ЕАЭБге шайкеш келтирүү: Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы жаралабы?

Дары-дармек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 2026-жылдан тартып миңдеген дары-дармек өлкөдө сатылбай калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул дары-дармектин жетишсиздигине жана баанын өсүшүнө алып келиши ыктымал. Мунун негизги себеби эмнеде? Мамлекет көйгөйдүн алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүүдө?

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөдөгү дары-дармектерди каттоонун улуттук системасы Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптарына шайкеш келтирилиши керек.

Евразия экономикалык комиссиянын чечиминин негизинде 2026-жылдын 1-январынан тартып улуттук процедурада катталган бардык дары-дармек каражаттары юридикалык күчүн жоготот.

Бул жарактуу каттоо күбөлүгү жок дары-дармектерди Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн рыногунда жүгүртүүгө тыюу салынат дегенди билдирет.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын рыногундагы 6 миңге жакын дары-дармек кайра каттоодон өтө элек.

Эгерде бул процесс өз убагында аткарылбаса, аталган препараттар расмий түрдө сатыктан алынат.

Учурдагы жаңы талап боюнча, болгону 200гө жакын дары-дармек каттоодон өткөн, бул өлкөдөгү жалпы фармацевтикалык рыноктун 5 пайыздан азыраагын түзөт.

Соода-өнөр жай палатасынын Фармацевтика өнөр жайы боюнча комитетинин төрайымы Айзада Кадыралиева Кыргызстан 2025-жылдын аягына чейин бардык маанилүү дары-дармектерди кайра каттоодон өткөрүүгө жетишпей калышы мүмкүн деди.

"Эң аз көрсөрткүч бизде"

Дары-дармек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Токтасинованын айтымында, дары-дармектерди Евразия экономикалык биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү милдеттемеси Кыргызстанга 2016-жылдан бери эле коюлуп келет.

Маселе узак жылдан бери көтөрүлүп келе жатканына карабастан, алигиче чечилбей жатканы алар үчүн дагы түшүнүксүз болуп турганын айтат.

"Бул кечээ же бүгүн чыга калган маселе эмес. Тогуз жылдан бери биздин башчылар чечип коюшу керек эле. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин чечпей отурасыңар деген суроону мен дагы бергим келет. Кыска мөөнөт калды. Ушунча дарыны иретке келтирүү мүмкүн эмес. Бул чынында тартыштык жаратышы мүмкүн. Статистиканы алсак, шайкеш келтирүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз көрсөрткүч бизде экен",- деди Токтасинова.

Ал дары-дармектерди каттоону ЕАЭБдин стандартына шайкеш келтирүү абдан туура чечим дейт. Себеби мындай ыкма өлкөнү сапаттуу дары каражаттары менен камсыздоого шарт түзөт:

"Буга чейин улуттук процедура менен сапаты жакшы эмес, далилдүү медицинасы жок каражаттар кирген учурлар болду. Бул ыкма ошолорду иргеп алууга жардам берет. Калктын сапаттуу дары менен камсыз болуусу үчүн жакшы нерсе. Бирок кечигүү менен барып жатабыз. Бул өтө оор процедура. Оңой эле чечиле калбайт".

Токтасинова көйгөйдү чечүүнүн жолу катары коңшу өлкөлөрдүн моделин колдонууну сунуштайт.

"Алыс кетпей эле Беларус мамлекетин алалы. Алар ушул көйгөйлөрдүн алдын алып, стратегиялык маанилүү деп эсептелген дары каражаттары үчүн мамлекеттик деңгээлде токтом чыгарышкан. Алардын жөнгө салуучу органдары өтө күчтүү. Өлкөсүнө сапатсыз дарыларды киргизбейт. Андан тышкары ички өндүрүүчүлөрү дагы абдан жогорку сапаттагы дарыларды чыгарат",- деди ал.

2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанда дары-дармектер улуттук процедуранын негизинде катталып келген.

Бул каттоо системасынын мөөнөтү аяктаган соң дары-дармек менен камсыздаган компаниялар Евразия экономикалык комиссиясынын эрежелерине ылайык иштеши керек болчу.

"ЕАЭБ бүгүн бар, эртең жок деген тобокелди дагы эске алуу керек. Биз ошол биримдиктин эле айтканын угуп келе берсек кандай болот? Ошон үчүн улуттук процедураны дагы сактап калыш керек болчу", - деди Наргиза Токтасинова.

"Дары-дармек тартыштыгы болбойт"

Дары-дармек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жакынкы беш жылда Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы болбой турганын айтты.

Маселени жөнгө салуу үчүн Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эксперттик жыйындарында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын маалымдады.

