You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Борис Жонсон Францияны каналдан өткөн мигранттарды кайтарып алууга чакырды
Премьер-министр Борис Жонсон Ла-Манш булуңу аркылуу Британияга өтүп жаткан адамдарды Францияны “кайтарып алууга” макул болууга чакырды.
Шаршемби күнкү кырсыкта 27 киши каза болгон окуянын кайталанбашына жол бербөө үчүн Жонсон Франциянын президенти Эммануел Макронго кат жазып, “андан ары ылдамыраак алдыга жылуу” үчүн беш кадамды белгиледи.
Британ өкмөтүнүн расмийлери Франциянын Келе жергесинде өтүүчү сүйлөшүүлөргө катышмакчы.
Ички иштер министри Прити Пател келечектеги кызматташуулар туурасында сүйлөшүү үчүн ушул аптанын аягында француз кесиптеши менен жолугат.
Пател менен Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманин жекшембиде Каледе сүйлөшүү өткөрөт.
Шаршемби күнкү кырсык Ла-Манш каналында катталган эң ири жоготуу болуп калды. Каза болгон 27 адамдын 17си эркек, жетиси аял киши - бири кош бойлуу - жана үч жаш бала эле.
Макронго жазган катында премьер-министр беш кадамдын жасалышын кааларын белгиледи:
- Франциянын жээктеринен чыккан кайыктардын санын биргелешип көзөмөлдөө
- Сенсор жана радар сыяктуу алдыңкы технологияны колдонуу
- Эки тараптын суу жана аба көзөмөл аймактарында эки жактан тең кайгуул киргизүү
- Мамлекеттердин чалгын кызматтарынын биргелешкен ишин тереңдетүү
- Кайтаруу боюнча Франция менен эки тараптуу макулдашуу жана Британия-Евробиримдик ортосунда кайтаруу макулдашуусун түптөө багытында ыкчам иш алып баруу
“Ла-Манш булуңунан кооптуу маршрут аркылуу өткөн мигранттарды кайтарып алуу боюнча Франция менен макулдашуу ыкчам жана олуттуу таасир берет”, - деди Жонсон. (EA)