You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Лионель Месси 7-жолу "Алтын топту" алды
Аргентиналык футболчу Лионель Месси футбол дүйнөсүндөгү эң баалуу "Алтын топ" сыйлыгын жетинчи жолу алды. Бул сыйлык жыл сайын France Football тарабынан дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилет.
Көпчүлүк күйөрмандар менен эксперттер быйыл “Алтын топту” бир нече сезон катары менен укмуштуудай оюн көрсөтүп келе жаткан “Бавариянын” жана Польша курамасынын чабуулчусу Роберт Левандовски алат деп күтүшкөн. Ал быйыл Бавария үчүн 53 гол киргизген.
Бирок, Левандовски футбол адистеринин добуш берүүсүндө экинчи орунду ээледи. Бирок ал тарыхта биринчилерден болуп жаңы сыйлыкты – «Жылдын эң мыкты бомбардири» сыйлыгын алды.
Үчүнчү орунга түбү бразилиялык италиянын оюнчусу Жоржиньо («Челси»), төртүнчүгө — франциялык Карим Бензема («Реал»), бешинчиге — дагы бир франциялык футболчу Нголо Канте («Челси») татыды.
Лев Яшин атындагы мыкты дарбазачы үчүн сыйлык Италия курама командасынын жана ПСЖнын дарбазачысы Жанлуиджи Доннаруммеге ыйгарылды.
Месси менен бүтүндөй бир футбол доорундагы дүйнөнүн эң мыкты футболчусу наамын тең бөлүшүп келген Криштиану Роналду бул жолу алтынчы орунду ээледи.
34 жаштагы Лионель Месси быйыл карьерасын түптөгөн "Барселонадан" француздардын "Пари Сен-Жермен" клубуна (ПСЖ) өткөн.
Акыркы жыл Барселонанын иштери начар жүрүп жаткан, бирок Месси үчүн дагы бир жакшы жыл болду.
Ал бир клубга эң көп гол киргизүү боюнча Пеленин рекордун жаңылады, Европанын эң күчтүү беш лигасынын биринде 13 сезон катары менен 20дан кем эмес гол киргизген тарыхта биринчи оюнчу болуп калды жана ошол эле учурда 12 сезон катары менен 30 гол киргизип, Герд Мюллердин рекордун жаңылады.
Кошумчалай кетсек, жайында Месси акыры улуттук курама команда менен чоң наамга ээ болгон –Америка Кубогунун финалында Аргентина Бразилияны жеңген.
Бул жеңиш тууралуу дүйшөмбү күнү Парижде өткөн салтанатта Месси өзү билдирди.
"Бул жерде кайрадан болуу - укмуштуудай сезим. Эки жыл мурун бул акыркы жолу деп ойлогом. Бирок Америка Кубогун утуп алуу маанилүү болчу" деди Месси. "Америка кубогунун аркасы менен бул жыл мен үчүн өзгөчө болду. «Мараканда» жеңишке жетүү өтө маанилүу жана мен бул жеңишти аргентиналыктар менен майрамдаганыма абдан бактылуумун.
"Билбейм, балким бул менин жашоомдогу эң жакшы жыл, менин артымда узак карьерам бар, бирок бул өзгөчө жыл болду: биз Аргентина курама командасы, титулду оор күндөрдү баштан өткөрүп, көптөгөн сындардан кийин жеңип алдык."
Тарых жана статистика
Биринчи жолу "Алтын топ" 1956-жылы ыйгарылган. Анда англиялык Стэнли Мэттьюс сыйлыктын ээси болгон.
Азыр дүйнөнүн эң мыкты футболчусун 180 спорттук байкоочу, рейтингдик талапкерлер сырттан тандайт.
2020-жылы сыйлык коронавирустун пандемиясынан улам биринчи жолу берилген жок. Бир жыл мурун аны Месси, 2018-жылы хорватиялык Лука Модрич алган. Модричке чейин Месси менен Роналду көп жылдар бою бул сыйлыкты кезектешип алып келишкен.
Быйыл алдыңкы ондукка англиялык клубдун беш оюнчусу кирди, бирок анда бир дагы англиялык жок (англисдердин мыктысы Рахим Стерлинг 15-орунда).
Кошумчалай кетсек, алдыңкы ондукта үч ПСЖ оюнчусу жана үч француз бар, бирок бул топтомдор Килиан Мбаппада гана кесилишет. (MD)