көрсөтүлгөн басмырлоону жана сокур ишенимди эстетип турат. Ал жакынкы эле өтмүштө болуп өткөн. Ошондой эле ал фашисттер бийликти басып ала турган болсо, өлкө эмнеге айланып кетерин эскертет.
Сатып кеткен адамдын ким экенин биз эч качан биле албашыбыз мүмкүн дегендер жана скептиктер да болууда. Бирок бул окуядан сабак алсак болот: башына кыйын күн түшкөндө адамзат эмнелерге барарын көрсөттү.
Анна Франктын мурасы жашай бермекчи. (EA)












