95 жаштагы Освенцим санитары сот алдында жооп берет

Сүрөттүн булагы, Getty
95 жаштагы Освенцим нацисттик лагеринин мурдагы санитары Хуберт З. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 3681 кишинин өлүмүнө катыштыгы болгон деп Германияда сот алдында жооп берүүдө.
Тергөө маалыматтарына караганда «ССтин» санитардык командасынын мурдагы унтер-офицери «өлүм лагеринде» 1944-жылдын 15-август айынан 14-сентябрга чейин кызмат кылган. Бул айда Освенцим лагерине кеминде 14 эшелон туткундар Франция, Австрия, Нидерландиядан нацисттер тарабынан депортацияланып келген.
Туткундар арасында нацисттик оккупация учурунда өзүнүн үй-бүлөсүнүн башынан өткөндөрүн жазып, белгилүү күндөлүктү калтырган автор - Нидерландиядан барган еврей кызы Анна Франк да болгон. Бул туралуу Рейтер агенттиги кабарлоодо.

Сүрөттүн булагы, Getty
Анна Франктын жакындары Освенцим лагеринде каза тапкан. Анна менен анын эжеси Маргону Берген-Бельзен лагерине которушуп, ал жерде 1945-жылдын март айында каза табышкан.
Ѳткөн жылдын декабрь айында Германиянын түндүгүндөгү Росток аймагынын соту айыпталып жаткан карыянын ден-соолугу сот жараянында айыпталуучу катары катышууга мүмкүндүк берет деп чечим чыгарган.
Соттук териштирүү Нойбранденбург шаарында болот. «Хуберт З. 2014-жылы март айында камакка алынган. Ага туткундардын концлагеринде массалык адам өлтүрүү боюнча айып тагылган эле»,- деп жазат Nordkurier басылмасынын сайты. Хуберта З. 1940-жылдын апрелинен баштап согуш бүткөнгө чейин «СС» катарында согушкан мурдагы ГДР аймагындагы бирден-бир киши деп жазат басылма.

Сүрөттүн булагы, Getty
Германияда мурдагы нацисттердин сот жообуна тартылган учурлары буга чейин да болуп келген. 2015-жылдын июль айында Германиядагы сот нацисттик концлагердин мурдагы күзөтчүсү, 94 жаштагы Оскар Гренингди 300 миң кишини өлтүрүүгө катыштыгы болгон деп (анын ичинде венгериялык еврейлер да бар), төрт жылга абак жазасына кескен.
“Освенцимдин бухгалтери” деген ат менен белгилүү Гренинг нацисттик лагерде эки жыл иштеп, туткундардан конфискацияланып алынган акчаларды жана буюмдардын эсеп-кысабын жүргүзгөн. Гренинг Холокост үчүн өзүнүн моралдык жоопкерчилиги бар экенин мойнуна алып, бирок юридикалык жактан күнөөлүү эмес экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Дагы эки кылмыш иши соттун кароосунда. Детмольд шаарынын тургуну Райхольл Х. Освенцимде 170 миң кишинин өлүмүнө катыштыгы болгон деп айыпталууда. Дагы бир 91 жаштагы аял 260 кишинин өлүмүнө тиешеси болгон деп айыпталып, бирок анын ден-соолугу сот жараяндарына катышууга мүмкүндүк бербей турганы аныкталган.
Освенцимдеги «өлүм лагери» 1945-жылы 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган. Концлагерь поляктардын тилинде “Освенцим”, ал эми нацисттер немисче “Аушвиц” деп аташкан. (AbA)












