You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Афганистан: Барадар Талибандын араздашканын четке какты
Афганистандын убактылуу өкмөтүндө премьер-министрдин орун басарлыгына келген Молдо Абдул Гани Барадар жаңы видео чыгарды. Анда ал талибдердин атаандашкан экинчи тарабы менен тиреште жаракат алганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү.
Талибандын түптөөчүлөрүнүн бири Молдо Абдул Гани Барадар бир нече күндөн бери көрүнбөй кеткен эле.
Талибандын лидерлиринин ортосунда, тагыраагы Барадар менен ага каршылаш жана кубаттуу Хаккани тобуна жакын топтун ортосунда чыр чыкканы боюнча маалыматтар тараган.
Бирок өзүнүн жаңы интервьюсунда Барадар ички бөлүнүү жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөдү.
“Жок, ал чын эмес. Мен жакшымын жана сак-саламатмын”, - деди Барадар жаракат алып-албаганы боюнча суроого жооп берип жатып.
“Мен Кабулда эмес болчумун жана фейк маалыматтарды жокко чыгаруу үчүн интернетим да болгон жок”, - деп кошумчалады ал.
Талибандын Дохадагы саясий штабынын Twitter барагына кыскача видео чыкты. Анда Барадар мамлекеттик телеканалда иштеген журналисттин жанында диванда отурганын жана кагаздан окуп жаткандай болгонун көрүүгө болот.
“Кудайга шүгүр бири-бирибиз менен мамилебиз жакшы. Бири-бирибизди сыйлайбыз. Биздин мамилебиз үй-бүлөдөн дагы жакшыраак”, - дейт ал.
Барадар АКШнын президенти менен түздөн-түз сүйлөшкөн Талибандын алгачкы лидери. Ал 2020-жылы Доналд Трамп менен телефон аркылуу байланышкан. Ага чейин ал Талибандын атынан АКШнын күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча Доха макулдашуусуна кол койгон.
Талибандын расмийлери Барадардын тарапташтары менен Халил ал-Рахман Хакканиге жакын топ жаакташа кеткенин Би-Би-Сиге айткандан кийин бул видео чыгып жатат. Халил ал-Рахман Хаккани - качкындар боюнча министр жана согушчан Хаккани тобунун көрүнүктүү лидери.
Булактардын айтымында, премьер-министрдин орун басары Барадар убактылуу өкмөттүн курамына ичи жылыбай калгандыктан чыр чыккан.
Афганистандагы жеңиш талибдердин кимисине жазылышы керек экени боюнча да бир пикирге келе албай араздашып кеткени айтылууда.
Барадар өзү сыяктуу адамдар жүргүзгөн дипломатияга басым жасалышы керек десе, Хаккани тобунун мүчөлөрү менен аларды колдоочулар жеңишке согушуу аркылуу жеткенин айтышкан.
Кубаттуу Хаккани тобу соңку жылдарда Афганистандагы ооган күчтөрүнө жана алардын Батыштан келген шериктерине уюштурулган аёосуз кол салуулар менен байланыштырылат. Аталган топту АКШ террористтик уюм деп тааныган.
Анын лидери Сиражуддин Хаккани болсо жаңы өкмөттө ички иштер министрлигине келди.
Өткөн аптада Барадар көрүнбөй кеткенде ич ара бүлүнүү боюнча ушак-айыңдар тарап кеткен болчу. Анткени, Барадар Талибандын эң көрүнүктүү жүздөрүнүн бири. Социалдык медиада анын каза болгону жөнүндө жоромолдор айтылган.
Талибан кыймылынан булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, кер-мур айтыша кеткенден кийин Барадар Кабулдан чыгып, Кандагар жергесине жол тарткан.
Интервью чыкканга чейин Талибандын маданий комиссиясынын расмий өкүлү Twitter барагында билдиргендей, “душмандардын пропагандасын” төгүндөө үчүн бул маек мамлекеттик РТА каналында көрсөтүлөт.
Талибан август айынын ортосунда Афганистандын бийлигин басып алып, өлкөнү “Ислам Эмираты” деп жарыялаган. Алардын убактылуу министрлер кабинети толугу менен эркек кишилерден жана Талибандын башкы жетекчилеринен куралган. Алардын айрымдары соңку 20 жылда АКШнын күчтөрүнө каршы кол салуу уюштурганы менен белгилүү. (EA)