Афганистан: Талибандын башкаруусунда бир айдан кийинки жашоо

Секундер Кермани, Би-Би-Си, Мазари-Шариф

Ооган-өзбек чек арасында жүк поезди көпүрөдөн жаңыдан түзүлгөн Ислам Эмиратына кирип баратат. Ак-кара түстөгү талиптердин желеги өзбек желегинин жанында желбиреп турат. Кээ бир соодагерлер топтун бийликке келишин кубатташууда. Буудай жүктөлгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу, мурда ал блокпосттордон өткөндө паракор милиция кызматкерлерине дайыма пара берип тургандыгын айтып жатты. “Азыр андай эмес. Мен Кабулга чейин бир тыйын төлөбөстөн жете алам”, - дейт ал.

Талибдер Афганистандын бийлигин басып алгандан бери туура бир ай өттү. Азыр накталай акча тартыш болуп, өлкө экономикалык кризиске кептелди.

Бизнес чөйрөсүндөгү булактардын бири бизге ооган импортерлору жаңы товарлар үчүн төлөй албагандыктан, сооданын деңгээли кыйла төмөндөгөнүн айтты. Хайратан портундагы Талибандын бажы башчысы Маулви Саид бизге билдиргендей, талибдер сооданы жандандыруу үчүн бажы ставкаларын төмөндөтүп жатат жана бай соодагерлерди өлкөгө кайтып келүүгө үндөйт. “Бул адамдар үчүн жумуш орундарын түзөт жана бизнесмендер акыретте сыйлык алышат”, - дейт ал.

Өлкөнүн төртүнчү чоң шаары болгон Мазари-Шарифке бир сааттай жол жүрүү керек. Бир караганда, жашоо адаттагыдай уланып жаткандай сезилет, бирок көбү каржылык жактан кыйналып жатышат.

Шаардын маданий борбору болгон, бышкан жука кирпичтен курулган Көк Мечитти көздөй бет алдым. Акыркы жолу мен бул жерде август айында, талибдер бийликти басып алардан бир аз мурун болгом. Ал учурда мечиттин аймагы селфи үчүн сүрөткө түшкөн улан-кыздарга толо эле.

Азыр болсо талибдер мечитке баруу үчүн жынысына жараша өзүнчө убакыт бөлүп коюшту: аялдар эртең менен, эркектер калган убакта. Биз келгенде көптөгөн аялдар ары-бери басып жүрүшкөн, бирок мурункуга караганда азыраак экени байкалат. “Мындай болуусу мыйзам ченемдүү болсо керек, балким, жаңы өкмөткө көнүү үчүн адамдарга көбүрөөк убакыт керек болот”, - дейт аялдардын бири тартынып.

Мен жергиликтүү талибдердин таасирдүү лидери Хажи Хекмат менен жолугуштум. “Сиз коопсуздукту камсыз кылгандырсыз, бирок сиздин сындагандар бул жерде маданиятты өлтүрүп жатасыз деп айтып жатышат” дедим ага.

“Жок”, - деп кескин жооп берди ал. “Батыштын таасири акыркы 20 жылдан бери ушул жерде орун алып келген… Ооганстанды көзөмөлдөө 40 жылдан бери колдон-колго өттү, өзүбүздүн салтыбызды жана баалуулуктарыбызды жоготтук. А биз болсо, тескерисинче, маданиятыбызды кайра жандандырып жатабыз”.

Анын ислам түшүнүгү боюнча, аял менен эркектин аралашуусуна тыюу салынган.

Хажи Хекмат талибдердин элдин колдоосуна ээ экенине чындап ишенет окшойт. Бирок, келгендердин бири аларга угузбай, кесиптешибизге: “Булар жаман адамдар”, - деп шыбырады.

Талибдердин исламды чечмелөөсү элетте, консервативдүү айылдарда жашагандардын баалуулуктарына анча карама-каршы келбесе да, Ооганстандын ири шаарларынын көбү бул топко терең шектенүү менен карашат. Хажи Хекмат муну көп жылдык “пропаганда” менен байланыштырат, бирок шаарларда жанкечтилердин жардыруулары менен бутага алынган өлтүрүүлөрдүн тарыхы да себеп экени шексиз.

Көк мечиттен чыккандан кийин, биз чоң жолдо көп сандагы адамдардан турган бир топту байкап, аларды аралап жөнөдүк. Так ортодо октон жараат алган төрт өлүк жатат. Алардын биринде кичинекей жазуу бар экен. Aнда бул өлгөндөр адам уурдоочулар экени жазылып, башка кылмышкерлерге да ушундай жаза берилери эскертилген.

Күндүн аптаптуу ысыгынан денелер жыттанып кеткенине карабастан, эл сүрөткө тартып, өлүктөрдү жанынан көрүү үчүн бири-бирин түртүп жакындап жатышты. Зордук-зомбулук кылмыштары Ооганстандын ири шаарларында көптөн бери башкы көйгөй болуп келген. Атүгүл талибдерди сындагандар шаар коопсуздугу алар келгени жакшырганын айтышат. Көрүүчүлөрдүн бири бизге мындай дейт: “Эгерде булар ууру болсо, анда мындай жазалоо туура. Бул башкаларга сабак болот”.

Бирок шаардын башка көптөгөн тургундары өзүн коопсуз сезишпейт. Юридикалык факультеттин студенти Фарзана бизге: “Мен үйүмдөн чыкканда, талибдерди көргөн сайын коркуп кетчү болдум” дейт.

Анын университетине окшогон жеке университеттер ачык, бирок мамлекеттик жогорку билим берүү жайлары дагы эле жабык. Талибандын жаңы эрежелерине ылайык, бир группада окуган студент кыздар менен балдар ортосу парда менен бөлүнгөн аудиторияда окуулары керек.

Бирок, Фарзана үчүн бул башкы көйгөй эмес. Ал талибдер аялдардын иштөөсүнө тыюу салышы мүмкүн деп кооптонууда, бирок бул маалыматты талибдер четке кагууда. Азырынча Афганистандагы аялдарга мугалим же дарыгер болбосо, өз коопсуздугу үчүн үйдө калуу керектиги айтылган.

“Мен азыр үмүтүмдү үзүп жатам, - дейт Фарзана, - бирок мен келечекке оптимисттик көз карашта болуу үчүн болгон күчүмдү жумшап жатам”.

Акыркы жолу талибдер бийликке келгенде, бир ай ичинде мындан көп чектөөчү чараларды колдонушкан, мисалы, аялдардын эркектин коштоосусуз үйдөн чыгуусуна тыюу салышкан. Бүгүн Ооганстандын шаарлары ушундай мыйзамдар кайра киргизилишинен коркушат.

Талибан өлкөнү катуу көзөмөлдөп турса да, алар көпчүлүктүн жүрөгүн багынта элек. “Өлкөнү аскердик жол менен басып алуу кыйын болду, ал эми мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана өлкөнү коргоо андан да кыйын болот”, - деп Хажи Хекмат мойнуна алат.

Малик Мудасир менен Шамс Ахмадзайдын кошумча репортажы