You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Россия шайлоосу: электрондук добуш берүү эмнеге шек жаратты?
Россияда Мамлекеттик Думага болгон шайлоодо биринчи жолу электрондук добуш берүү болду. Жети региондун ичинен бир гана Москванын протоколу бир күн кечигип чыкты, БШК аны техникалык себептер менен кармалды деп билдирди. Бирок анын создугушу бурмалоо болдубу деген шектенүү жаратты. Коммунисттер Москвадагы электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл албай жатат.
Электрондук добуш берүү Москвадагы шайлоонун жыйынтыгын таптакыр өзгөртүп жиберди. Шайлоо участокторундагы добуштарды санаганда жеңип жаткан оппозиция онлайнга келгенде бийлик партиясына жеңилип калды.
Бирок дистанттык добуш берүүнүн жыйынтыгы Москвада дароо эмес, бир күндөн кийин жарыяланганы бурмалоо болду деген сын-дооматтарга себеп болууда.
Онлайн добуш берүүгө баардыгы 2,5 млн адам катышты. Баш калаа менен региондордо эки башка система колдонулду. Москвада маалымат технологиялары департаменти иштеп чыккан система, ал эми региондордо Ростелеком менен Санарип министрлигиники иштеди.
Аларды бийлик адамдары “блокчейн” деп аташууда, башкача айтканда электрондук добуш берүү биткоин же эфирдей криптовалюта сыяктуу түзүм. Блокчейн сырттан кийлигишүүгө мүмкүндүк бербейт дешет. Ошого карабай, электрондук добуш берүүнүн натыйжаларына бир топ суроо болуп жатат.
Кептин баары электрондук добуш берүүдө ачкыч бир кожоюндун – мамлекеттин колунда болуп жатканында.
“Мастер-ачкыч менен маалыматтарды каалагандай манипуляция кылса болот. Блокчейнде жазганга караганда окуган миң эсе ылдам. Анын себеби, блокчейн өзүнүн маалыматтарынын көчүрмөсүн сактап турат, аны окуш үчүн бир эле түйүн жетиштүү. Ал эми жаңы маалыматты блокчейнге жазыш үчүн аны бардык түйундөргө жазып, бүтүндөй тармак боюнча таратып чыгыш керек”,-деди жашыруун түрдө россиялык IT-компаниядан блокчейн боюнча ири адис.
Маалыматтарды кайра жазып атканда анын жыйынтыгын чыгарыш үчүн бир топ убакыт кетет. Мисалы, эки миллион жазууну саналуу мүнөттө окуп чыгат, ал эми аны кайра өзгөртүп жазуу бир нече саатты талап кылат.
Электрондук добуш таза өткөнүн билиш үчүн аны камерадан көзөмөлгө алыш керек. Бирок камера өчүрүлгөн учур болгону айтылууда.
Россияда жекшембиде Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча бийликтин “Бирдиктүү Россия” партиясы добуштардын дээрлик 50% алып, алдыга чыкты. Ошондой эле босого чектен мурдакы чакырылышта болуп келген төрт партия менен катар дагы бир “Жаңы адамдар” деген партия өттү.
Бир мандаттуу округдардан “Бирдиктүү Орусия” абдан чоң айырма менен жеңишке жетти. Башкача айтканда, 225 мандаттын 187 алды. Анын артынан коммунисттер, эсерлер, либерал-демократтар бар.
Кремль өткөн шайлоону ачык, таза жана атаандаш болду деп баалап жатат.
“Биз көрүп жаткандай, шайлоочулардын башкы тандоосу – башкаруучу партия “Бирдиктүү Орусия” болуп жатат. Бул өткөн шайлоонун атаандаштык шартында болгонун дагы бир жолу көрсөтүп турат”,-деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Ошондой эле бул шайлоо биринчи жолу үч күндүк добуш берүү тартибинде өттү. Бул форматты өткөн жылы конституциялык референдумда биринчи жолу байкап көрүшкөн. Анда шайлоо участоктору бир жума бою ачык болгон, өлкөдө коронавирустун биринчи толкуну жиреп турган убак эле.
Добуш берүүнүн биринчи күнү, жума күнү көп региондордо социалдык аралыкты сактабаган узун-узун кезек күткөндөр пайда болду.
Би-Би-Синин орус кызматы өз кезегинде жума күнү бюджеттик кызматкерлерди шайлоого барууга мажбурлаган ондон ашык учурду тапканын билдирүүдө.
Ошол эле убакта оппозиция менен көз каранды эмес байкоочулар добуш берүү убагында болгон көптөгөн мыйзам бузуулар жөнүндө айтып жатышат.
“Үч күндүк добуш берүү көп байкатпай мобилизация жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Бирок ар кандай жосундар, аткаруучулар болбой койбойт. Жер-жерлерде аша чапкан учурлар бар”,- деди политолог Константин Колачев.
БШК өз кезегинде баары таза жана ачык-айкын өттү деп жатат. (КС)