You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Принц Чарльзды жылкы эти менен сыйлаган кыргыздар
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
6-майда такка отуруп, таажы кийүү салтанатын өткөргөнү жаткан король Чарльз III Кыргызстанга мейманчылап бир эле жолу, 1996-жылы келген. Ошондо кыргыз бийлиги ал убактагы принцти жылкы эти менен сыйлап, протоколдук каталык кетирип, уят болгонун Би-Би-Сиге ошол убакта тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп турган Аликбек Жекшенкулов айтып берди.
"Эми аурасы күчтүү интеллектуал адам экени көрүнүп турду. биз тосуп алдык, уюштуруу маселелери, протокол менде болчу. Ар кайсы уюмдарга барып, жетекчилер менен сүйлөшүп, анан кечинде чай берип атканда кызыктай окуя болду. Мен уюштуруучу, протокол тейлөөчү катарында байкап турдум. Эми фамилияларын айтпай эле коеюн, биздин жетекчилер ошерде жылкы эти тартылганда жылкы этин мактап, сыймык катарында айтып жатканда принц Чарльз кыпкызыл болуп кетти. Ошерден ал колунун сыртын салып: "биз жылкы жебейбиз, биз андан көрө аны мингенди жакшы көрөбүз" деп айтты. Котормочу орусча которуп бергенде биздин жетекчилер кызыктай болуп калышты. Принц Чарльз ага чейин аябай көңүлдүү отурган да, анан эле маанайы түшүп калды",-деди Аликбек Жекшенкулов.
Принц Чарльз Кыргызстанга мейманчылап келген ошол учур ноябрь айы эле. Күн сууктап калган. Бирок жогорку даражалуу мейманды сыртта кар жаап атканына карабай, Ала-Арча улуттук паркында боз үй тигип, кастарлап тосушкан. Тышкы иштер министри Роза Отунбаева, мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков коштоп жүрүшкөн.
"Менин билишимче кыргыздар жылкы жейт деген аябай эсинде калды. Эми бул киши бүт дүйнө жүзүнө таанымал, дүйнөдө 193 мамлекет болсо, ошонун жүздөн ашыгына барып, каада-салтын көргөн да. Кайсы мамлекетти эстейт-эстебейт, бирок ошол окуядан улам Кыргызстанды катуу эстеп калды деп ойлойм".
"Бизге да чоң сабак болду. Ошондон кийин башка мамлекеттин жетекчилери, премьер-министрлери, парламенттик делегация келгенде кандай сыйлаш керек экенине орчундуу көңүл буруп калдык. Уюштуруу маселесине келгенде тамак-аш, кийим, машина, жатакана сыяктуу шарттарына катуу карап калдык. Мисалы, мусулман мамлекеттеринен мейман келгенде анын жаткан жеринде кыбыланы тээп калбашы керек. мурда биз андай маселеге карачу эмеспиз",-дейт Аликбек Жекшенкулов.
Чынында эле, Кыргызстанда жылкы эти менен сыйлашканы король Чарльз III аябай эсинде калганы көрүнүп турат. 2022-жылы король Лондондо Би-Би-Сиге барганда, Кыргыз кызматынын жетекчиси Гульнара Касмамбетова аны менен учурашкан убакта "менин өлкөмдө жылкыны минет, сиздин өлкөдө жылкыны жейсиңер" деп айтып жылмайып, эмненидир эстей калгандай болду.
6-майда Лондондо король Чарльз III такка отуруу жана таажы кийүү салтанаты болот. Ал Вестминстер аббаттыгында таажы кийген 40-монарх болуп калмакчы.
Улуу Британия өзүнүн монархтарына чоң шаан-шөкөт менен таажы кийгизип келаткан Европадагы жалгыз өлкө болуп саналат.
Бул күнү калың эл шаан-шөкөттүү жүрүштөр менен миң жылдан бери келаткан салт-санаанын, аристократиялык жөрөлгөлөрдүн күбөсү болот.