You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Россиядагы мигранттар: күчөгөн мушташтар жана рейд
Калыйнур Калмурза уулу, Россиядагы Би-Би-Синин фрилансери
Россияда мигранттардын арасында маал-маалы менен кайталанган мушташтар күчөп жатат. Буга орус бийлигинин мамилеси кандай болуп жатканын Москвадагы журналист Калыйнур Калмурза уулу Би-Би-Сиге айтып берди:
К.Калмурза уулу: Акыркы учурда маал-маалы менен мигранттардын катышуусунда массалык мушташтар болуп жатат. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазууда. “Известия” басылмасы август айында мигранттар арасында 4 калайман мушташ болгонун жарыялаган.
18-августа Москванын түштүк-батыш аймагында жыйырмага жакын мигранттардын катышуусунда мушташ болгон. Августун башында Мытищиде мушташ болгон, 27-августа Бауман көчөсүндө мушташ болуп, анда ондогон мигранттар полициянын бөлүмүнө жеткирилген.
29-августа Некрасовка районунда да мушташ болгонун ушул эле “Известия” басылмасы жазып чыккан. Бул маал-маалы менен кайталанып жаткан мушташка Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Твиттер баракчасында пикирин билдирген. Анда “Биз мындай коноктор менен кубанычта эмеспиз, мындай болбош керек” - деп жазды.
Би-Би-Си: Россияда калайман мушташка катышкан мигранттарга салынчу айып пул жогорулайт делди. Канчага?
К.Калмурза уулу: Учурда Россиянын мамдумасында мигранттарга карата айып пулду көтөрүү боюнча мыйзам каралып жатат. Мурда калайман мушташка аралашкан мигранттарга 500дөн 1000 рублга чейин айып пул салынса, "мындан ары 5 миң рублдан кем болбош керек" деген мыйзам сунушталууда делет жергиликтүү басылмаларда.
Акыркы бир айдын ичинде полиция тарабынан мигранттарга 800 кылмыш иши козголгон. Алардын арасында 200 адам кара тизмеге кирип депортация болгон. Быйылкы жылды алганда 17500 адамга Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Албетте, бул нерсе мигранттарды кубандырбайт. Себеби, миллиондогон мигранттар иштеп жүрөт. Ошончо адамдын арасынан саналуу адамдардын бул жоругу башка мигранттардын жашоосуна зыянын тийгизип жатат. Мушташ эмне себептен болуп жатат деген суроо жалалат. Бирок мунун себебин эч ким түшүндүрүп бере албайт. Акыркы айда 200гө жакын адам депортация болгон, бирок алардын канчасы кыргыз экени эч жерде айтыла элек.
Би-Би-Си: Миграцияда жүргөн жалпы кыргыздардын мындай мушташтарга мамилеси кандай?
К.Калмурза уулу: Жалпы кыргыздардын мындай мушташтарга көз карашы терс. Себеби, алар бул жакка үй-бүлөсүн багам деп, өзүнүн ар кандай максаттары менен келишкен. Алар туура жолдо, мыйзамдын чегинде өзүнүн иши менен жүргөндөр. Бирок, ушундай калайман мушташтар болор замат Москванын бийлиги текшерүүлөрдү күчөтүп, мигранттарга болгон мамилеси да өзгөрүп жатат. Калайман мушташтарды себеп кылып орус тартип сакчылары мигранттарга болгон мамилесин катаалдантып жатканын айтышат.
Москвага мигрант болуп келгендердин көпчүлүгү жаштар. Жаштар менен иштешип жактан уюмдар жок эмес. Диаспоралар, ар бир облус, райондун өзүнүн уюмдары бар. Бирок, ошолор канчалык деңгээлде жаштар менен иштеп жатат, муну так айтыш кыйын. Мындай уюмдар бир гана жогорку катмардагы адамдар менен иштешип, мисалы бизнес чөйрөсүндө же жогорку бийлик адамдары менен, ал эми жөнөкөй карапайым мигранттар менен иштешкен учурлары абдан эле сейрек кездешет. Студенттер менен иштеген уюмдар бар. Бирок, муну менен чектелбеш керек. Студенттер кылмыштуулукка көп барбайт. Студенттерден тышкары башка курлуш тармагында, такси, жеткирүү сыяктуу, жаштар көп иштеп жүргөн тармактарда түшүндүрүү иштерин алып барыш керектигин белгилешет.