Освенцим: концлагердин бошотулушуна 70 жыл

Концлагерь 1945-жылы 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Концлагерь 1945-жылы 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган

Освенцимдин бошотулушунун 70 жылдыгын белгилөө үчүн ал жерден тирүү чыккан 300 адам мурдагы концлагердин алдына чогулушту.

Нацисттердин курмандыктарын эскерүү алар өлтүрүлгөн жерде өтүп жатат. Польшанын түштүк тарабындагы Освенцим шаарына жакын жердеги адам өлтүрүүчү лагерде 1940-1945 жылдар аралыгында миллиондон ашуун киши жок кылынган, анын 90 пайыздайы жөөттөр болгон. Арасында аялдар, балдар да бар болчу.

Концлагерь 1945-жылы 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган. Балким 70 жылдык - лагерден аман калгандардын белгилеп жаткан акыркы тоголок датасы болушу мүмкүн. Концлагерь поляктардын тилинде “Освенцим”, ал эми нацисттер немисче “Аушвиц” дешкен. Мурдагы концлагердин бөлүгү болгон азыркы мемориалдык жай Биркенауда шамдар жагылып, гүл коюлуп, диний ырым-жырымдар жасалууда. Жыйынга ар өлкөнүн жетекчилери жана аскерий шериктердин өкүлдөрү келүүдө.

Германиянын жана Франциянын президенттери Польшага келди. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин келген жок. Путин он жыл мурдагы эскерүүгө Советтер Союзу таркагандан кийинки эң ири өлкөнүн башчысы катары биринчилерден болуп келген. Бирок байкоочулардын айтымында, азыркы Орусия-Батыш мамилеси, анын ичинде Орусия менен Польшанын ортосундагы жеке мамиле буга себеп болууда. Лагердин бир бөлүгү 1947-жылы музей болуп түзүлгөн.