Садыр Жапаровдун Кытайга сапары: жыйынтыктар кандай?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады.

Кыргыз, кытай лидерлери

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз президентиКышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылышына катышып, Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана коопсуздук тармагына 50 миллион юань кайтарымсыз жардам берүү ниетин билдирди.

Бирок кыргыз президентинин бул сапардагы негизги максаты - “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну баштоо эле.

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапары алдында кыргыз өкмөтү Кытайга темир жол долбооруна байланыштуу документтердин пакетин да жөнөткөн.

“Биз өзүбүз жактан болгон документацияны Кытайга өткөрүп бердик. Алар азыр изилдеп жатышат. Президенттин Кытайга болгон сапарында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп, бир чечимге келет деген ойдобуз”, - деген эле буга чейин “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов.

Дастан Усубакунов

Сүрөттүн булагы, kabar.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Усубакунов, Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорунун орун басары

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери сөз болуп келаткан Кытай менен Европаны бириктирген бул ири транспорттук долбоорду ишке ашырууга кыргыз бийлиги абдан кызыкдар.

Кыргызстан өзүнө тийиштүү бөлүгүн тактап, Өзбекстан менен дагы макулдашып бүткөнүн билдирген. Бирок аны каржылоо кандай болот, ким канча чыгарат, ушул жагы сүйлөшүлүп бүтө элек.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган аралыгы 280 чакырым болот, анын ичинен 57 чакырымы туннел болуп курулат.

 Кытайдан келе турган темир жолу Нарын областындагы Торугарт менен өтөт деп мурдакы маалыматтарда айтылып келген эле. Андан Казарман-Жалал-Абад багыты менен кетет. Жалал-Абаддан ары Өзбекстанга кошулган темир жол тилкеси бар. Андан ары Афганистан, Иран, Түркияны аралап кетет.

 Бул долбоор талкууланып жатканда темир жолдун жазылыгы боюнча Кытай менен көпкө чейин талаш-талкуулар болду. Жыйынтыгында эл аралык стандарт деген өлчөмгө токтошкону кабарланган.

эксперт

Сүрөттүн булагы, ca-news.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Регионалдык долбоорлор боюнча эксперт Марат Мусуралиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот. Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү?", -деген эле буга чейин Би-Би-Сиге эксперт Марат Мусуралиев.

Бул жолдун Кыргызстан үчүн транспорттук туюктан чыгуу үчүн мааниси чоң. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өз аймагы аркылуу өткөргөн жүктөн жылына 200 миллион доллар табат деп эсептелген.

Эгемен Кыргызстандын бардык президенттери ишке ашырууга дилгир болуп келген бул долбоор Садыр Жапаровдун дагы көңүл чордонундагы маселе:

““Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Буйруса кол коюп, бул ишти баштайбыз. Бирок бул долбоор менин мөөнөтүмдө бүтөт деп айта албайм. Себеби, ал беш жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бирок баштайбыз, кандай шартта баштайбыз, ким акча салат, жолдун туурасын кандай кылып салабыз, Өзбекстанга чейин кандай жеткиребиз, анын баарын сүйлөшүүлөр чечет”, - деген эле Жапаров былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган брифингде.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз президенти Садыр Жапаров

Өзбекстан үчүн да Кытай менен байланыштырган жолдун экономикалык-стратегиялык мааниси чоң. Ал эми Кытай үчүн Европага чыгууга эң кыска жол болуп саналат. Бирок ошондой болсо да ал көп өлкөлөрдүн чек араларын кесип өткөндүктөн, бир катар эксперттер анын рентабелдүү болоруна көзү жетпей турганын айтып келе жатат.

Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына туш келди. Соңку жолугушууда эки тараптуу мамилени бекемдөө үчүн бир катар документтерге кол коюлду:

  • Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протоколу;
  • 2021-2024-жылдарга карата эки тараптуу маданият тармагындагы кызматташуу программасы;
  • Эки өлкө аралык классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу протоколу;
  • Статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандуму;
  • Жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү меморандуму жана башкалар.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Кытайга жалпы капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Фонд чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

Бирок бул демилгеге Кытай азырынча ынай элек.