Сириялыктар банан тамашасы үчүн Түркиядан депортацияланабы?

Камерага күлүп, тамашалашкан сириялыктар социалдык тармактарда трендге айланып, Түркияда талкууга алынып жатат.

TikTok платформасындагы ойноктогон видеолордо алар банан жегенин тартып, досторуна дагы банан жеген видеолорун тартып чыгаруу эстафетасын узатууда.

Видеолорду көргөндө зыянсыздай эле туюлат. Андай видеолор бүгүнкү күндө TikTokто кадыресе эле кездешет. Бирок тренддер пайда болуп, кайра жоголо берген менен, ал видеолор айрым сириялыктар үчүн көпкө созулган кесепетин кошо ала келиши ыктымал.

Соңку убактарда түрк бийлиги сириялыктарды бананды “кыжыр кайнатып” жегени үчүн “кастыкты козутуу” боюнча айыптап чыкты. Бир нече сириялык камалып, депортацияланды.

Түркиядагы чоң сириялык жамаатка карата жек көрүү күчөп жаткан шартта банандар бөлүнүүнүн символуна айланып калды.

Банан челленж видеолордун артында ошондо эмне турат?

“Банан сатып алганы чамам жок”

Түркиядагы оор экономикалык абалга байланыштуу сириялыктар менен түрктөрдүн ортосунда кызуу талкуу жүрүп, ал видеолор вирустук өңүткө өтүп, банан челленжинин жаралуусуна түрткү болгон. Түркиянын экономикасы инфляциянын күчөшүнөн жабыркап, жашоо стандарттарына да таасир эткен.

Видеодо карама-каршы көз караштар айтылып, түркчө жакшы сүйлөгөн жаш сириялык аял качкындардын жумуш этикасын коргогон. Ага жооп кылып көңүлү калган түрктөр сириялыктар менен афгандар жумуштун баарын тартып алганын айтышкан.

Мындай көз караштар Түркияда кеңири жайылган. Бул дүйнө жүзү боюнча эң көп качкын кабыл алган өлкө, анын ичинде 3,6 млн сириялыкты кабыл алган. Мигранттарга каршы мамиле күчөп, улутчул түрк саясатчылары чектөөлөрдү күчөтүүгө чакырышкан.

Бирок аталган видеонун вирустук видеого айланышына бир түрк эркек кишинин төмөнкү сөзү себеп болгон: “Базарда сириялыктар бананды килограммдап алып жатканын көрдүм, мен болсо банан сатып алганы чамам жок”.

Бул ой-пикир Түркиядагы сириялыктардын коомчулугунда талкууга жем таштап, тез эле TikTokто вирустук видеого айланып кеткен. Ошол түрктү тамашалашып, сириялыктар банан жеп жатканын видеого тартып, банан фильтрлерди колдонуп, банан мемдерди бөлүшүшкөн.

Банан менен тамашалоо болгону онлайн көңүл ачуу болсо дагы ал баарына эле жага берген эмес.

Айрыкча түрк байрагынын ордуна банан коюлган сүрөт кыжырданууну жараткан. Жаңы түптөлгөн улутчул Жеңиш партиясы “түрк элине жана алардын байрагына акарат келтиргени үчүн” сириялык TikTok колдонуучуларга каршы арыз жазган.

Социалдык медиада айрымдар болсо бул видеолор “түрктөр туш болуп жаткан оор экономикалык абалды шылдыңдап жатат” дешкен.

Экономикалык кризис маалында банан менен тартылган виделор түрк бийлигинин дагы кыжырын келтиргендей.

Өткөн бейшемби күнү жергиликтүү медиа маалымдагандай, түрк полициясы банан видеолорду чыгарган 11 сириялыкты “чагым жана кастыкты козутуу” үчүн айыптап, камакка алган.

Түркиянын миграция кызматынан айтышкандай, мекеме “тиешелүү кагаз иштери бүткөнөн кийин аларды депортациялайт”.

Кийин жекшемби күнү түрк бийлиги Мажид Шамаа аттуу сириялык журналистти кармаган. Ал Стамбулда банан челленж жөнүндө телеберүү чыгарган эле.

“Биз түрктөрдү шылдыңдаган жокпуз”

Айрым түрк саясатчылар камакка алууну колдоп жаткандай. Улутчул “Жакшы партиясынын” өкүлү Илай Аксой Twitter платформасында “ошол банан жегендер биздин үстүбүздөн күлүп, байрагыбызга акарат келтирип жатат” деп жазды.

Бирок азчылыкты колдогон Элдик демократиялык партиясы камоолорду “расисттик” болууда деп атады.

Социалдык тармакта Түркиядагы сириялыктардын диаспорасы банан видеолордун максатын аныктоого аракет кылган. “Биз түрктөрдү шылдыңдап жаткан жокпуз. Биз расизмди шылдыңдап жатабыз. Экономиканын начарлашы баарыбызга таасир этет”, - деп жазган бирөө.

Стамбулда жашаган Дима Шуллар аттуу сириялык журналист Би-Би-Сиге ал видеолор зыянсыз жана “болгону тамаша” экенин айтты.

Бирок анын айтымында, айрымдары “зыяндуу жана кордоочу” деп табылышы ыктымал. Түркияда мамлекетке, байракка жана президентке каршы акарат келтирүүгө катуу тыюу салган мыйзамдар бар.

Шуллардын айтымында, банан видеолорду тартып чыгаргандар аталган мыйзамдар менен жоопко тартылышы ыктымал.

Ал көпчүлүк сириялыктар өз өлкөсүнө депортацияланып кетүүдөн коркуп турганын айтат. Сирияда он жылдай убакыттан бери жарандык согуш жүрүүдө.

“Кылмыш аябай жалпы аныкталып жатат”, - дейт Шуллар. Бир сириялык “бөтөнчө чечмлеп туруп, Facebook посту үчүн эле” депортацияланып кетиши мүмкүн экенин айтат ал.

Ал депортацияны түрк өкмөтүнүн “коркутуу аракети” деп атады.

Анын айтымында, банан видеолор Түркиядагы качкындардын кризисинен жана экономикалык каатчылыктан коомчулуктун көңүлүн алыстаткан. Анын ордуна баары “TikTok видеолорго көңүл буруп калышкан”. (EA)