"Чындыгында мындай көйгөй жаралды. Бирок маселе коомдук талкууга чыгарылып, ЕАЭБдин эксперттик кеңешинин жыйынында талкууланып, дары-дармектерди каттоонун улуттук процедурасын 2027-жылдын аягына чейин узартуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү боюнча буга чейин арыз берип, бирок каттоо процессин бүтүрүүгө жетишпей калган компанияларга кошумча эки жыл бериле турган болуп жатат. Эми маселе ЕАЭБдин чоң жыйынында каралат. Буйруса үч жылга узартылат деп үмүттөнүп турабыз",- деди Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлү Мирбек Нышанбаев.

Дары-дармектерди каттоонун улуттук системасын Евразия экономикалык биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү ишинин кечеңдеп жатканын Мирбек Нышанбаев төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

"ЕАЭБдин талаптарынын татаалдыгы жана документтерди тапшыруу процедурасынын оордугу дары-дармектерди каттоо ишинин жай жүрүшүнө себеп болду. Мындай көйгөй Кыргызстанда гана эмес, биримдикке мүчө башка мамлекеттерде да болуп жатат. Бирок акыркы убакта документтерди тапшыруу талаптары акырындык менен жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Бул каттоону тездетүүгө шарт түзүүдө".

Ошондой эле ал департаменттен каттоодон өткөн дары-дармектер сапаты жана коопсуздугу боюнча бардык талаптарга жооп бере турганын кошумчалады.

"ЕАЭБ комиссиясына алы келбей жатат"

Айбар Султангазиев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев бул жогорку бийликтин деңгээлинде чечилчү маселе дейт. Анын айтымында, мыйзамдарды, дары каражаттарын өндүрүүчү заводдорду, фармацевтикалык компанияларды даярдоо үчүн ондогон жыл керек.

"Тез арада эле шайкеш келтире калабыз деген туура эмес. Буга кеминде 30 жылдай убакыт керек. ЕАЭБдин дары-дармектер боюнча мыйзамдары абдан оор. Алар Европа биримдигинин, АКШнын талаптарынан дагы ашып кетти. ЕАЭБ аймагында өндүрүлгөн же импорттолгон бардык дары-дармекти GMP стандарттарына шайкеш келтирүү өтө татаал процесс. Ошондуктан айрым фармацевтикалык компаниялар ЕАЭБден каттоодон өткөнгө кызыкдар эмес. Алар келбейт. Маселен, буга чейин дары-дармектерди каттоо улуттук процедура аркылуу алты ай ишке ашса, ЕАЭБ талаптарына ылайык, ал эки же эки жарым жылга созулат. Дары-дармектерди каттоонун улуттук процедурасын 2027-жылдын аягына чейин эмес, 2040-жылга чейин узартыш керек. Булар улам кыска мөөнөткө узартып жатып фармацевтикалык компаниялар дагы кайсы мыйзам менен иштейбиз деп түшүнбөй калды. Узартса он жылга узартсын же үч жылдан кийин аяктады, каттоодон өткүлө, болбосо кеткиле деши керек болчу. Министрлер кабинетинин ЕАЭБ комиссиясына алы келбей жатат",- деди Султангазиев.

Импортко болгон көз карандылык

"Эл аман" дарыканасы

Кыргызстан дары-дармек боюнча импортко көз каранды өлкө, дарылардын 96-97 пайызы сырттан келет. Өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн дары-дармектердин үлүшү 3-5 пайызды гана түзөт.

Мамлекет дары-дармектин көпчүлүгүн Орусия, Казакстан, Польша, Венгрия жана Индиядан сатып алат.

"Биз импорттон көз каранды болгондуктан, Кыргызстанда сатылган дары-дармектин баасы сырттагы өзгөрүүлөргө жараша болот. Бул дүйнөлүк инфляция, айрым мамлекеттерге салынып жаткан санкция же логистикалык чыгымдардын жогорулашы менен байланыштуу. Андыктан алардын баасы мамлекеттин көзөмөлүнөн толук көз каранды эмес",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Асел Турдалиева.

Анын айтымында, Кыргызстанда фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 4000ден ашуун лицензия берилген.

Андан тышкары 3400гө жакын дарыкана жана дарыкана пункттары бар. Дары-дармекти импорттоп, чекене сатуу түйүндөрүнө бөлүштүрүүчү компаниялардын саны 300дөн ашат.

Турдалиева өлкөдө мамлекеттик дарыкана тармагы акырындык менен өнүгүп жатат дейт:

"2023-жылдан тарта мамлекеттик "Эл аман" дарыканалар түйүнү иштей баштады. Бүгүнкү күндө 100гө жакын түйүн иш алып барууда. Алардын негизги багыты эң керектүү жана маанилүү дарыларды жеткиликтүү кылуу, жеке менчик дарыканаларга салыштырмалуу арзан сатуу. Учурда мамлекеттик дарыканалардын санын көбөйтүү аракети жүрүп жатат".

2014-жылы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ортосунда дары-дармек жана медициналык буюмдардын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Бул келишимге ылайык, 2026-жылга чейинки аралык өткөөл мезгил деп белгиленип, анын алкагында улуттук каттоо процедуралары менен катар ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келген жаңы каттоо системасын киргизүү каралган.